Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Жазуучу Салман Рушдинин көзү кол салуудан кийин көрбөй калды


Салман Рушди. Архивдик сүрөт.
Салман Рушди. Архивдик сүрөт.

Теги британиялык, учурда АКШда жашаган жазуучу Салман Рушди августтагы кол салуудан кийин бир көзүнөн сокур болуп, бир колу дээрлик кыймылдабай калды. Бул тууралуу Рушдинин адабий агенти Эндрю Уайли кабарлады. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жазуучу кайсы жерде экенин тактаган жок.

Окуя 12-августта АКШнын Нью-Йорк шаарында болгон. Рушди Chautauqua Institution билим берүү борборунда дарс окууга даярданып жатканда, белгисиз адам сахнага чуркап чыгып, ага бычак сайып, муштуму менен токмоктогон. Жазуучуну тик учак менен жергиликтүү ооруканага жеткиришкен. Рушдинин көзүнө, бетине, моюнуна, ичине жана башка жерлерине бычак тийген.

Кылмышка шектелип Нью-Жерсинин 24 жаштагы тургуну Хади Матар камакка алынган. Ал АКШга Ливандан көчүп барганы белгилүү болду.

АКШ президенти Жо Байден, британ премьери Борис Жонсон кол салууну айыпташкан. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары канча жылдан бери Рушдиге каршы зомбулукка шыкак берип келгенин белгилеп, ага кол салынгандан кийин сайрандап жазышканын сынга алган. Ирандын бийлиги жазуучуга кол салууга “таптакыр” байланышы жоктугун маалымдаган.

1989-жылы Рушдинин “Шайтандын аяттары” деген китеби жарык көргөндө Ирандын ошол кездеги руханий көсөмү аятолла Хомейни чыгарма “Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирет” деп, жазуучуну өлүм жазасына тартуу фатвасын чыгарган. Жазуучунун башына ири көлөмдөгү сыйлык сайылган. Хомейни 1989-жылы дүйнө салган. Бирок анын мураскери аятолла Али Хаменеи 2005-жылы фатва күчүндө кала берерин билдирген.

Рушдинин өмүрүнө болгон коркунучтан улам британ бийлиги 1989-жылы мартта Тегеран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, жазуучуну бир нече жыл полиция кайтарып, жашыруун жерде жашап келген. Бир нече өлкөдө китепке тыюу салынган.

Иран 1998-жылы Британия менен мамилесин калыбына келтиргенде фатваны өзгөртө албасын, себеби аны 1989-жылы дүйнө салган Хомейни гана жокко чыгара аларын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG