Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Үч өлкө темир жол долбоорунун негиздемесин каржылоону макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай жана Өзбекстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгууну каржылоого катышууга макулдук берди. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20% төгөт. Ал эми экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30% берет. Үчүнчү этапта Кытай 30% төлөйт. Төртүнчү этапта ар бир өлкөгө бирдей үлүш туура келет. Азырынча негиздемени иштеп чыгууга канча каражат кетери белгисиз.

Сакиев “Кыргызтемиржолу” ишканасы менен Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Долбоорлоо-изилдөө институтунун ортосундагы келишимдин негизинде Кыргызстанга 160 адис келип, Нарын жана Жалал-Абад облустарында жер-жерлерде изилдөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун алкагында алар топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, кыртыштын үлгүсүн сынашат.

Сакиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Кыргызстандын аймагына сегиз чакты станция куруу пландалып жатканын, бирок анын так саны негиздеме иштелип бүткөндөн кийин белгилүү болорун билдирди.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты менен өтөт. Үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин 2023-жылдын 1-июлуна чейин бүтүрүшү керектиги айтылган.

Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG