Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Мекени жериген, Орусия согушка азгырган Азизбек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда Москвада иштеп жүргөн тажикстандык кыргыз Азизбек Украинага согушка барууга макул болуп, келишимге кол койгондордун бири. Ал орус паспортун алуу үчүн бир чети убада кылган акчага кызыгып, макул болгонун "Азаттыкка" айтып берди.

Ал эми Азизбектин апасы учурда жалгыз баласын согуштан алып калуу айласын издеп жатат. Орусия борбор азиялык мигранттарды ар кандай ыкмалар менен Украинадагы согушка тартууну улантып жатканын эл аралык медиалар жазып жатат.

Азизбек: Мага паспорт жана акча керек болду

Азизбек (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү-ред.) болгону 19 жашта. Ал тажикстандык кыргыз. Анын балалыгынын бир бөлүгү Кыргызстанда өткөн. Бишкектин четиндеги айылдардын биринде жашап, ушул жактан Москвага иштегени кеткенине көп деле болбоптур.

Москвада курулушта иштеп, тапканы айдан айга араң жеткен мигрант Украинадагы согушка чакырган жарнамаларды көрүп калып, андагы телефон номерине чалган. Ал байланышкан кишилер дароо эле аскер комиссариатына жөнөтүп, ошол жерден келишим түзүлгөн.

"Келишим боюнча кызмат өтө деп көчөлөрдөгү сүрөттөрү менен илип койгон жарнамалар бар. Телефон номерин ошол жактан алдым. Орус паспорту керек болгону үчүн "бир жыл кызмат өтөйм" деп келишимге кол койдум. Украинага жөнөтөр-жөнөтпөстү командирлер өздөрү чечет да. Барбай дагы калышым мүмкүн, аны мен чече албайм. Мен буйрукту гана аткарам".


Азизбектин айтымында, аскер комиссариаты ага Орусиянын өзүндө кызмат өтөй турганын эскерткен. Бул үчүн орус паспортун, айына 240 миң рубль (3 миң доллардын тегереги) төлөнөрүн убада кылышкан. Украинадагы согуш тууралуу дагы сөз болгон.

"Келишимде паспорт менен акча көрсөтүлгөн. Бир жылдык, алты айлык келишимдер бар экен. Мен бир жылдыгына кол койдум. Менде келишимди алты айга кыскартууга бир жолку укугум бар. Айына 240 миң рублден төлөнөт. Мага "дароо эле Украинага алып барып таштай албайбыз. Автомат кармашты үйрөтөбүз, ал кылабыз, бул кылабыз" дешти.

Азизбек Орусияда иштеп тапканы өп-чап болуп, аргасы калбаганда ушуга барганын жашырбады.

"Башымдан көп нерсе өткөн. Өлүмдөн корпойм. Өлүм эмне экенин дагы билбейм. Кылбаган нерсем калган жок. Бардыгы кудайдан, балким мен барганча согуш бүтүп калат. Тажикстандын жаранымын. Айлыгымды эч нерсеге жеткире албайм. Иштегеним документиме эле кетип жатат. 75 миң рубль алам, батирге төлөйм, патент алып, үч ай сайын жаңы каттоого турушуң керек".


Азизбек аскер комиссиариатына барганда согушка жөнөп жаткан мигранттарды көргөн.

"Мен барганда беш автобус кетти. Өз көзүм менен көрдүм. Бүгүн кечке кетебиз деп өзбектер жүрдү. Өзбекче билем да. Кыргыздар дагы бар эле. Күндө эле кетип жатат. Мен аскер комиссариатына барганда жалаң эле аскер кызматкерлери жүрдү. Мага 20-майга даяр бол деген чакыруу келген".

"Азизбек жалгыз уулум, кантип сактап калам?"

Азизбек Умиданын (аты өзгөртүлдү) ишенген жалгыз уулу. Жолдошу каза болуп, жалгыз баласы менен калган экен. Баласынын согушка жөнөп жатканын кокусунан уккандан бери энеде уйку жок. Эми жалгызын согуштан алып калуу жолун издеп, айласы куруп турганын айтты.

"Мен дагы билбейм да, эч нерсени билбейм. Менден жашырып, ушул ишти кылган. Өзү согушка барганга макул, мен көнбөй жатам. Жалгыз бала, атасы каза болгон. Башка эч кимим жок. Орусияга келгенине деле аз эле болду, бир жылдан эми ашты. Муну бирөө акчага кызыктырган. "Жарандык, ушунча акча аласың" деген. Айылдаштарым бир күнү "балаңдын жүргөнүн билип атасыңбы же кабарың жокпу? Бир нерсе кыл, Орусиядан чыгар" дешти. Кантип кетет, аэропорттон уча албайт, машина менен да кетире албайм, кармалып калат. "20-майга даяр бол" деген чакыруу келиптир. Аны деле балам мага айтпайт, жанындагы балдар айтты".


- Балаңыз каякка, эмнеге барып жатканын билип, түшүнүп жатабы?

"Баламдын көзүнө болгону жарандык, акча көрүнүп жатат. Жол кире тапсам эле Кыргызстангабы, бир жакка кетиришим керек. Бирок тажик паспорту менен Бишкек кабыл алабы билбейм. Биздики тажик паспорту. Мындайга ишим түшкөн эмес, эми көрүп жатам. Өзү деле орусча жакшы билбейт, түшүнбөйт. Каякка алып барып, эмне кыла турганын билбесе керек. Бир жыл өтүп кетет го, кызмат кылам деп эле жатат", - дейт Азизбектин апасы.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген. Буга 30дан ашуун адамдын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал себеп болгон.

Кыргыз коомчулугу ошондо кандуу окуядан кийин бийликтен коңшу өлкө менен чек араны жаап, соода-сатыкты токтотууну, аткезчиликти тыюуну талап кылган.

Умида ушундан улам баласы Кыргызстанга барса, кайра артка кайтарып жибереби деп чочулап жатат.

Чек ара кызматы этникалык кыргыздардын өлкөгө кирүүсүнө чектөө жок экенин билдирди.

Анткен менен Азизбек келишимден толук баш тартуудан коркуп турат. Ал бул үчүн абакка отуруп калуудан чочулайт.

"Келишимден баш тарта албайм. Алар "келишимди бузду" деп үстүмдөн арыз жазат. Бир чети калгым деле келет. Бирок бул жакты ойлосом, көйгөй көп, иштегениң эч нерсеге жетпейт. Бардыгы эле мага окшогондор, бирөөлөргө акча керек, жарандык алам дегендер кетип жатат да", - деди тажикстандык кыргыз жигит.

Ал арада Британиянын чалгын кызматы Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттарынын Украинадагы согушка тартуу аракети күчөгөнүн айтып чыккан. Соңку баяндамасында аскер кызматкерлери жана тажик, өзбек тилинде сүйлөгөн миграция кызматкерлери мечиттерди атайын кыдырып, согушка чакырып жатканы айтылган.

Кыргызстандык мигранттар Москванын өзүндө деле Украинадагы согушка чакырган кагаздар жолдордо таратылып жатканын билдирүүдө. Биз менен байланышкан кыргызстандыктын бири Сахароводо "депортация же Украина" деп тандоо койгон учурлар бар экенин айткан.

Мындан сырткары орус абактарынан "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылган кыргызстандыктар дагы бар. "Азаттык" алардан жетөө каза болгонун тактаган

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG