Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Абактагы Перизат Суранованын абалы оор экени айтылууда


Перизат Суранова сотто Бишкек. 9-ноябрь, 2022-жыл.
Перизат Суранова сотто Бишкек. 9-ноябрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад маселеси менен камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан активист Перизат Суранованын абалы оорлоп жатканын дагы бир активист Айсулуу Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Суранованын дене табы жана кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Перизат Суранова 13-декабрдан тартып өзүнүн күнөөсүздүгүн, бийликтин куугунтугу менен абакка алынганын белгилеп, саясий ачкачылык жарыялаган 19 адамдын бири. Эки күндөн кийин суу ичүүдөн да баш тарткан.

Суранованын колу менен жазылып, өзүнүн абалын сүрөттөгөн каты социалдык тармактарга жарыяланды.

"Абалым оор. Дайыма 90-60 калыбында болуп келген кан басымым 130-90 болуп жатат. Төрт күн ачкачылыктын эки күнү кургак ачкачылык. Оозума ачуу кермек даам менен жагымсыз жыт келип жатат. Дене табым 37 градустан түшкөн жок. Тергөө абагындагы дарыгерлердин жардамынан эсимди жоготкондо да баш тарттым",- деп жазылган анда.


Буга чейин абакта саясий ачкачылык жарыялагандардын бири - Орозайым Нарматованын ден соолугу начарлап жатканын адвокаты 16-декабрда "Азаттыкка" билдирген. 17-декабрда Акыйкатчынын өкүлү Нарматованын абалы оор экенин, тергөө абагынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө турганын маалымдады.

Кемпир-Абад маселеси боюнча 20дан ашуун адам октябрдын аягында “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалып, камакка алынган. Алардын 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык жарыялоо тууралуу 17 адам кабарлаганын билдирген, бирок алардын абалы тууралуу маалымат бере элек.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айтты. Аларды төңкөрүш кылып, бийликти алмаштыруу үчүн Кемпир-Абадды шылтоо кылган деп айыптады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG