Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Актер Азиз Мурадилаев каза болду


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев узакка созулган оорудан каза болду.

Алып баруучу Ассоль Молдокматова бул кабарды актердун жубайына шилтеме берип Фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин Мурадилаев боордун циррозу деген диагноз менен Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы кабарланган.

Актердун жакындары анын боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөдө жасалчу операцияга 45 миң доллар керек экенин кабарлашып, элден жардам сурашкан.

Кайрымдуулук акциясынын алкагында калктан 3 миң доллардай топтолгон, калган 42 миң долларын президент Садыр Жапаров бөлүп бергени белгилүү болгон.

Азиз Мурадилаев гепатиттин С түрүнө чалдыгып, 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген. Анда боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок экени айтылып, Азиз Мурадилаев ошол кезде элден чогултулган акчанын калганын режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

1978-жылы туулган Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG