Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Акыйкатчынын өкүлү абакта ачкачылык жарыялаган төрт аял менен жолугушту


Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында камалып турган айымдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында камалып турган айымдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова.

18-декабрда Акыйкатчынын орун басары Алберт Көлөпов Кемпир-Абад маселеси менен кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан төрт аял менен жолугуп чыкты. Көлөпов абактагы ачкачылык жарыялаган Клара Сооронкулованын, Перизат Суранованын, Рита Карасартованын жана Орозайым Нарматованын абалы менен таанышканын билдирди:

"Тергөө абагынын дарыгерлери биз менен чогуу жүрүп, алардын кан басымын, дене табын текшерип, бизге канааттандырарлык деген баасын беришти. Бирок дээрлик баарынын абалы начар, баары алсыз. Азырынча тергөө абагынын дарыгерлери көзөмөлдөп жатышыптыр. Дүйшөмбү күнү Жаза аткаруу кызматынын дарыгерлери келип көрөт деп маалымат беришти. Орозайым Нарматованын ашказаны жана жүрөгү да ооруйт экен. Аны ооруканага жаткырып, текшерүү зарылдыгын айтышты. Перизат Суранова биз барганда уктап аткан экен, аны менен сүйлөшө албадык".

Алберт Көлөпов саясий ачкачылык жарыялагандарга кайрылып, ден соолугу үчүн акцияны токтотууну өтүнгөнүн, бирок алар аны токтотпой турганын айтышканын кошумчалады.

Кемпир-Абад маселеси боюнча 20дан ашуун адам октябрдын аягында “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалып, камакка алынган. Алардын 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

Саясий ачкачылык жарыялагандардын экөө - Нарматова менен Суранованын абалы оор экенин жакындары соцтармактарга жазышты. Нарматова тергөө абагынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө дарыланып жатканын Акыйкатчы институту 17-декабрда маалымдаган. Ал эми кургак ачкачылык кармап жаткан Суранова дарыгерлердин кароосунан баш тарткан.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык жарыялоо тууралуу 17 адам кабарлаганын билдирген, бирок алардын абалы тууралуу маалымат бере элек.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айтты. Аларды төңкөрүш кылып, бийликти алмаштыруу үчүн Кемпир-Абадды шылтоо кылган деп айыптады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG