Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Акыйкатчынын өкүлү абактагы Орозайым Нарматовадан кабар алды


Орозайым Нарматова сотто.
Орозайым Нарматова сотто.

Омбудсмен институтунун кызматкери Бишкектеги №1 тергөө абагында төрт күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматова менен жолугушуп чыкты. Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын маалыматына караганда, Нарматова ашказанында жара бар экенин айтып, ооруп жатканына даттанган. Тергөө абагынын дарыгерлери ооруну басаңдатуучу ийне сайып, дары берип жатышат.

Орозайым Нарматова ден соолугунун начарлаганына карабай ачкачылыгын токтотпой турганын билдирген. Тергөө абагынын кызматкерлери да Нарматова ачкачылыгын улантып, суу гана ичип жатканын ырасташкан.

Орозайым Нарматова ачкачылык кармаган 3-күнүндө ден соолугу кескин начарлап, эсин жоготуп коюп жатканын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирген.

Кемпир-Абад маселеси боюнча Орусияда кармалып, Бишкекке жеткирилген мурдагы депутат Орозайым Нарматова сот чечими менен эки айга камалган. 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 16-декабрда ачкачылык жарыялаганы тууралуу 17 адам арыз бергенин кабарлаган. Алардын абалы тууралуу комментарий бере элек.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 20дан ашык кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айтты. Аларды "төңкөрүш кылып, бийликти алмаштыруу үчүн Кемпир-Абадды шылтоо кылган" деп айыптады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG