Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Иранда мунайчылар маянаны көтөрүү талабы менен иш таштады


Мунайчылардын нааразылык акциясы
Мунайчылардын нааразылык акциясы

Ирандын түштүгүндөгү мунай өндүргөндөр маянаны көтөрүүнү жана башка жеңилдиктерди талап кылып ишембиде бир нече шаарда иш таштоо уюштурду. Социалдык медиадагы кабарларга караганда, кара майга бай Ахваз, Махшехр, Ассалуйе шаарларында жумушчулар көчөгө чыкты. Телеграм каналдарда Мунайчылардын нааразылык акциясын уюштуруу кеңеши менен Эркин жумушчулардын бирикмеси иш таштоодон улам-улам кабар таратып жатты.

Нааразылыкты уюштуруу кеңеши өзгөчө акцияларга катышкандардын коопсуздугу коркунучта экенин белгилеп, мунайчыларды өлкө боюнча жапырт иш таштоого үндөдү.

Нааразылык акциясына канча киши катышканы белгисиз. Рейтерс агенттиги Ирандын Мунай министрлигинен комментарий ала албаганын билдирди.

Ирандагы соңку нааразылык акциялары эки жарым ай мурда тутанган. 13-сентябрда Тегерандын Адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн кармаган 22 жаштагы студент Махса Амини үч күндөн кийин абакта каза болгон. Полиция кыз жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуу катталды. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланды. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар көп болду.

Бийлик күч колдонуу менен басып жатканына карабай каршылыктар дале токтобой келет. Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы курал колдонуп, митингчилерди атып жатат. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөргө ок чыгарып жатканы кабарланууда.

Ирандын бийлиги нааразылыкты басуу үчүн анда кармалгандарга катаал жаза берип, бир нече демонстрантты өлүм жазасына өкүм кылды. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү жана бир катар эл аралык уюмдар митингге чыккандарга карата мындай өкүмдөрдү кескин айыптоодо.

Норвегияда жайгашкан ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) соңку статистикасында Ирандагы каршылыктардын курмандыктары 470ке жеткенин маалымдады. Анын 64ү жаш бала.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG