Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Шаардык сотто Канышай Мамыркулованын иши боюнча жарыш сөз башталды

Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум. Бишкек шаардык соту. 10-февраль, 2026-жыл.
Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум. Бишкек шаардык соту. 10-февраль, 2026-жыл.

Шаардык соттогу териштирүү

10-февралда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арызы боюнча соттук териштирүү уланып, тараптардын жарыш сөзү башталды.

Журналисттин адвокаттары сөз сүйлөп, коюлган айыптар негизсиз экенин айтышты.

Ишти караган судьянын башка да отуруму болгондуктан соттук жараянды улантуу 13-февралга калды.

Адвокат Акынбек Ногоев "Азаттыкка" буларды билдирди:

"Шаардык сотто Канышай Мамыркуловага карата козголгон мыйзамсыз, негизсиз иш боюнча жарыш сөзгө өттүк. Бирок соттук коллегия бүгүн "убактыбыз жок, башка процесс дайындалган" деп, отурум 13-февралга жылды. Бүгүнкү отурумда мен сот процессиндеги мүчүлүштүктөр боюнча, биздин мыйзамдуу, жүйөлүү өтүнүчтөрүбүздү сот четке какканы боюнча өзүмдүн позициямды айта баштаганымда соттук коллегия мени оозумду жаап, токтотуп койду. Буга биз каршылыгыбызды билдирдик. Себеби жарыш сөзгө чыкканда токтотпош керек".

Шаардык сот бүгүнкү отурумдун жүрүшү тууралуу азырынча маалымат бере элек.

30-январдагы отурумда адвокат Акынбек Ногоев Мамыркулованын ишине байланыштуу эки жолу соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн Таалайбек Абдыкожоевдин бүтүмүнө альтернативдүү бүтүм жазылганын, аны көз карандысыз эксперт, лингвист Нуржан Нарынбаева жүргүзгөнүн айткан.

Адвокат мындан мурунку отурумдарда кыргыз тилинде жазылган постторго орус тилинде экспертиза жүргүзгөн Абдыкожоев кыргыз тилин толук билбестигин өзү моюндаганын, анын эксперттик корутундусунда бүтүм туура эмес берилип, сөздөр орус тилине маанисине карабай которулуп калганын белгилеген. Мындан улам көз карандысыз экспертке кайрылып, анын чыгарган бүтүмүн иштин материалдарына тиркеп коюуну суранган. Соттук коллегия өтүнүчтү канааттандырдган.

Отурумда адвокаттар тобу комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү да өтүнүшкөн, бирок соттук коллегия аны четке каккан.

Ал эми ага чейинки отурумда, 18-декабрда күбө катары жарандык активист Атай Бейшенбек көрсөтмө берген.

“Атай Бейшенбектен тактай турган бир-эки жагдай бар эле, ал жазган постторуна байланыштуу. Аларды качан жазган, кандай максатта чыгарган жана автор өзү болгонбу, ушуларды тактадык”, - деген Мамыркулованын адвокаты Нурбек Сыдыков.

Журналистке кылмыш иши анын Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн козголгону белгилүү. Ошол билдирүүлөрдүн ичинде “Мамыркулова Атай Бейшенбек 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында жазган постуна кийин шилтеме берип чыгаргандары бар” деген жүйө менен адвокаттар активисттен көрсөтмө алууну өтүнүшкөн.

Активист Атай Бейшенбек 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында маалыматтык өнөктүк жүргүзүп, кырдаал тууралуу социалдык тармактар аркылуу бир канча тилде жарыялап турган.

Журналистке тагылган эки айып

51 жаштагы Канышай Мамыркулова былтыр 20-мартта кармалган. Жакындары аны милиция кызматкерлери үйүнө барып, күч менен алып кеткенин айтышкан. Соттун чечими менен бөгөт чарасы камак түрүндө деп аныкталып, өзү тергөө абагына камакка алынган.

Бир топ журналисттер, айрым саясатчылар тынчсыздануусун билдирип, соцтармактар аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылышкан. Алар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, журналистти кармоо сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин айтышкан, ден соолугуна байланыштуу Мамыркулованы үй камагына чыгарууну, иштин акыйкат тергелишин өтүнүшкөн. Аталган кайрылууга 150дөй журналист кол койгон.

21-мартта Бишкек шаардык милициясы журналист Мамыркулова "массалык башаламандыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкты козутууга" шектелип кармалганын билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тараткан маалыматта “соцтармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосунда улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган” деп айтылаган.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалап, буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырык" беренеси менен иш козголгонун маалымдаган.

3-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Мамыркулованы Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелеринин негизинде күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген.

Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист ошол күнү сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.

Пробация жазасынын талаптарына ылайык, журналист социалдык тармактарга коомдук тартипке жана бийликке каршы пост, комментарий жаза албайт. Өлкөдөн сыртка чыгууга укугу жок. Эгерде жашаган дарегин алмаштырса же башка жакка чыга турган болсо, бул тууралуу пробация органдарына билдирүүгө милдеттүү. Пробация органдарынын программаларына катышууга тийиш. Алар Мамыркулова менен профилактика иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу посттон кийин ачылган кылмыш иши

Райондук соттогу отурумдарда прокурор Нурсултан Эстебесов Канышай Мамыркулова март айында Фейсбуктагы баракчасына кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу чакырыктарды жасаганын, дал ошол посттор мыйзамга каршы келерин билдирген эле.

"Мамыркулова болжол менен март айынын башынан баштап 20-мартка чейин […] өзүнүн 18 миңден ашуун катталуучусу бар Фейсбук социалдык тиркемесиндеги жеке баракчасы аркылуу Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча негативдүү (...) маалыматтарды таратып, эл алдында сүйлөө өнөрүнө ээ болуу менен элди туура эмес нукка ынандыруу максатында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында улут аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасаган”, - деген мамлекеттик айыптоочу.

Прокурор айтып жаткан маалда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу документке кол коюлган эле. Рахмондун Бишкек сапарын кыргызстандыктар ар кандай мааниде кабыл алышкан. Анткени 2021-жылдагы чек ара чатагынан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле сууй түшкөн болчу.

Иш райондук сотто каралып жатканда журналистти колдоп барган коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Мамыркулова "мыйзамсыз айыпталып жатат" деген оюн айткан.

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

"Тажиктер менен кагылыша кеткенде агрессия деп баарыбыз айтканбыз. Президент да БУУда ушундай сүйлөгөн. Эми агрессия деп бирөө жазса, аны көчүрүп бөлүшкөн Канышайды бийликти басып алганы жатат деп камап коюу туура эмес. Бул мыйзамсыздык. Канышай тили курч, такшалган журналист. Ал буга чейинки президенттерди да жазып келген".

Айрым эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, Мамыркуловага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Соңку жылдары Кыргызстанда бир катар журналисттер камалып, медиа каражаттарына басым-кысым болгону белгилүү. Эксперттер бул окуялардан улам ЖМК өкүлдөрү өзүн чектей баштаганын айтышат.

Сөз эркиндиги

2025-жылы Кыргызстанда журналисттерге, көз карандысыз медиаларга жана укук коргоочуларга карата куугунтук күчөп, жарандардын сөз эркиндигине жана маалыматка жетүү укугуна олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу 4-февралда жарык көргөн Human Rights Watch уюмунун жылдык баяндамасында айтылат.

HRW белгилегендей, жыл ичинде бир нече журналист жана укук коргоочу “сөз эркиндигине байланышкан кылмыштар” боюнча айыпталып соттолгон. Укук коргоо уюму журналист Канышай Мамыркулованын ишине көңүл бурган. Баяндамада Мамыркулова Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча келишимдин айланасындагы ачык-айкындуулуктун жоктугун сындаган Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалганы, сот аны күнөөлүү деп таап, жаза чегергени белгиленет.

Эл аралык уюмдун баяндамасында маалымат жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдык өзгөртүүлөргө да көңүл бурулган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги буулганын четке кагып, бул жаатта абал жакшы экенине ишендирип келет.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров бийликке келгенинин беш жылдыгына карата курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин белгилеген. Социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарандар "каалаганын айтып жатканы" демократиянын белгиси экенин билдирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар", - деген ал.

Былтыр Freedom House (FH) эл аралык уюму Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырган. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG