Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Киевде жылуулук системасы калыбына келтирилди


Украинанын борбору Киев шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин жылуулук системасы калыбына келтирилди. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко Телеграмдагы каналына жазды.

"Жылуулуктун бардык булактары штаттык түрдө иштеп жатат", - деп белгилеген мэр жекшембинин аягына чейин коммуналдык кызматкерлер көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук маселесин чечерин кошумчалады.

16-декабрда орус куралдуу күчтөрү Киевди көздөй 40 жолу ракета менен чабуул койгон. Алардын 37син украин аскерлери атып түшүргөнүн украин медиасы маалымдады. Чабуулдан кийин борбор калаада электр энергиясы өчүрүлүп, суу жана жылуулук менен камсыздоо татаал болуп калган.

Украин президенти Владимир Зеленский ишембидеги кечки телекайрылуусунда Орусиянын чабуулунун кийин энергетика тармагы калыбына келтирилгенин айтты.

"Бир күндө дээрлик 6 млн. адамга электр энергиясы кайра берилди. Оңдоо иштери тынымсыз жүрүп жатат", - деди Зеленский.

16-декабрда Орусиянын Украинанын энергетикалык ишканаларын аткылоосунан улам өлкөдөгү керектөөчүлөрдүн дээрлик тең жарымы жарыксыз калган. Би-Би-Си Харьков шаарында жана облусунда электр энергиясы толук өчүп, Киевдин айрым райондорун караңгылык каптаганын жазган.

Октябрь айынын ортосунан бери орус куралдуу күчтөрү украин энергетика тармагына чабуул коюп келе жатат. Натыйжада бардык ири ГЭС жана ЖЭСтер (жылуулук электр станциялары) жабыркаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-декабрда укук коргоо кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жолугушуудагы сөзүндө орус армиясы Украинанын эң маанилүү инфратүзүмү - электрстанцияларына чабуул жасалып жатканын айтып, муну легитимдүү бута деп билдирген. Кийинки күнү Кремлде "Алтын жылдыз" сыйлыгын тапшыруу аземинде бул аракетин украин аскерлерине жооп деп сыпаттаган.

Украина өзүнүн энергетика тармагына жасалган чабуулду аскер кылмышы деп эсептейт. АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер комитети Орусиянын Украинага каршы аракетин геноцид деп тааныган резолюция кабыл алган.

16-декабрда Орусия Украинанын электр жана суу түзүмдөрүнө 98 жолу ракета менен чабуул жасаган. Бул 24-февралда кол салуу башталгандан берки эң ири чабуул.

18-декабрда 2,8 млн. адам жашаган Киев шаарында абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп турат.

XS
SM
MD
LG