Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

"Батир таппай кыйналдык". Чек ара чатагында жер которгон үй-бүлөнүн турмушу


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Максат айылынан жер которуп келген Надира Каримова жаңы төрөлгөн ымыркайы менен. Бул наристе анын төртүнчү баласы. Бишкек. Декабрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Максат айылынан жер которуп келген Надира Каримова жаңы төрөлгөн ымыркайы менен. Бул наристе анын төртүнчү баласы. Бишкек. Декабрь, 2022-жыл.

36 жаштагы Надира Каримова кесиби боюнча китепканачы. Сентябрь айында Баткендеги чек ара чатагында Максат айылындагы үйү жарым-жартылай талкаланып калган. Ошол кезде кош бойлуу болгон келин балдарын алып Бишкекке келген. Төртүнчү баласын башкалаада төрөдү.

Ошондон бери Бишкектен батир таба албай, шарты жок үйлөрдө күн кечирип келатканын, төрт бала менен суукта кыйналып жатканын айтып берди. Биз ал жашаган жерге барып, үй-бүлөнүн абалынан кабар алдык.

- Мен сиздин ордуңузга отуруп алдым окшойт?

- Жок. Отура бериңиз. Баары бир менин кызым ыйлап жатпайбы. Мен отурбайм.

- Сизге ушул эле бөлмө караштуу да?

- Ооба. Ушул эле.

- Кечинде бөбөгүңүз, кичине уулуңуз болуп жатып аласызбы?

- Жок. Абысынымдын да алты баласы бар. Алардын жарымы ушул жерде биз менен жатат.

- Бул бөлмөгө дагы канча бала келип жатат?

- Үчөө келип жатат. Мен кызым менен бул диванга жатып алам.

- Тамакты кайсыл жерде даярдайсыз?

- Абысынымдын үйүндө меш бар. Ошого чогуу эле кылабыз.

- Демек, сиз бир күндүк конок сыяктуу эле жашап жатат экенсиз да?

- Ооба.

Надира Каримова бир айдан бери өзү араң баткан, узун-туурасы эки метрге жетпеген бөлмөдө жаңы төрөлгөн кызы, уулу жана абысынын үч баласы болуп күн кечирип жатыптыр. Абысыны жупуну жер тамдын бир бөлмөсүндө жашайт. Батир Бишкектин эң ылдыйкы чегиндеги Дордой-2 конушунда орун алган.

- Качан келдиңиз Бишкекке?

- 19-сентябрда келип, 20сында ооруканага барып , УЗИге текшерилип чыктым. Чек арадагы чатакта катуу коркуп калган элек да.

- Ымыркайга таасир этпептирби?

- Жок. Баары жакшы чыкты. Ок жаап, жаныбызга миномёттун огу жарылып жаткан жерден качып чыктык эле. Кудай сактаптыр.

- Кызыңыз качан төрөлдү? Атын ким койдуңуз?

- Кызым 2-декабрда жарык дүйнөгө келди. Ден соолугу жакшы. Атын Салиха деп койдук.

Көчүп-конуп жүрүп төрөгөн кызы, 10 жаштагы уулунан башка Надиранын 13, 14 жаштагы эки баласы бар. Уулдары дагы башка адамдын бош турган бөлмөсүндө убактылуу турушат. Ал бөлмөгө от жагышса да жылыбай койгондуктан, колундагы чүрпөсү үшүп калбасын деп абысыны Надираны өзү араң батып жашап жаткан батирине чакырып алган.

"Күнүмдүк жашообуз аманат эле өтүп жатат. Эртеңки жашообуз эмне болот билбейбиз. Эч кандай план жок эле тиричилик жүрүп жатат. Бардык нерсе каражатка барып такалат", - дейт ал.

Чыр-чатак болгондон бери качып, талаалап жүргөн Максат айылынын тургундарынын балдары окуусун онлайн режимде улантууда. Окуучулар ата-энелери менен туш-тарапта жүрсө да интернеттен классташтары менен кадимкидей бирге сабак окуп, мугалим менен күн сайын байланышта. Алардын бири Нурсултан классташтары тууралуу буларды айтып берди.

"24 бала окуйбуз. Алардын 16сы бала, 14ү кыз. Азыр баары ар кайсыл жерде жашап жүрүшөт. Жакын досум Даут Кулунду айылында. Мирлан Исфанада. Зейнеп Бишкектин Мурас-Ордодо конушунда. Ак-Жар конушунда Эрнис бар. Мен Дордой-2де жашап атам".

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:

Надира Каримова 2021-жылдын апрель айынан бери үй-бүлөсү менен бир жерде чогуу жашай элек. Мындай жагдайдан айрыкча өспүрүмдөр психикалык басымдын астында калгандай. Шарты жок турмуштан жадаган балдар бирде эмоциясын чыгарып, бирде түнт болуп жатканын апасы айтып берди:

"Бирөөнүн үйүндө олтуруу ыңгайсыз да. Өзүңдү кеңири сезе албайсың. Экинчи уулум “качанга чейин ушинтип качып жашайбыз! Качанга чейин шарты жок үйдө жашайбыз!” деп кечээ ыйлап тура албай калды. Дары берсек да болбой жатат. Аларды көрүп жүрөгүм ооруп чыгат. Стресспи же башкабы билбейм. “Неге бизди президент карбайт? Неге көзөмөлдөбөйт? Эмнеге сиз бөбөк менен отурсаңыз да эч ким кабар албайт?” дейт. Ыйлабайын деп кармансам да ыйлап жибердим. Ушунчалык кармансам да. Жылуу үйдү канчалык издедик. Төрөгөнгө чейин атайын күн-түн дебей издедим, таппадым. Бишкек квартиранттарга толуп кеткенби? Кымбат батирге кирейин десем каражат жок. Алар ижара акысын алдын ала сурайт экен".

Ошентип бир үй-бүлө учурда үчкө бөлүнүп күн кечирүүдө.

- Социалдык коргоо бөлүмүнөнбү же жардам таратуу комиссиялары тарабынан кабар алыштыбы?

- Жок. Жардам эч кайсыл тараптан келген жок. Бир жолу ушул Ак-Жар конушунун башчысы бир баштык азык-түлүк алып келип берди. Башка эч ким кабар алган жок. Ушул мезгилге чейин өзүбүз жыйган каражатты түгөтүп бүттүк. Ал каражатты мен чоң уулумдун окуусуна деп жыйнап жүрөт элем. Себеби уулум 9-классты бүтүрүп жатат. Аскердик окуу жайга тапшырам деп жүрөт. Мен да Баткенимди коргойм деп. Ошол.. Өзүбуздүн каражатыбызды эле иштетип отурабыз. Баткенден келдим деп эле көчөгө кыйкырып чыкмак белем.

- Анда жардам тегиз бөлүштүрүлбөй калган болобу?

- Мен эч жакка барган эмесмин жардам бергиле деп. Айылда бардык адамдын эсеби бар да. Ошондо бизге да жардам берилет деп отурабыз. Бишкектен жардам үйү күйгөндөргө, талкалангандарга, дагы качып жүргөндөргө деп аталып барыш керек да. Андан башка Бишкекте батир издеп жүрсөк, Баткенден качып келгендер деп башкача көз карашта болгондор да болду. Ошол жакта эле отура берсеңер болбойбу дегендей...
Жардамды көзөмөлдөп, тегиз бөлүштүрүү керек да. Менден башка да боюнда барлар көп. Алар да кыйналып жүрүшөт. Төрөт үйлөрүнө каттоого тура алышпай. Себеби документтери да айылда жок болгон да".

Надира Каримова бийлик Баткендеги жаңжалдан улам жер которгондордун арасынан карылар, ден соолуктан жана төрөттөн улам жумушка жараксыз болуп жаткандар үчүн жылуу жатакана уюштуруп берсе деген сунушун ортого салды:

"Мен жумушка жарабай тургандарды өзүнчө тизме кылып, жок дегенде эки айга болсо да жылуу батирлерди уюштуруп берсе дейт элем. Үй алып бер же мынча каражат бер деп суранган жокпуз. Буюрса кызым эки айдан ашса өзүм деле жумушка чыгып, батир акысына акча тапмакмын. Күйөөм кургак учук болуп ооруканада жатып чыккан. Ал да күчтүү тамакка жетпей, айылда курулуш менен убара болуп жүрөт. Ал мени Бишкекке алып келип, ооруканага жаткырып барганча көп тизмеге кошулбай калыптыр".

Баткен облусундагы чек арага жакын айылдардан Надира Каримовага окшоп үйлөрүнө кайта элек адамдардын саны учурда үч миңден ашуун. Куралдуу жаңжалдан 426 үй таптакыр жараксыз абалга келген. Аларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG