Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды


Чыңгыз Айтматовдун бюсту. Анкара шаары.
Чыңгыз Айтматовдун бюсту. Анкара шаары.

8-октябрда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын жана анын бюстунун ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, шаардык Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен жана Түркиядагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, ар кайсы тармактардын өкүлдөрү жана Анкара шаарында жашаган кыргызстандыктар катышты.

Анкарадагы сейил бактын ачылышы концерттик программа менен коштолду. Анда Ташделен "Чыңгыз Айтматов - түрк маданиятын дүйнөгө тааныткан кыргыз агартуучусу" экенин белгиледи.

Сейил бактын аянты 6 691 чарчы метрди түзүп, анда 291 бак-дарак отургузулуп, сейилдөөчү, чуркоочу тилкелер жана балдар аянтчасы болот. Ал жерге орнотулган Айтматовдун бюстун түркиялык айкелчилер жасаган.

Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган "Ак кеме" жана "Кызыл жоолук жалжалым" повесттери Түркиянын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген "100 классикалык чыгарма" тизмесине кирген.

Ал эми ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды "Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өткөн. Стамбул, Анкара жана Анталия шаарларында жазуучунун айкели орнотулган. Мындан тышкары, Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактар бар.

Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей ачылган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG