Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Зеленский орусиялык армия Каховка ГЭСин миналап салганын билдирди


Каховка гидроэлектрстанциясы.
Каховка гидроэлектрстанциясы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү Херсон облусундагы Каховка гидроэлектрстанциясын миналап салганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 20-октябрда Брюсселде өткөн Еврокеңештин жыйынында видеобайланыш аркылуу кайрылганда айтты.

"Бизде орусиялык террорчулар Каховка гидроэлектрстанциясынын дамбаларын жана агрегаттарын миналап салганы тууралуу маалымат бар. Бул - эң чоң энергетикалык объектилердин бири. ГЭСтин дамбасы 18 миллион куб сууну кармап турат. Эгер орус террорчулары бул дамбаны жардырса, 80 калктуу конуш, анын ичинде Херсон кыска убакытта суу алдында калат", - деди Зеленский.

Эгер Каховка ГЭСинде дамба жарылса, Запорожье атомдук станциясына түздөн-түз кедергиси тийиши ыктымал. Анткени АЭСтеги реакторлорду муздатууга пайдаланылган суу ушул ГЭСтен алынат.

Зеленский Каховка ГЭСине эл аралык миссия жөнөтүүгө чакырып, ал жакка украин адистеринин киргизилишин талап кылды.

Каховка ГЭСиндеги дамба учурда орус армиясынын көзөмөлүндө. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институтунун соңку талдоосуна ылайык, орус аскерлери Херсондон чегингенде дамбаны жардырып салышы мүмкүн.

Украин армиясы Херсонду орус күчтөрүнөн тазалоону улантууда. Аймактын Москва дайындаган бийлиги үч күндөн бери жергиликтүүлөрдү Орусиянын аймактарына жана аннексияланган Крымга көчүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG