Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Запорожьеде ракеталык аткылоодон 17 адам каза болду


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украинанын көзөмөлүндөгү Запорожье шаарына 9-октябрга караган түнү жасалган кезектеги ракеталык катуу чабуулдун айынан кеминде 17 адам каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Онго жакын жерде жарылуу болгонун, көп кабаттуу жана менчик үйлөр талкаланганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев «Телеграмдагы» каналына жазды.

6-октябда Запорожьеде ушундай эле аткылоодо 11 адамдын өмүрү кыйылган.

4-октябрда орус президенти Владимир Путин жасалма референдумдарга шилтеме кылып Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустары Орусиянын курамына кошулганы тууралуу эл аралык коомчулук тааныбаган мыйзамга кол койгон. Бирок Орусия бул төрт облустун бирин да толук көзөмөлдөбөйт. Запорожье облусунун 30%, анын ичинде Запорожье шаары азыр Украинанын көзөмөлүндө турат. (RK)

XS
SM
MD
LG