Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбоону эскертти. Анткен менен жарандык коом жана медиа чөйрөнүн өкүлдөрү соңку жылдары чектөөлөр күчөгөнүн белгилешет.
Президенттик кызматка киришкенине беш жыл болгон президент Садыр Жапаров 29-январда "Кабар" агенттигине чакан маек куруп, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу пикирин билдирди:
“Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы. Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат”.
Президент блогерлер да, журналисттер да өз ишин эркин алып бара аларын айтып, алардын жоопкерчилигин эске салды. Бийликке нааразылык билдирем дегендерге Бишкекте Максим Горький сейил багына барууну сунуштады.
Бишкектеги борбордук аянтта, административдик имараттардын, элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылга чамалады. Сот соңку ирет былтыр 31-декабрда чектөөнүн мөөнөтүн мартка чейин узарткан.
Талдоочу Руслан Акматбек маселе сөз эркиндигине байланыштуу эле эмес, жалпы демократиялык принциптердин сакталбай жатышына да көңүл буруу зарыл деген пикирде:
"Ушуга чейин "биздин өлкө демократиялуу эмес" деп айткан лидерди көрө элекмин. Демократия дегенде биз бир гана каалаганын айтып, социалдык тармактарга жазат деп түшүнүп жатпайбызбы. Бирок демократия - эң оболу бийликтин тең салмактуулугу, мыйзам менен укуктун үстөмдүгү, сот системасынын көз карандысыздыгы жана укук коргоо органдарынын адилеттүүлүгү. Эң маанилүүсү - мамлекеттик коомдук-экономикалык институттардын кынтыксыз иштөөсү жана жөнөкөй жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу. Бизде бир маселе чечилиши үчүн ага сөзсүз президент же Камчыбек Ташиев көңүл бурушу керек. Тилекке каршы, мамлекеттик саясий-экономикалык институттар дээрлик өз функцияларын аткарбай калды. Өз оюн эркин айткан интеллигенциянын өкүлдөрү, журналисттер бир сыйра камакка кирип чыкты да. Бул коомду эмнеге алып келди? Өзүн цензура кылганга алып келди. Коом маселе көтөрбай калды. Мен таң калам, олуттуу, орчундуу маселени көтөргөн журналисттер деле чыга албай калды. Ошолорду көтөрүп, суроо сураган медиа мекемелер деле калбай калды".
Соңку жылдары Кыргызстанда пикири үчүн кармалып, сот жообуна тартылгандар көп катталды. Алардын көбүнө массалык башаламандык уюштурууга чакырык, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү сыяктуу беренелер көп колдонулат. Журналисттер жапырт кармалып, пробациялык жаза алып, абакка кесилгендери болду.
Temirov Live, “Айт айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана алардын негиздөөчүлөрү – журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин сот экстремисттик деп тапты. Бул Кыргызстанда медиага байланыштуу колдонулган алгачкы чечим болуп калды. “Апрель” телеканалы да соттун чечими менен жабылды.
Жагдайга эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп келишет.
Журналист Асел Сооронбаева мыйзам менен иш жүзүндөгү аракеттер эки башка болуп калганына токтолду:
“Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык, адам өзүнүн оюн эркин билдире алат, айта алат, ошондой эле бийликке ачык сын айтып чыгууга мыйзамда жол берилет. Бирок иш жүзүндө бийликти сындап чыккан адамдардын тагдыры кандай болуп жатканын коомчулук көрүп турат. Эл аралык уюмдардын рейтингине таяна турган болсок, Чек арасыз кабарчылар уюму дүйнө боюнча жыл сайын баяндамасын чыгарып турат. Ага ылайык, Кыргызстан соңку беш жылда эле кескин артка кеткен”.
Кыргызстанда соңку жылдары жарандардын пикир билдирүүсүнө, журналисттердин ишине байланышкан бир катар мыйзамдык талаптар кирди. Анда "жалган маалымат таратты, бирөөнүн абийирине шек келтирди" деп таанылгандарга айып пул салуу каралган.
Былтыр “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анын долбоорун даярдоого катышкан медианын өкүлдөрү мыйзамда бийликке журналисттердин ишмердигин тескегенге мүмкүндүк берген нормалар кирип калганына камтамачылыгын билдирген.
Шерине