Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:52

Пригожиндин актануусу, Зеленскийдин жообу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Киев шейшембиге оогон түнү ракета менен жапырт аткылоого кабылды. Украин куралдуу күчтөрү билдиргендей, орус армиясынын ракеталары асмандан атып түшүрүлдү. Алардын сыныктарынан жабыркаган жай тургундар бар.

Согушту иликтөө институту "Вагнер" жеке компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин украин чалгын кызматы менен байланышы тууралуу маалыматтарды анализдеди. Киевге бүгүн Кытайдын атайын чабарманы Ли Хуэй барды. Ал арада украин президенти Владимир Зеленский Европаны кыдырып келди.

Киев жапырт аткылоого кабылды

Май айы жаңыргандан бери орус армиясы Киевге сегизинчи жолу ракеталык чабуул койду. Украин армиясы билдиргендей, "Кинжал", "Калибр", "Искандер" деген ракеталар менен жалпысынан 18 сокку урулду. Алардын бардыгы асмандан атып түшүрүлгөнүн Киевдин аскердик администрациясы кабарлады.

"Бул жолу душман канаттуу жана баллистикалык ракеталарды колдонуу менен бир катар багыттардан жапырт чабуул жасады. Кыска убакытта максималдуу сандагы ракеталар атылды"-деди баш калаанын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Лондон Киевге жакында эле жөнөткөн Storm Shadow ракетасын атып түшүргөнүн билдирди.

"Абадан коргонуу күчтөрү бир сутка ичинде жети HARM, бир узак аралыкка учкан Storm Shadow ракетасын жана он HIMARS реактивдүү системасын атып түшүрдү", - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Ракета качан жана кайда атылганын министрликтин өкүлү тактаган жок.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн бейтарап ырастоо мүмкүн эмес.

ISW: Кремлдин Пригожинден кутулуу планы жок

Америкада жайгашкан Согушту иликтөө институту (ISW) күнүмдүк баяндамасында Евгений Пригожиндин украин чалгын кызматтары менен байланышы тууралуу маалыматты анализдеди.

Жакында эле Washington Post басылмасы Пентагондон сыртка кокусунан чыгып кеткен документтерге таянып "Вагнер" жалданма аскердик компаниясынын башчысы Пригожин украин чалгын кызматы менен байланышканын жазган.

Маалыматка ылайык, Пригожин Бахмуттан украин күчтөрү чегинсе, орус армиясынын аскердик позицияларын ачыктап берерин сунуштаган.

Басылма белгилегендей, украиналыктар Пригожиндин сунушун ага ишенбегендиктен четке каккан.

ISW Пригожиндин украин чалгын кызматы менен гипотетикалык байланышы тууралуу имиштер Орусияда ар кандай реакцияларды жаратканын белгилейт.

Ал эми башкы "вагнерчи" өзү алгач бул боюнча тамаша аралаш комментарий берип, кийин басылманын жазганын кескин сынга алды.

"Факт менен айтканда, мени күчү канчага жетсе, ошончо шыбаганга аракет кылышат. Мунун артында ким турат? Менимче, журналисттердин айрымдары хайп кармагысы келгендир. Же болбосо бир кезде "Ислам мамлекетине" (ред: террордук топ) мунай сатып жүргөн Рублевкадагы айрым адамдар ушундай кадамга барууну чечишкендир", - деди Пригожин.

Согушту иликтөө институтунун эксперттери боолгогондой, Пригожин Орусиянын Коргоо министрлиги менен ыркы кеткенде, украин чалгын кызматтарына байланышка чыккан болушу ыктымал.

Талдоочулардын пикиринде, мындай айыптоолор Пригожинди дискредитациялоо боюнча аракеттерди күчөтүшү мүмкүн. Бирок "Вагнердин" жалданма аскерлери Украинадагы согуш талаасында алдыңкы позицияда тургандыктан, эксперттер Кремлдин азырынча андан кутулуу планы жок экенин айтышат.

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул жалган маалымат окшош деп билдирди.

The Washington Post басылмасынын журналисттери бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленскийден да сурашкан. Бирок ал жооп берүү ордуна журналисттердин өзүнө суроо узаткан.

"Бул аскердик чалгын кызматына бериле турган суроо. Мени мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, соттоп жиберсин деп турасыңарбы? Силерге "Украинадагы кайсы булактар менен байланыштасыңар? Ким силерге биздин чалгындын ишмердүүлүгү тууралуу айтып турат?" деген суроо берейинчи", - деди Зеленский.

Алгач басылма маекти толук жарыялап, кийин дал ушул бөлүгүн алып койгон.

Бахмутта былтыр августтан бери согуш жүрүп жатат. Ал жакта негизинен "Вагнердин" жалданма аскерлери катышууда. Пригожин бир нече жолу курал-жарак жетишсиз экенине жинденип, түз эфирде Орусиянын аскердик жетекчилигин сөккөн. Анткен менен америкалык жана украиналык күчтөр "вагнерчилерде" курал жетиштүү экенин белгилешүүдө.

Пригожин ошондой эле Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну сындап, аны Бахмутка келүүгө чакырган.

Бахмутта айыгышкан салгылаш уланууда

Бахмут демекчи, ал жакта жана өлкө чыгышындагы Авдеевка, Марьинка аймактарында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Украин аскерлери билдиргендей, соңку 48 сааттан бери атышуу токтой элек.

Генерал-полковник Александр Сырский Бахмутту украин армиясы коргоп жатканын айтты.

"Акыркы бир нече күн көрсөткөндөй, биз оор шарттарда дагы алдыга жылып, душманды жок кыла алат экенбиз. Бизде ресурстар душмандыкына караганда азыраак. Ошентсе да анын пландарынын таш-талканын чыгарып жатабыз", -деп жазды ал Телеграмга.

Соңку бир жума ичинде, орус армиясы Бахмутта 23 чакырымга артка чегинди. Муну "Агентство" басылмасынын журналисттери DeepStateMap долбоорунун негизинде эсептеп чыгышты.

Ошол эле маалда "Вагнердин" жалданма жоочулары жети чарчы чакырымдай аймакты басып алганы маалым болду. Ал арада украин президенти Владимир Зеленский соңку үч күндө Европанын беш мамлекетин кыдырып кайтты.

Ал Киевге поезд менен кайтып келатып, "Биз үйгө жаңы аскердик жардам, фронт үчүн жаңы кубаттуу курал, элибизди коргоо үчүн чоң саясий колдоо менен кайтып баратабыз", -деп билдирди.

Германия Киевге 3 млрд. долларлык аскердик жардам бере турганын жарыялады. Франция менен Британия украиналык аскерлерди машыгуудан өткөрүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.

16-майда жаңжалды жөндөө максатында тараптар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Киевге Кытайдын атайын чабарманы Ли Хуэй барат. Ал ошондой эле Орусия, Польша, Франция жана Германияга барары кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG