Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Кыргызстан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн дүйнөлүк саммитине катышууда


Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү.
Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү.

Бул күндөрү Түштүк Кореянын Тэжон шаарында өтүп жаткан “Жергиликтүү жана аймактык бийлик лидерлердин дүйнөлүк саммити” иш-чарасына Кыргызстандын бир катар аймактарынын жетекчилери катышып жатканын 13-октябрда “Азаттыкка” "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу” (ЖӨБ Союзу) бирикмесинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кыргыз делегациясынын курамында 12 адам бар. Алар – ЖӨБ Союзунун жетекчилиги жана айрым шаарлардын мэрлери, вице-мэрлери, депутаттары.

Кыргызстандын ЖӨБ Союзунун төрагасы Бектурган Орозбаев өз сөзүндө жергиликтүү бийликтин ролу улам жогорулап жатканын, себеби биринчи кезекте элге алар жакын болорун, көйгөйлөрүн ичинен билерин жана ошого жараша иштей турганын айтты.

Аталган эл аралык уюмдун ишинин натыйжалуулугун арттыруу багытында Орозбаев тынчтыкты жана кызматташтыкты бекемдөө, маданият жаатындагы мамилелерди өркүндөтүү, таштандыны кайра иштетүү ишин жөнгө салып, айлана-чөйрөнү таза кармоо, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн байланышты өнүктүрүү тууралуу бир катар сунуштарын айтты.

“Шаарлардын жана жергиликтүү бийликтердин бирлиги” эл аралык уюмунун Башкы ассамблеясы быйыл жетинчи жыл уюштуруп жаткан жыйын 10-октябрда башталган, 14-октябрда жыйынтыкталат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын азыркы абалын жана келечегин талкуулаган бул жыйынга дүйнө жүзүнөн 3 миңдей адам катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG