Асеин Исаев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматта министрдин мурдагы орун басары Нуран Ниязалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан бошотулганы жазылган. Анын кайсы кызматка кеткени айтылган эмес.
Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы жана Бангладештеги элчиси кызматынан октябрдын соңунда бошотулган.
Ал Индиядагы элчилик кызматка 2019-жылы дайындалган. 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.
Нуран Ниязалиев министрдин орун басары болуп 2019-жылдын февраль айынан тартып иштеп келаткан. (КЕ)