Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Кыргызстан ЖККУ машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты


ЖККУ өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары.
ЖККУ өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда боло турган кезектеги аскердик машыгуусу өтпөй турган болду. Бул тууралуу бүгүн 9-октябрда “Азаттык” радиосуна Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргызстан машыгуулар өтпөй турганы жөнүндө чечим кабыл алды” деп билдирди мекеме.

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн эки мамлекет бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат.

7-октябрда Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйынында “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды” деп айтканын ТИМдин басма сөз кызматы билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG