Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстандын жарандыгы 2370 адамга берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, 2370 адамга (алардын 1871и чоңдор, 499у балдар) жарандык берилди. Президенттин басма сөз кызматы алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, 360 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. Алардын 277си чоңдор, 83ү балдар.

Садыр Жапаров былтыр июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын ырастаган документи жок 5 миңден ашуун этникалык кыргыз бар экенин билдирген.

Быйыл январь айында Кыргызстандын жарандыгы 2253 адамга берилсе, алардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзөт. Сентябрда Кыргызстандын жарандыгы 1790 адамга берилген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG