Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кемпир-Абад: Асанбековдун бөгөт чарасын кароодо танапис жарыяланды


Нурланбек Асанбеков сотко алып келинген учуру. Бишкек. 11-ноябрь, 2022-жыл.
Нурланбек Асанбеков сотко алып келинген учуру. Бишкек. 11-ноябрь, 2022-жыл.

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралууда. Ал абакта ачкачылык кармоону улантып жатканы үчүн, соттук отурумга дарыгердин коштоосунда келди.

Ал сотто Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын айтты. Асанбеков курулуш тармагында иштей турганын, саясатка тиешеси жок экенин билдирди. Ал сотко өзүнүн жана жакындарынын банк эсептери жабылганы үчүн насыяларын төлөй албай жатканын айтып, бошотууну өтүндү.

Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экенин, мурда сот жообуна тартылбаганын белгиледи.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова да Асанбековду ден соолугу начарлаганын айтып, соттон аны үй камагына чыгарууну өтүндү.

Судья саат 15:30га чейин тыныгуу жарыялады.

Нурлан Асанбековдун үйүнө 23-октябрда тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалган. 24-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына камалган.

Өзүнө коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз экенин билдирген Асанбеков 1-ноябрдан тартып нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаганын адвокаттары билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы ал 4-ноябрдан ачкачылык кармоону баштаганын, өзүнчө камерага которулуп, саламаттыгына дарыгерлер көзөмөл кылып жатышканын маалымдаган.

Нурлан Асанбеков саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө иштеген уста экенин, Кемпир-Абадга таптакыр тиешеси жоктугун саясатчынын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирген.(ZKo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG