Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

"Үч баласы, оорулуу апасы бар". Гезит дизайнери пикир үчүн алты жылга соттолду

Эрнис Жээнтаев. (коллаж)
Эрнис Жээнтаев. (коллаж)

Бишкекте эркин гезиттин дизайнери Эрнис Жээнтаев алты жылга соттолду. Буга анын Фейсбуктагы пикирлери негиз болгон. Ал өткөн жылдын ноябрь айында камалып, соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда 13-февралда өткөн.

Эрнис Жээнтаевдин камалып, алты жылга соттолгону 24-февралда белгилүү болду. Учурда анын укугун “Медиа Полиси” инстититу коргоп жатат.

Ушу тапта №1 тергөө абагында кармалып турган Жээнтаевдин адвокаты Нурбек Сыдыков мындай маалымат берди.

“Эрнис Жээнтаев 2025-жылы 10-ноябрда ИИМге караштуу тергөө органдары тарабынан кармалган. Быйыл 13-февралда иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, алты жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгыптыр. Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган посттору боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр кийинки инстанцияга апелляциялык арыз даярдап жатабыз. Биздин институт арызды жакындан тарта эле карай баштадык. Ага чейин башка адвокатты жалдашкан экен. Райондук сотко катышкан эмеспиз”.

41 жаштагы Эрнис Жээнтаев үч баланын атасы. Жубайы Гүлниза мектепте иштейт. Келин күйөөсү камалгандан бери кыйналып жатканын жашырган жок.

Анын айтымында, Эрнис Жээнтаевдин апасы кароого муктаж. Акыркы эки жылдан бери катуу ооруп, төшөктө жатат.

“Өткөн жылы 10-ноябрга караган түнү кармап кетишти. Ошол күнү балдарды кечки саат 9:30-10до эле уктаткам. Эрнис компьютерде иштеп жаткан. Биз уктап калганда суракка барып келген окшойт. Түнкү 12:40та эшик катуу ачылганда ойгонуп кеттим. Коридорго чыксам, босогодо кийинип туруптур. Жанында тергөөчү, опер кызматкер, эки спецназ бар экен. Үйдү тинтишип, ноутбук, телефон, хард дисктерди алып кетишти. Камалганына Фейсбукта жазган посттору себеп болгонун айтышты. “Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!” деп жазганынан массалык башаламандыкка чакырык көрүп жатышат. Дагы бир постту (Болот Темировдун посттору-ред.) репост кылган экен, аны “экстремисттик материалдарды сактоо” деп табышыптыр. Судья үй-бүлөлүк абалыбызды, кайненемдин ооруп жатканын да эске албай, жалпы режимдеги абакка алты жылга кесип койду. Азыр улуу балабыз 11де, 5-класста окуйт, андан кийинкиси 10до, 3-класста окуйт, кичүүсү бала бакчага барат. Мен мектепте иштейм. Эрнис камалгандан бери эч нерсеге жетише албай, каражаттан да кыйналып кеттим. Мугалимдин айлыгын билесиз да. Буга чейин бала бакча, сабактан кийинки курстарга өзү ташып, акысын төлөчү. Менин сабагым 7:30да башталат. Бала бакча болсо саат 8де ачылат. Кээде инисин бала бакчага жеткириш үчүн улуу балам сабактан кечигип жатат”, - деди Гүлниза.

Эрнис Жээнтаев Фейсбуктагы баракчасына кымбатчылык, журналисттердин камалышы, мамлекеттик карыз, кыргыз тили, мыйзамсыз миграция өңдүү учурдагы орчундуу көйгөйлөр тууралуу чакан постторду жазып турган.

Баракчасындагы башкы сүрөткө Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, камалып чыккан Канышай Мамыркулованын сүрөтүн койгонун көрүүгө болот.

“Массалык башаламандыкка чакыруу” деген берене анын “Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!” деген постуна байланыштуу козголгон.

Бирок иниси Эрик Жээнтаев бул пост кыргыз тилине байланыштуу жазылганын, эч кандай саясий өңүтү болбогонун айтууда. Ал ошондой эле лингвистикалык экспертиза агасы жазган посттордо этностук, диний, улут же аймак аралык кастыкты козуткан сүйлөмдөрдү таппаганын кошумчалады.

“Мамлекеттик лингвистикалык экспертиза “экстремизмге байланышы бар” деп корутунду берген эмес. Бирок судья Нурлан Чериков прокурордун айтканына таянып эле ушундай өкүм чыгарып койду. Агам өзү саясий басылмаларда иштеген эмес. Акыркы кезде кыргыз тилине байланыштуу долбоордо жүрдү да. “Эне тилибиз жоголуп баратат” деп кейип, ошого байланыштуу “Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!” деп пост жазып койгон экен. Аны тергөөчү “массалык башаламандыкка чакырык” деп баалаптыр. Ишти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Бекбол Молдасанов деген тергөөчүсү караган. Судья болсо тигиндей чечим чыгарды".

Соттук лингвистикалык экспертизанын бүтүмү.
Соттук лингвистикалык экспертизанын бүтүмү.

"Ишине так, күчтүү дизайнер болчу"

Эрнис Жээнтаев камалганга чейин “Леди.kg” жана “Кыргыз тили” гезиттеринде верстка жасап, 2022-жылдан тарта тил боюнча улуттук комиссияга караштуу "Ак билим" басылмасында иштеп жаткан.

“Леди.kg” гезитинин башкы редактору Азиза Сатимбекова дизайнер тууралуу буларды айтты:

“Эрнис адамгерчиликтүү, өз позициясы бар бала. Кичине оппозициялык көз карашы да бар. Журналистика чөйрөсүндө №1 дизайнер десем болот. Бул чөйрөдө жүргөндөр жакшы билет. Аны 20 жылдан бери тааныйм. “Супер Инфо” ачылгандан бери чогуу иштедик. Кийин “Леди.kg” ачылгандан баштап верстканы өзү жасап жүрдү. Ар бир деталга чейин карап, ишине так болчу. Мурда гезит жумасына бир чыкканда кеңседе чогуу отурчубуз. Кийин айына бир чыгып, көп көрүшпөй калдык. Эрнис башка иштер менен да алек болуп, гезит чыгарда келип бат эле жасап кетчү. Ноябрдан бери Эрнис жок биз да кыйналдык. Улам бир дизайнерди жалдап атабыз. Камалганда өзү “айтпай тургула” деп сурангандыктан элге жарыя кылган эмеспиз. Өткөндө соту болуп, алты жыл берип салышыптыр. Апасы ооруп жатканын билчү элек. Сот ага да карабаптыр”.

Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бирөөнүн постун бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылгандардын катары калыңдоодо.

Алардын көбүнө “Массалык башаламандыкка чакыруу” "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу", "Бийликти күч менен басып алуу", "Экстремисттик материалдарды бөлүшүү жана таратуу" беренелери менен иш козголот.

Эксперттер бул беренелер бийликти сындагандарга каршы куралга айланып калганын белгилешет.

Журналист Аскер Сакыбаева пикирин ачык жазгандарга оор беренелер менен айып тагуу адатын сынга алып, бийликти айкөлдүккө чакырды.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

“Эрнис Жээнтаевдин камалып калганын жакында эле билдим. Буга чейин коюлуп келген “дежур беренелер” менен айыпталыптыр. Акыркы эки жумада Кыргызстанда болгон саясий кырдаалдан кийин эл буга чейинки катуу саясат жумшарабы, акыйкаттыктын, адилеттиктин үмүтү жанып калабы деп үмүт кылып жатты эле. УКМКнын катуу каарынан корккондор эми алардын туура эмес иштерин, көргөн кордуктарын ачык айтып жатканына күбөбүз. Камчыбек Ташиевдин камчысын чапкан бир катар адамдар өздөрү да камалып кетти. Бирок ушундай учурда биздин медиада иштеген кесиптештин соттолуп жатышы алакан жайдырат. Бир колу менен эркиндикти берип, экинчи колу менен муунтуп жаткандай таасир калтырды да. Чындап эле өнүккөн, алдыңкы мамлекет болобуз десек, салаасынан кан чыккан муштумду бошотуп, “дежур беренелерди” алмаштырып, кылган ишине ылайык, адам ишене турган айыптарды койсо болмок. Эми Эрнис Жээнтаев гезитте дизайнер экен. Кантип эле ал башаламандыкка чакырып, аны уюштуруп, жасап жибермек эле? Буга акыл-эси ордунда адам ишенбейт. Бийлик журналисттерге, оюн эркин айткан адамдарга мамилесин өзгөртсө, катаал саясатты жумшартса өзү да аброй тапмак. Үч балалуу, жаш аялмет кишини алты жылга соттоо эмне деген шумдук? Биз аз элбиз. Жигитпи, кызбы же кары кишиби, кимдин болбосун ушундай мамилеге кабылганы сай-сөөктү сыздатат”.

Ал эми Журналисттер бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев дизайнердин камалышынан маалыматы жок экенин билдирди. Бирок ал айрым журналисттер социалдык себептерден улам торго чалынып калууда дейт.

“Биздеги маалыматтар боюнча Кыргызстанда 2 миңдей журналист бар. Анын 700-800дөйү активдүү иш алып барса, 400ү Бишкек шаарында экен. Алардын баарына көз сала албайт экенсиң. Журналисттердин кесиби бир чети кооптуу, бир чети опурталдуу да. Айрым саясий топтор журналисттердин оозу менен кайсы бир пикирди айттырат экен. Мына кечээ эле 75 кишинин аты аталды. Анан бир кесиптешибизди, Нургазы Анаркуловду камап коюшту. Болбосо катта анын аты-жөнү деле жок экен. “Депутаттарга чалган” дейт. Журналисттер сабаттуу жазат да, саясатчылар ошол жагынан колдонуп кетишет окшойт. Же болбогон тыйынды берип, маалыматты тарат десе, ошого илинип калышабы. Бул эми социалдык маселе болуп жатат да. Журналисттердин айлыгын көтөрсө, ушундай иштерден алыс болот беле деп ойлойм”.

Эл аралык Human Rights Watch уюму февраль айынын башында чыккан жылдык баяндамасында Кыргызстанда журналисттерге, көз карандысыз медиаларга жана укук коргоочуларга куугунтук күчөгөнүн, айрымдары камалганын сынга алып, бир катар мисалдарды келтирген. Мындай билдирүүлөрдү башка дагы уюмдар жасап келет.

Бирок кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги буулганын четке кагып, бул жаатта абал жакшы экенине ишендирип келет.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров бийликке келгенинин беш жылдыгына карата курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин белгилеген.

"Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар", - деген ал.

Кыргызстанда буга чейин Temirov Live, “Айт, айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун негиздөөчүлөрү Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги экстремисттик деп табылган. Temirov Live, “Айт, айт десе” долбоорлорун жетектеген Махабат Тажибек кызы эки жылдан бери абакта жатат. Дагы бир катар журналисттер, коомдук ишмерлер пробация менен бошотулган.

Шерине

XS
SM
MD
LG