Ошол күчтүү ууну синтез кылуу үчүн колдонулган айрым компоненттер Орусияга германиялык abcr Chemie GmbH химиялык компаниясынын филиалы тарабынан ташылчу.
14-февралда Британия, Швеция, Франция, Германия жана Нидерланддын өкүлдөрү маркумдун биоматериалдарынын анализине таянып, оппозициялык саясатчы табияттагы эң күчтүү эпибатидин деген токсин менен ууландырылган деген бүтүм чыгарышкан. Ал ууну түштүк америкалык (эквадорлук) баканын терисинен алышат. Орусияда жандыктын бул түрү жолукпайт.
Шейшембиде жарык көргөн иликтөөсүндө The Insider эпибатидинди иштеп чыгууга мамлекеттик "Сигнал" илимий борборунун кызматкерлери Игорь Бабкин менен Сергей Галандын тиешеси болушу мүмкүн деп жазды. Алар ошол заттарга байланышкан илимий эмгектерди жазып келген. Бирок, журналисттер белгилегендей, диссертациялары купуя сакталууда.
Бабкин илимий эмгегин “Куралдын атайын түрүнүн таасир этүүчү жөндөмү” деген адистик боюнча 2023-жылы коргогон.
Ал эми Галан эпибатидинден тышкары адамдын психикасына таасир эткен башка заттарды Орусиянын Аскердик чалгын кызматынын (ГРУ) ууландыруу боюнча адиси Сергей Чепур менен бирге изилдеген.
Басылмадан окумуштууларга кайрылышканда, Бабкин суроону түшүнбөгөнүн айтса, Галан телефон чалуусуна жооп берген эмес.
Ошол эле борбордо буга чейин 2020-жылы Навальныйды (ага чейин Скрипалдарды жана башкаларды) ууландырууда колдонулган «Новичок» затын иштеп чыгышкан.
Журналисттер сөз болгон борбор бейпил максаттардагы изилдөөлөргө жамынып, орусиялык атайын кызматтар үчүн уулуу заттардын синтези менен алектенет деген тыянак жасашат.
Редакция эпибатидиндин реагенттерин кайдан алып турушкан деген суроого кызыгып, 2022-2023-жылдары кайсы орусиялык компаниялар бул максатта керектелген кошумча заттарга буюртма бергенин текшерип чыгышты.
Синтез үчүн зарыл болгон 12 заттын ичинен экөөнү Орусияга эч ким алып келген эмес. Калган ондун айрымдары көп жолугат, башкалары сейрек кездешет. Басылма жок дегенде 4 компонентти ташып келген фирмаларга көңүл бурган. Иликтеп отуруп, жогоруда айтылган «АБЦР Хеми Руска» чыгышкан.
90% Германиядагы abcr Chemie GmbH компаниясына таандык "АБЦР Хеми Рус" деген фирма ошондой реагенттерди Орусияга туруктуу ташып келип турганы жана “Сигнал” борборунун кызматкерлери менен телефондон байланышканы белгилүү болду.
abcr GmbH компаниясынын директору Ян Шурихт орусиялык филиалы университеттерди гана реагенттер менен камсыздаганын журналисттерге айткан. The Insider компаниянын сайтынан орусиялык бөлүмү тууралуу маалымат, кызматкерлердин сүрөттөрү 17-мартка чейин турганын, кийин жок болуп кеткенине көңүл бурат. Шурихттин айтымында, Орусиядагы филиал жабылышы мүмкүн.
Буга чейин "Агентство" басылмасы да эпибатидинди "Сигнал" илимий борбору чыгарган болушу ыктымал деп жазган.
Көп жылдар бою коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн оппозициялык саясатчы Навальный 2024-жылдын 16-февралында Ямал-Ненец округунун Харп кыштагындагы катуу режимдеги колонияда 19 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда каза болгон.
Саясатчынын тарапташтары анын көзүн тазалашканын башынан бери айтып келатышат. Жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн өлүмүнө Орусиянын президенти Владимир Путин жеке өзү жооптуу, аны «химиялык курал менен жок кылышкан» деп жазган.
Анын табигый себептерден улам каза болгонун билдирип келаткан Орусиянын бийлиги бул айыптоолорду да, европалык өлкөлөрдүн соңку билдирүүсүн да четке какты.
Шерине