Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

"Балдарыбыз согушта кырылып жатат". Хакасиялыктар Путинге кайрылды


Украинанын Луганск аймагындагы салгылашта каза болгон орус аскерлерин жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл.
Украинанын Луганск аймагындагы салгылашта каза болгон орус аскерлерин жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл.

Орусияда мобилизацияга тартылгандардын ата-энелери бийликке кайрылып, армияга чакырылган балдары катаал шартта согушуп, кырылып жатканын айтып чыгышты.

Хакасиядан мобилизация болгондордун жакындары Орусиянын президенти Владимир Путинге жана коргоо министри Сергей Шойгуга видеокайрылуу жолдошту. 30 кишинин кайрылуусу YouTube порталындагы "Рабочая демократия" каналына 20-майда жарыяланды.

Алар аскерге даярдыгы жок балдарды Украинанын Бахмут калаасындагы согушка салбоону, артка кайтарууну суранышууда. Москванын Украинадагы согушу башталгандан бери орус бийлигине бул сыяктуу бир топ кайрылуу жолдонгон. Кремль алардын өтүнүчүн канааттандырбай келет.

"Жараат алгандар, өлгөндөр өтө көп"

"12-майда биз жоокер балдарыбыздан алгачкы билдирүүлөрдү алдык. Алар Бахмуттагы согушта биринчи катарда салгылашып жатканын айтышты. Алар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес, курал-жарагы да болгон эмес. Алар эч даярдыксыз салгылашка түшүштү. Мобилизация болгондор эч кандай даярдыксыз эле атайын бөлүктөгү аскерлердин милдетин аткарып жатышат",- деди баласы Украинага согушка жөнөтүлгөн бир аял.

Кайрылуу жолдогондордун айтымында, 2022-жылдын сентябрында мобилизациялангандар алгач Омск полигонуна жөнөтүлгөн.

"Канча адам набыт болду, канчасы жараат алды? Бул тууралуу эч кандай маалымат берилбейт. Согушка кеткендердин жакындары балдары кайда экенин билишпейт. Салгылаштан базага кайтып келген жигиттер тозокко кирип чыгышканын айтып жатышат. Дээрлик баары башынан жараат алган. Жарадарлар жана өлгөндөр өтө көп. Базага кайткандарды бир нече күндөн кийин кайра согушка салышат экен",- деп боздоду хакасиялык эне.

Орусиядан согушка тартылып, каза болгондорду жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл. Луганск, Украина.
Орусиядан согушка тартылып, каза болгондорду жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл. Луганск, Украина.

Ата-энелердин маалыматына караганда, былтыр күздө мобилизация болгондор Омскиде даярдыктан өтүшү керек эле, бирок ал формалдуу түрдө болуп, ноябрда алар аннексияланган Крымга бир жумалык машыгууга, мартта Керчтеги машыгуу полигонуна жеткирилген. Ал жерде бир жумалык чабуулдук машыгуу өткөрүшкөн.

Кайрылуу жолдогондор 5-апрелде мобилизацияланган 501 адам Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Луганск облусунун аймагына жеткирилип, алардын экөө "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунда машыгуудан өткөнүн белгилешти. 10-апрелде жоокерлер Донецк облусуна жеткирилип, "Ветерандар" деген бригадага кошулушкан.

"501 кишиден 130га жакыны гана кайткан. Бирок «Ветерандар» бригадасы жоготуулар жок дешет. Калгандардын дайыны чыкпады. Алар кайда жана эмне кылып жатышканын эч ким билбейт. «Ветерандардын» маалыматына караганда, биздин мобилизацияланган балдарыбыздын ар бирин 25 миң рублдан сатып алышкан. Ошондуктан, каалаган жерине жөнөтүүгө укуктуу экенин айтышат", - деди Путинге кайрылгандардын бири.

Москва же "Вагнер" уюму, "Ветерандар" бригадасы ата-энелердин бул кайрылуусуна азырынча жооп бере элек.

Украинадагы согушта өлгөн орус аскерин жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл. Луганск, Украина.
Украинадагы согушта өлгөн орус аскерин жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл. Луганск, Украина.

2022-жылдын 24-февралында президент Владимир Путиндин буйругу менен Орусия Украинага бастырып кирген. Ошол эле жылдын сентябрь айында мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин Орусиядан жүз миңдеген адамдар чыгып кеткен. Тескерисинче, жүз миңдеген адамдар, анын ичинде борборазиялык мигранттар, абакта отургандар ар кандай шартта согушка тартылган. Абакта отургандарды, мигранттарды негизинен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы азгырып жатканы тууралуу фактылар чыккан. Орусиянын түрдүү аймактарында "вагнерчилер" көмүлгөнү айтылган мүрзөлөр табылган.

Адегенде бийлик аскердик тажрыйбасы бар жарандар гана мобилизацияга тартылат деп билдирген, бирок иш жүзүндө андай болгон эмес. Мобилизациялангандар начар шарттарга, ок-дарылардын жоктугуна жана командирлердин өкүмзорлугуна бир нече жолу даттанышкан. Маалымат каражаттары алардын арасында жоготуулар көп экенин бир нече жолу жазышкан.

"Бахмут колдон чыккан жок"

20-майда "Вагнер" жеке аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожинге байланыштуу ресурстар Бахмуттагы талкаланган объекттерде илинип турган Орусиянын жана "Вагнер" тобунун желектерин көргөзүшкөн. Пригожин алар аркылуу жарым жылдан бери айыгышкан кармаш жүрүп жаткан шаарды орусиялык күчтөр биринчи жолу толук алганын кабарлаган. Ал Бахмуттагы операция "тебеленген орус армиясын өзүнө келтирүү" үчүн башталганын жана аны жалаң жалданма аскерлер атайын бөлүктөрдүн жардамы жок эле жүргүзгөнүн айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бахмутта көзөмөлдү колуна алды деп "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясын жана орус аскерлерин куттуктап, күжүрмөндүк көрсөткөндөргө мамлекеттик сыйлык убада кылды.

Украинанын Коргоо министрлиги "Вагнер" жеке аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожиндин "орусиялык күчтөр Бахмутту толук алды" деген маалыматын четке какты. Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Малярдын ишембидеги билдирүүсүндө "украин аскерлери шаардагы өнөр жай жана инфраструктуралык обьектилерди көзөмөлдөп турушканы" айтылган. Маляр калаадагы кырдаал оор экенин ырастаган.

Киевдеги Башкы штаб жекшембинин таңында "Бахмут багытында душмандын чабуулу уланып жатканын, шаар үчүн күрөш токтой электигин" кабарлады.

Бахмутту коргоп жаткан украиналык аскер кызматкерлери. 19-май, 2023-жыл.
Бахмутту коргоп жаткан украиналык аскер кызматкерлери. 19-май, 2023-жыл.

Бахмут - Донецк облусундагы райондун борбору. Батыш өлкөлөрүнүн маалыматына ылайык, Бахмутта эки тарап тең оор жоготууларга учурады. Шаар катуу кыйрады. Алар ошол эле учурда Бахмут шаарынын алынышы - стратегиялык мааниге ээ эместигин белгилешүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG