Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Нарында Куланак ГЭСинин курулушу башталды


Куланак ГЭСинин курулушу башталды.
Куланак ГЭСинин курулушу башталды.

Бүгүн, 21-октябрда Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу башталды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, курулушка мамлекет башчысы Садыр Жапаров капсула салды. Ал ГЭСти куруу учурунда миңге жакын адам жумуш менен камсыз болорун, ишке киргизилгенде жылына 450 млн. квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүп жатканын белгиледи.

“ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн. квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз. Адистердин айтымында, ГЭСтин курулушу жүрүп жаткан маалда 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын адам туруктуу иш менен камсыз болот", - деди Жапаров.

Президенттин белгилешинче, бул долбоордун алкагында 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 чакырым узундуктагы деривациялык канал, электрстанциянын имараты менен агрегаттары, айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат.

Президент муну Кыргызстандын энергетикасынын тарыхындагы келечекке жол ачкан маанилүү кадамдардын бири катары баалады. ГЭСтин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшыра турганын, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөрүн белгиледи.

Маалыматта ГЭС төрт жылдан кийин ишке берилери айтылган. Долбоордун жалпы баасы 124 млн. АКШ долларын түзүп, анын 88 млн. доллары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттары тарабынан насыя катары берилери белгиленген.

Быйыл жаз айларында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрге чейин азайып кеткен. Электр энергиясын керектөө жылына 5-7% өсүүдө.

2008-2009-жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, өкмөт электр энергиясын чектеген. Күнүнө бир нече сааттап электр энергиясы берилбей калган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG