Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Киев: Украин күчтөрү Бахмутта алдыга жылды


Бахмуттагы украин аскери.
Бахмуттагы украин аскери.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 12-майда Телеграм-каналы аркылуу украин армиясы калаада эки чакырымдай алдыга жылганын билдирди.

"Курал-жарагы болсо дагы душман өз планын ишке ашыра алган жок жана көп аскерин жоготту. Бул аптадагы реалдуу кырдаал ушундай. Биздин коргоочулар Бахмут багытында эки чакырымдай алдыга жылды жана бир да позициясын жоготкон жок", - деп жазды Маляр.

Москва 11-майда украин күчтөрү айрым райондордо, анын ичинде Бахмутта алга жылганы тууралуу кабарларды четке каккан. Орусиянын Коргоо министрлиги "аскердик операция жүрүп жаткан райондогу жалпы кырдаал көзөмөлдө экенин" билдирди.

Эки тараптын тең маалыматтарын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

11-майда Британия Украинага узак аралыкка учууга ылайыкташкан Storm Shadow ракеталарын жибергенин билдирген. Аталган ракеталар 250 чакырымга чейин уча алат. АКШ Украинага жөнөткөн HIMARS ракеталарынын учуу мүмкүнчүлүгү 80 чакырымды гана түзөт.

Британ маалымат каражаттары жазгандай, Киев бул ракеталарды Орусиянын аймагына сокку урууда колдонбоого убада берген.

Москва Лондондун бул кадамына "тиешелүү жооп кайтарарын" эскертти, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия бул маалыматты "оор кабыл алганын" журналисттерге 11-майда айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG