Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Түндүк Кипрге Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүү сунушталды


Түркиянын президенти Режэп Эрдоган. Самарканд, Өзбекстан. 11-ноябрь, 2022-жыл.
Түркиянын президенти Режэп Эрдоган. Самарканд, Өзбекстан. 11-ноябрь, 2022-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эл аралык коомчулук тааный элек Түндүк Кипрге Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу түрк президенти 11-ноябрда, уюмдун Самаркандда өтүп жаткан саммитинде билдирди.

"Туугандык укугубузду колдонуп, Түндүк Кипрди уюмубузга байкоочу мүчө болушун кабыл алдык. Түрк дүйнөсүнүн айрылгыс бөлүгү болгон кипрдик туугандарыбыздын жалгыз эмес экенин көрсөтүшүбүз керек,” - деди Эрдоган.

Түндүк Кипр - Кипр аралындагы дүйнөлүк коомчулук тааныбаган өлкө. Анын эгемендигин Түркия гана тааныган.

Эрдоган ошондой эле орус-украин согушуна көңүл буруп, тогуз айдан бери уланып жаткан жаңжалды токтотуу үчүн расмий Анкара бардык аракетти көрүп жатканын билдирди.

Түрк президенти уюмга мүчө өлкөлөрдү коопсуздукка көңүл бурууга чакырып, "ФЕТО" кыймылы (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) менен күрөштө Анкара түрк мамлекеттеринин колдоосуна ишенерин билдирди.

Ал ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү жана эркин соода жүргүзүү келишимине кол коюну сунуштады.(BkA)

XS
SM
MD
LG