КазТАГ агенттиги адвокаттарга шилтеме менен билдиргендей, чеченстандык активист Мансур Мовлаевди Орусияга депортация кылуу убактылуу токтоду. Адвокаты Мурат Адамдын айтымында, Казакстандын Жогорку соту анын башпаанек алуу өтүнүчү четке кагылганын мыйзамсыз деп таануу тууралуу доо арызы каралып бүтмөйүнчө Орусияга өткөрүү жараянын токтотту. Сөз болгон иш 24-февралда каралмак.
Мунун алдында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети казак бийлигин Мовлаевди Орусияга экстрадиция кылбоого чакырган.
Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын бийлигин жана Рамзан Кадыровдун режимин сындап жүргөн активист орус тараптын өтүнүчү менен кармалып, былтыр майдан бери Алматыдагы тергөө абагында отурат. Адвокаттары ал Орусияга кайтарылса, куугунтукка жана кыйноолорго туш болорун эскертишүүдө.
Юристтер менен укук коргоочулар БУУнун тиешелүү түзүмдөрүнө жөнөткөн арызда Казакстанды адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөштү.
2023-жылы Мовлаевге “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып тагылып, 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылган. Кийин анын Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон.
Эки жумадай мурун Казакстандын Башкы прокуратурасы абакта каза болгон орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын Санкт-Петербургдагы кеңсесинин мурдагы кызматкери, активист Юлия Емельянованы экстрадициялоо тууралуу Орусиянын өтүнүчүн канааттандырган.
Орусия бийлиги Емельяновага уурулук тууралуу айып таккан.
Адвокаты Искендер Алимбаевдин айтымында, чечимде процедуралык нормалар бузулган, анткени Емельянованын Казакстандан башпаанек сураган арызы дагы эле каралып бүтө элек болчу.
Шерине