Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Молдова алты телеканалдын лицензиясын убактылуу токтотту


Украинага тилектештигин билдирип чыккан молдовалыктар. Берлин.
Украинага тилектештигин билдирип чыккан молдовалыктар. Берлин.

Молдованын Чукул кырдаалдар комиссиясынын 16-декабрдагы чечимине ылайык, Орусиянын Украинадагы согушу боюнча "туура эмес маалыматтарды көрсөткөнү үчүн" РТР Молдова, Accent TV, НТВ Молдова, ТВ6, Primul in Moldova жана Орхе i ТВ телеканалдарынын лицензиясы убактылуу токтотулду.

Өкмөт башчы Наталья Гаврилица Фейсбуктагы баракчасына бул телеканалдар Украинадагы согушту көрсөтүү менен Молдованын Аудио-видео кызмат көрсөтүү кодексин бир нече жолу бузганын билдирди.


"Дээрлик 300 күн бою Украинадагы согушту пропагандалоо токтогон жок, тескерисинче күчөдү", - деп жазды Гаврилица, - биздин өлкөгө каршы энергетикалык гана эмес, маалыматтык да согуш жүрүп жаткан кезде, биз жарандарыбызды жана өлкөбүздү коргоого милдеттүүбүз".

TV6 телеканалы бул чечимди мыйзамсыз жана "ой-пикирди эркин билдирүүгө, журналисттердин жана редакциянын эркиндигине бут тосуу" деп атап, чечимдин аргументтерин "негизсиз жана жалган" деп сыпаттады.

Алты телеканалдын экөө Молдова сотунан качып жүргөн жана АКШ, Британиянын "кара тизмесине" кирген ишкер Илон Шорго таандык, калгандары анын жакындарыныкы.

Ал эми вице-премьер Андрей Спину Телеграм-каналына "Молдованы калптан жана пропагандадан коргоо керек", - деп жазды.

Чектөө 19-декабрда күчүнө кирип, өлкөдө жарыяланган чукул абал аяктаганча күчүндө болот.

Молдова Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан тартып, чукул абал киргизген. Бир нече жолу улам узартылган чукул абалдын мөөнөтү келерки жылы февралда бүтөт.

Британ өкмөтү 9-декабрда молдовалык ишкер Илон Шор менен дагы бир качкын ишкер жана мурдагы саясатчы Владимир Плахотнюкка каршы санкция кабыл алган. Булар октябрь айында АКШнын Финансы министрлигинин "кара тизмесине" "Молдовадагы шайлоого Кремлди колдоо үчүн кийлигишкен жана коррупцияга аралашкан" деген негиз менен киргизилгенин Reuters кабарлады.

XS
SM
MD
LG