Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды


Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды. 18-декабрь, 2022-жыл
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды. 18-декабрь, 2022-жыл

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Катарга иш сапары менен барды. Сапар ал өлкөнүн эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен болгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президентти Доха шаарындагы "Хамад Интернешнл" эл аралык аэропортунан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.

Иш сапардын мазмуну маалымдалган жок.

Бүгүн Катарда дүйнөлүк футбол чемпионатынын финалдык беттеши болуп, чемпиону аныкталат. Оюн талаасына Франциянын жана Аргентинанын курама командалары чыгат.

2023-жылы Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык карым-катышына 25 жыл толот.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG