Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Ошто активисттер камоолорго каршы чыгышты


Ош шаарында ондон ашуун адам Бишкекте саясатчылардын жана активисттердин камакка алынышына байланыштуу 24-октябрда нааразылык акциясына чыгышты. Алар калаа мэриясынын жанында сөз, ой эркиндигин коргоону талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Камакка алынгандар "Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип жатат" деп бийликти сындап келатышкан. Президент Садыр Жапаров чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. (AAb/SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG