Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

"Согушка барба". Баласын орус абагынан куткаруунун айласын издеген энелер


Орусиядагы абактардын бири. Архивдик сүрөт.
Орусиядагы абактардын бири. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги үч айда 19 кыргызстандык Орусиянын абактарынан мекенине которулганын, алдыда дагы 38 жарандын иши боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Бирок учурда орус абактарында миңден ашык кыргызстандык жатат. Алардын айрымдарынын жакындары улам бийликке кайрылып, экстрадициялоо маселесин тездетүүнү суранып келишет.

Ал арада Украинадагы согушка орусиялык "Вагнер" компаниясы менен барып каза болгон жарандар да болууда.

Ноокен районундагы Масы айыл аймагында жашаган Замира Ашимованын 29 жаштагы жалгыз уулу 2020-жылдан бери Орусиянын абагында жатат. Ал Москвада курьер болуп иштеп жүрүп, маңзат соодасына аралашып калып, камалган. Учурда ал Екатеринбургдагы Нижний Тагил шаарындагы абакта. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Орусиянын райондук да, облустук соту да арызды канааттандырган эмес.

“Райондук сотко чейин балама: "Жаманды ойлобо. Жакшыны үмүт кыл. Украинага барышты ойлобо. Эч кандай кагазга кол койбо" деп жаттым. Анын маңдайына ушул жазылганбы, билбейм. Облустук сот да четке какты. Эми Жогорку Сот гана калды. Ал инстанцияда да биз күткөндөй жыйынтык чыгарбаса, балам эми Орусиянын абактарында калып калабы деп чочулайм”.

Соттун мындай чечимин консулдуктун кызматкерлери Замира Ашимовага эки мамлекеттин Кылмыш-жаза кодексиндеги айырмачылыктарга байланыштуу деп түшүндүргөн.

24-майда Бишкекте миграция маселеси талкууланган жыйында да ушул көйгөй көтөрүлдү. Жакындары Орусиянын абагында отургандар өкмөттөн эки өлкөнүн абактарындагы жаза мөөнөттөгү айырмачылыктар боюнча иш алып баруусун суранышты.

Орусиядагы абакта жаткан дагы бир жарандын апасы Гүлмира Букаева мындай деди:

“Орусияда сегиз жылга кесилген, ошол мөөнөттү, катаал режимге кесилсе, бул жакта да ошондой шартта кармай турган кылып чечип берсеңиздер жакшы болмок. Анткени ушунун айынан аларды экстрадициялоо боюнча көп соттук иште арыз четке кагылып калып жатат. Кандай оор экенин, буга эненин жүрөгү канчалык ооруй турганын билесиңер. Биздин ордубузга өзүңөрдү коюп көргүлө. Баласын 6-7 жылдан бери көрө элек ата-энелер бар”.

Тышкы иштер министрлиги да башка өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосундагы Кылмыш-жаза кодексиндеги айырмачылыктардан улам көйгөй жаралып жатканын танбайт. Учурда Башкы прокуратура, сот органдары менен чогуу жумушчу топ иш алып барып жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр орус абактарынан Кыргызстанга 33 жаран которулса, быйыл 3 айда 19 жаран алып келинген. Учурда дагы 38 кыргызстандыкты которуу боюнча иштер уланып жатат.

“Биздин жарандар Кыргызстанга которулгандан кийин кыска убакыттын ичинде абактан чыгып кетет. Анан биздин ал которулуп келген өлкөдөгү элчибизди укук коргоо органдары чакырып, нааразылыгын билдирет. Кийин дагы суранып барсак, бизди карабай коёт. Биздеги ушундай обьективдүү шарттарды да караңыздар. Биз чет өлкөдө каалаган органдарга барып кире албайбыз. Кээде уруксат берет, кээде бербейт. Анан бул эки өлкөнүн саясий кызматташтыгынын деңгээлинен да көз каранды болгон маселе”, - деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.

Дипломатиялык мекеме билдиргендей, министрлик Орусиянын абактарындагы 1077 жаранга экстрадициялоо боюнча жекече кат менен кайрылган. Алардын 459у мекенине которулуудан баш тартарын билдирген. Буга себеп катары азыркы шарты канааттандырарлык экенин жана жеке каалоосу менен каларын айтышкан.

Мигранттар менен иш алып барган юрист Аниса Жээнбекова Орусиядагы кылмыштардын 3-6% чет өлкөлүктөр жасай турганын билдирди. Ал маңзат жеткирүү учурунда кармалгандардын айрымдары бул ишти билип туруп жасаганына токтолду. Жаш мигранттардын арасында да синтетикалык каражаттарды колдонгондор көп экенин белгилеп, өз сунушун айтты.

“Кылмыштын түрү өзгөрүп жатат. Ал жакта колго түшкөн мекендештерибиз орус тилин жакшы билбегени үчүн берилген кагаздарга кол коюп берет. Мен жалпы айтайын, биздин балдар тил билбегенинин айынан биринчи көрсөтмөлөрүндө “ооба, кылмыш кылгам” деп мойнуна алып, берилген кагаздарга кол коюу менен өзүнө каршы чыгып жатышат. Мындайда адискөй котормочу, кеңешчи, адвокаттары болушу керек. Бул маселеде консулдуктун ролу чоң”.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусияда миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат. Орусиядагы "Вагнер" менчик аскер компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатканы, алардын арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экени белгилүү болгон. "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган. Ушундай көрүнүштөн улам орус абактарындагы жарандарды экстрадициялоо маселеси актуалдашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чет өлкөдөгү абактарда жаткан жарандарды которууда мыйзамдык айырмчылыктар болсо, өзгөртүүгө баруу керек дейт.

“Эгер мыйзамдык өзгөртүүлөр ошончолук эле керек болсо, биз дароо беренелерди өзгөртүп, кабыл алып беришибиз керек. Мында эч кандай маселе жок. Биздин жарандарга беренелер тоскоол болуп жатса, экстрадиция үчүн өзүнчө да мыйзам кабыл ала алабыз. Бирок буга чейин мындай маселе бар деп эч кандай маалымат берилген эмес”.

Жакындары орус абактарында жаткан жарандар апрель айында да акцияга чыгып, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон. Алар орус абактарында Украинадагы согушка азгырык көбөйгөнүн, ошол себептүү кыргыз жарандарын экстрадициялоону тездетүүнү суранышкан. Ушул эле маселе былтыр октябрда өткөн Элдик курултайда да көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG