Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Борбор Азиянын лидерлерин Москвага жетелеген жагдайлар


Лидерлер Мирзиёев, Токаев, Путин, Пашинян Москвада, 9-май, 2023-жыл
Лидерлер Мирзиёев, Токаев, Путин, Пашинян Москвада, 9-май, 2023-жыл

Борбор Азиянын жана Армениянын лидерлеринин Москвага бир заматта бара калышын эмне менен түшүндүрсө болот? "Азаттык" сөзгө тарткан эксперттердин пикиринде Орусиянын таасир этүүчү рычагдары дагы деле күчтүү жана алар Грузияда, Молдовада, азыр Украинада болуп жаткан сценарийдин кайталанышынан чочулашат.

9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин урматына өткөн аскердик парадды көрүүгө жети өлкөнүн жетекчиси барды. Борбор Азиянын беш лидеринен тышкары Армениянын премьер-министри жана Беларустун авторитардык башчысы Кызыл аянттагы салтанатка ардактуу коноктордун трибунасынан көз салып турду.

Адегенде Москвадагы парадга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров гана катышары айтылып, Кремль муну "мааракелик дата эмес" деп түшүндүргөн. Бирок бир нече сааттын ичинде чөлкөмдүн бардык лидерлердин барары белгилүү болду.

"Азаттык" Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамовду жана армениялык саясат талдоочу Рубен Меграбянды сөзгө тартты.

"Азаттык": Алишер мырза, бир заматта жети жетекчинин Москвага барып калганын эмне менен түшүндүрсө болот? Адатта мамлекет башчылардын иш тартиби, чет өлкөлүк сапарлары алдын ала пландалат эмеспи.

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

Илхамов: Менимче, бул жерде психологияда жакшы сүрөттөлгөн “ээрчүү инстинкти” ойноп кетти. Жапаров Москвадагы салтанаттарга катышарын билдиргенден кийин анын артынан Рахмон жөнөй турган болду. Чек арада буга чейин болгон окуялардан кийин ортодогу чыңалуу сакталып турганын эске алганда, ал балким Путиндин Жапаровдун таасиринде калышынан чочулаган чыгар. Андан кийин Токаев кандайдыр бир лоялдуулугун көргөзгүсү келди өңдөнөт. Мирзиёев болсо жалгыз калууну каалаган жок деп ойлойм.

Экинчи жагынан, албетте, Москва тараптан басым болбой койгон жок. Жакында Кремлге дрондордон коюлган чабуулдан кийин параддан баш тартууну караштырышкан, бирок акыркы моментте салтанатты өткөрүүнү чечишти. Менимче, бир заматта чечип, жалгыз калбаш үчүн калган лидерлерге телефон чалып чакыра башташты. Чет өлкөлүк лидерлер парадга катышып жатат деген фон түзүш керек эле. Мен, албетте, болжолдоп жатам, бирок бул эки тараптуу процесс болду окшойт.

"Азаттык": Андай болсо Токаев менен Мирзиёевге орус бийлиги кандай басым көрсөтүшү мүмкүн эле? Эксперттер өзгөчө өзбек президенти адатта мындай иш-чаралардан оолак болууга аракеттенерин белгилешет.

Илхамов: Андай ойго толук кошула албайм. Мирзиёев Москва менен тыгыз, жакшы мамилелерди сактоого аракеттенерин далилдеген фактылар көп эле. Анын себептери арбын, азыр алардын бардыгына токтолбой эле койсом. Өзбекстан Москва түзгөн жана көзөмөлдөгөн уюмдарга мүчө болбосо да бул көрүнүштү жакын алакалар менен тең салмактайт. Орус бийлиги Мирзиёевдин лоялдуулугун айрым кошуна өлкөлөрдүн, ошол эле Казакстандыкына караганда жогору деп баалаганы бар.

Борбор Азия өлкөлөрүн да түшүнүү керек. Москванын биринчи кезекте экономикалык, коргонуу, коопсуздук тармактарында таасир этүүчү инструменттери кала берүүдө. Бардыгы өз мезгилинде Грузия, Түштүк Осетия, Абхазия, Молдова, Приднестровье туш болгон, азыр Украинада болуп жаткан сценарийдин кайталанышынан чочулашат. Башкача айтканда, калкалоочу патрондун ролундагы Москванын каарына калуудан коркушат.

Орусиянын Тажикстанда, Кыргызстанда аскердик базалары бар. Азыр аларды күчтөндүрүү тууралуу кеп болууда. Орусия геосаясий жана аскердик жактан алсыраганына карабай, региондун өлкөлөрүнө таасирин сактап келатат. Токаев жана Мирзиёев тууралуу сөз кылсак, алар көп векторлуу саясатты карманууга аракеттенишет. Москва менен жакшы алака-катышты чыңдап, Батыш менен да жакындашууга аракеттенишет. Алсак, Мирзиёевдин жакында Берлинге барып кетиши ал европалык лидерлер менен ымалада болууну, Европанын рынокторуна жол ачууну көздөгөнүн көргөздү.

"Азаттык": ​Буга байланыштуу Москва визити саясий бедел же башка, практикалык чаралар жагынанбы, кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?

Илхамов: Олуттуу кесепеттерди мен азырынча көргөн жокмун. Окуя өзү символикалык мааниге ээ. Москва жана Борбор Азия “мына парадга катыштык” деген ишарат кылыш керек эле. Бул маанилүү конкреттүү маселелер талкууланган, алдын ала пландалган сапар эмес болчу. Орусиянын көңүлүн алуу үчүн жасалган визит. Муну менен катар алар өз саясатын уланта беришет.

Бирок мени биринчи кезекте президент Жапаровдун аракеттери тынчсыздандырат. Сот жакында “Азаттык” радиосунун кеңсесин жабуу чечимин чыгарбадыбы. Ал окуя Жапаровдун саясатындагы олуттуу бурулуштан кабар берет. Аны бийликтеги режимдин геосаясий багытына да байланыштырса болот деп ойлойм. “Чек арасыз кабарчылар” уюму чыгарган Басма сөз эркиндиги индексинде да өлкөнүн кескин төмөндөп кетишин унутпайлы. Мунун бардыгы чогулуп келип ички саясий жараяндардан улам гана эмес, балким сырткы басым-кысымга да байланыштуу болушу мүмкүн. Биринчи кезекте кеп Москванын басымы тууралуу жүрүүдө. А балким мындай нукту Бээжин да колдоп жатат. Экөөнүн тең Кыргызстанга таасир этүүчү экономикалык рычагдары бар.

Пашинянды Москвага жетелеген жүйө

9-майдагы парадга борбор азиялык президенттер менен катар Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян дагы катышты. Орусияда миллиондогон эмгек мигранты иштеп жүргөнүн, башка экономикалык жагдайларды, алдыда айтылган коопсуздук, аскердик көз карандылыкты эске алганда Москванын Борбор Азия мамлекеттерине басым көргөзүү жолдору көп эле. Ал эми Пашинянды бул күнү парадга кандай себептер жетеледи? Бул суроону армениялык саясат таануучу Рубен Меграбянга узаттык.

Рубен Меграбян
Рубен Меграбян

Меграбян: Орусиядан эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт. Путиндин, путиндик Орусиянын колунан көптөгөн карасанатай иштер келерин билип калдык. Орусия Армениянын мамлекеттүүлүгүнө түздөн-түз коркунуч жаратууда. Премьер-министрдин Москвага барышынын себептерин түшүнөм. Орусиянын кылгандары менин саясий көз караштарыма төп келбейт. Бирок Пашинянды Москвага жетелеген мотивдерге түшүнүү менен карайм. Бул сапарды актаганга же жактырганга жатпайт. Ушул жерге басым жасайт элем. Ошол эле учурда мындай визит менен жогоруда айткан кыянаттыктардын алдын алса болот деп айтууга жетиштүү негиз менде жок.

"Азаттык": ​Орусия бийлиги Жеңиш майрамын акыркы жылдарда өзүнүн саясий максаттарына жетүү үчүн пайдаланып жатат деген ойго кошуласызбы?

Меграбян: Бул гана эмес, күн сайын жасап жаткан карасанатай иштерди актоо үчүн пайдаланып жатат. Бул Путин режиминин идеологиялык чептеринин бири болгондуктан ага чоң маани артылып жатат. Борбор азиялык жана башка лидерлердин Москвага жөнөшкөнүнүн себептеринин бир да ушуга барып такалат. Себеби Москваны ушундай сезимтал учурда таарынтып алуу ошол өлкөлөрдүн жашап кетүү жөндөмүн кооптуу жагдайга кептеши мүмкүн. Кандай болбосун, ири Орусияга караганда биз алда канча чаканбыз.

"Азаттык": Путин Кызыл аянтта сүйлөгөн сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согушка караганда Украинага каршы жүрүп жаткан уруш тууралуу же алар атагандай «атайын аскердик операция» жөнүндө көбүрөк кеп кылды. Мисалы «Батыштагы глобалисттер Орусияга каршы согуш ачканын» айтып, аларды нацисттерге салыштырды. Путин алар өлкөнүн «жок болушун көздөгөнүн» айтып, Орусия «Донбассты коргойт жана өзүнүн коопсуздугун камсыздайт» деп ишендирди.

"Азаттык" сөзгө тарткан эксперт Путиндин мындай сөзү көбүрөк ички аудиторияга багытталганын белгилейт.

Меграбян: Орустардын нео-падышасы букаралары “ал чыныгы падыша эмес” деп чыга калбасын деген менен алек. Анын үстүнө Украинада согушта курман болгондордун саны 200 миң кишиге жакындап баратат. Бул каза тапкандар эле. Жарадарларды билиш үчүн бул санды дагы үчкө көбөйткүлө. Сиз келтирген сөздөр дал ушундай санаркоодон улам айтылып отурат.

"Азаттык": ​Апрелдин этегинде АКШ менен Улуу Британиянын жооптуу өкүлдөрү Борбор Азияда болуп, санкциялык товарлар Орусияга аймактагы өлкөлөр аркылуу өтүп жатышы Батышты камтама кылганын билдирген. Экинчи даражадагы жазалоочу чаралар колдонулушу мүмкүн деген маалыматтар утур-утур чыгып жатат. Еврошаркет санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берип жатат деп эсептеген мамлекеттердин арасында Армения дагы аталып жүрөт. Санкциялар тууралуу эскертүүлөрдүн фонунда лидерлердин жапырт Москвага барышынын залакасы тийиши мүмкүнбү?

Меграбян: Бул визит сиз айткан нерселерге таасир этпейт. Ошол эле маалда азыр Орусияны толук изоляцияда калтыруу, аскердик чабуул коюу кудуретинен ажыратуу үчүн орус экономикасын алсыратуу саясаты жүргүзүлүп жатканын түшүнүүгө тийишпиз. Орусиянын кылмыштуу режими мамлекетти адамзатка каршы куралга айландырып алган. Демек, башка өлкөлөр үчүн Орусия менен алакалар уулуу гана эмес, легитимдүү да эмес деп ойлойм.

Менимче, экономикалык санкциялардын мындан аркы пакеттери экинчи даражадагы санкцияларга да тиешелүү болот. Буга чейин көп нерселерге көз жумуп келишсе, мындан ары да ошондой кала берет деп эч ким кепил боло албайт. Себеби айрым өлкөлөр менчик компаниялар өздөрүнүн Орусияга багытталган реэкспорттук операцияларын кеңейткенин көз жаздымда калтырууда. Алар финансылык пайда алууну көздөшөт. Бирок ошол продукция кийин барып турак жайларга атылган ракеталарга айланганда, мындай иштер моралдык нормаларга сыйбайт жана андай көрүнүшкө Армения, Борбор Азия же Кытайда болобу, жакында чекит коюлат деген ойдомун.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG