Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Садыр Жапаровдун бийликтеги беш жылы: ийгиликтер, ара жолдо калган убадалар

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун ант кармап, президенттик кызматка расмий киришкенине 28-январда туура беш жыл толду. Анын бийлигинин тушунда Кыргызстан толугу менен президенттик башкаруу формасына өттү. Өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кескин кыскарды.

Жапаровдун өзү жана анын тарапташтары башкы жетишкендиктер катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, чек аралардын чечилишин, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү жана экономикалык өсүштү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу өңдүү долбоорлордун илгерилешин атап келет. Бирок ошол эле маалда айрым байкоочулар сөз эркиндиги, адам укуктары кескин чектелип, бир катар талылуу маселелер калганын белгилешет.

Супер президенттик башкаруу

Садыр Жапаровдун кызматка киришкенинин беш жылдыгына карата анын администрациясы бул убакыт аралыгында тартылган сүрөттөрдүн топтомун жарыялады. Арасында коомчулукка биринчи жолу чыгарылып жаткандары дагы болду. Бул күнү мамлекеттик телеканалдар аркылуу беш жылдагы жетишкендиктер деген байма-бай материалдар көрсөтүлдү.

Бул датага байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үн катты. Ал Фейсбуктагы баракчасына соңку беш жыл Кыргызстан үчүн чоң бурулуш болду деп жазды.

"Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Мамлекетти бекемдөө, тартипке салуу, ишенимди кайтаруу, өнүгүүнүн жаңы багытын аныктоо боюнча олуттуу тарыхый кадамдар жасалды. Ишеним, сабыр жана туруктуу колдоо болбосо, бул тарыхый ийгилик мүмкүн эмес эле. Алдыда жол дагы татаал. Алгачкы тоскоолдуктар артта калды, эми жаңы, андан да чоң чакырыктар турат. Анткени биздин улуттук лидер жетишкен натыйжалар менен чектелбейт. Максат - өнүккөн, гүлдөгөн Кыргызстан жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаш боло алган күчтүү жаш муунду жаратуу. Эгер өткөн беш жылда өлкөбүз чукул өзгөрүү жасаса, алдыдагы беш жыл андан да терең, андан да олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет деп ишенем", - деп жазды Байсалов.

Жапаровдун беш жылдыгындагы негизги ийгиликтери катары бийликтин жактоочулары чек араларды чечүү, Кумтөр кенин мамлекетке алуу, коррупция, криминалга каршы күрөштү жана экономикалык өсүштөрдү аргумент келтирет.

"400дөн ашуун мыйзам өзгөрдү"

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын пикиринде, беш жылдын ичинде өзгөрүү болгону менен айрым талылуу маселелер калды. Ошондой эле экономикалык өсүштү көпчүлүк эл сезе элек.

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева

"Президент Садыр Жапаров өзү шайлана электе эле эң башкы фокусту Конституцияны өзгөртүүгө койгон. Биз парламенттик-президенттик башкаруу формасынан президенттик башкаруу формасына өттүк. Конституциялык реформа болгон 2021-жылдын 5-майынан баштап бизде күчтүү президенттик башкаруу орноду. Ошондон бери 400дөн ашык мыйзам өзгөрдү. Биз азыр күчтүү президенттик өлкөдө жашайбыз. Бул политологиялык термин - биз полициялык режимде жашайбыз. Бүгүнкү күндө бизде жол, транспорт жана башка социалдык тармактагы инфраструктуралар өзгөрүп, жаңырып жатат. Бул жакшы белги, эмнеге дегенде бизде инфраструктурага жана коопсуздукка көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Чек ара, коопсуздукту камсыздоого керектүү техника алынып, бул жакка көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Бирок экинчи тарабын карасак, адам укугу, жалпы эле укуктардын сакталышы, демократиялык принциптердин сакталышын карасак, бул тармак 2021-жылдан бери эле жабыркап келет. Журналисттер, активисттер, ишкерлер жоопко тартылган учурлар болду. Беш жылдын ичинде геосаясат дагы өзгөргөнүн айта кетиш керек. Мисалы, бизде Кытай менен мамиле бекемделип башталды. Евразия мейкиндигинде, жалпы эле дүйнөдө геосаясат өзгөрдү. Бул жерде Кыргызстанга кайсы бир мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бирок инфляция күчөп, экономикалык туруксуздук, базар баасынын көтөрүлүшү өңдүү жалпы кырдаалдан улам эл байып кетти деп айта албайм. Бирок арасында негизинен байып кеткен адамдар, ишкерлер бар", - деди Эргешбаева.

Бирок оппозициячыл саясатчылар коррупция менен күрөштөгү талаштуу жагдайлар, ишкерлердин ашыкча текшерилиши боюнча сын айтышат. Ошондой эле укук коргоочулар сөз эркиндиги, саясий атаандаштык жок болуп, авторитаризмге жол ачылганын айтышат. Буга мисал катары өлкөдө оппозициячыл саясатчылар камалып, эркин медиалардын айрымдары жабылса, кээ бирөөлөр экстремисттик деп табылды.

Бишкек баштаган ири шаарлардын борборунда пикет, митингдерди өткөрүүгө чектөө салынып, демократия, сөз эркиндиги боюнча эл аралык рейтингдерде өлкөнүн позициясы начарлады.

Ошондой эле парламентте оппозициячыл маанайдагы саясатчылар дээрлик жокко эсе болуп калды.

Мындай кырдаалды бийлик четке кагып, айрым чараларды өлкөнү тартипке салуу зарылчылыгы менен түшүндүрүп келет.

Садыр Жапаров соңку курултайда өзүнүн бийлигинин тушунда жасалган иштерге, көрүлүп жаткан чараларга кеңири токтолгон. Калкка кайрылуусунда бийлик жаңы өлкө куруп жатканын белгилеген.

"Биз жаңы Кыргызстанды куруудабыз. Жаңы Кыргызстан күчтүү институттары бар, адилеттүү башкарууга, жоопкерчиликтүү жетекчилерге ээ жана мамлекет менен элдин терең ишенимине негизделген өлкө болот. Айтарым, ар бир мамлекеттик кызматчынын алдында жогорку милдет турат. Ага мамлекетке жөлөк жана элге үмүт болуп, чыныгы көпүрөнүн милдетин аткарып, ар бир кыргыз жаранына, ар бир үйгө мамлекеттин камкордугун, мээримин кечиктирбей жеткирип туруу вазийпасы жүктөлгөн. Мамлекеттик кызматчыларга кайрылат элем. Мамлекеттик кызмат – бул артыкчылык же жеке пайда табуунун куралы эмес. Бул – мамлекет жана эл тарабынан берилген ыйык милдет жана ишеним. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматчы кайдыгер, ыкшоо же жоопкерчиликсиз болууга акысы жок. Биз эми иш-аракетсиздикке, ыкшоолукка, демилгесиздикке жол бере албайбыз. Эл тарабынан келген каттарды же кайрылууларды кийинки инстанцияларга жөнөтүү адатына көнгөн доор артта калды. Бүгүн ар бириңиздер түшүнүңүздөр, мамлекеттик кызматчы болуу эл өзү арызданып келгенге чейин эле көйгөй чыккан жерге барып, маселелерди чечүү, тиешелүү жыйынтыкка чейин алар менен аралашып жашоо, түйшүктү бирге көтөрүү дегенди билдирет, - деген Жапаров.

Өнүгүү жана өксүк

Садыр Жапаров кыргызстандыктар өнүгүүгө багытталган өзгөрүүлөрдү сезе баштаганын такай билдирип келет. Бирок кымбатчылык, баалардын кескин көтөрүлүшү, жакырчылык учурда негизги көйгөйгө айланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 28-январда жалпы жыйында өкмөт бааны ооздуктай албай жатканын сынга алды.

Нурланбек Тургунбек уулу.
Нурланбек Тургунбек уулу.

"Баалардын өсүшүн жөнгө салуу боюнча Министрлер кабинети эч кандай иш алып барган жок. Тейлөө бекер дегендери менен кафе-ресторандардын кожоюндары пайыздык төлөмдү тамак-аштын баасына кошуп коюшту. Тагыраагы, мурдагы 10-15 пайыздык тейлөө үчүн алынуучу акыны кайра тамак-аштын баасына киргизип, алар уттурган жок. Бирок калктын чөнтөгүнө мурдагыдай эле терс таасир берүүдө. Андыктан, ушундай кадамдарды жасоодон мурун анализ жасалышы керек болчу. Бизде такси кызматы болобу, чач тарач болобу, бардык тейлөө тармактарындагы баа дүйнөлүк ири шаарлардан да ашып кетти. Эл буга өтө нааразы. Февраль айында ушул маселелер боюнча аткаруу бийлигин чакырып, элдин үнүн, элдин нааразычылыгын ачык талкуулашыбыз керек”, - деди Тургунбек уулу.

Садыр Жапаров ант кармап кызматка киришкенден кийин 2021-жылы мартта "Азаттыкка" маек курган.

Анда Кыргызстан демократиялык өлкө бойдон каларын айтып, саясий куугунтук болбосун, оппозиция менен кызматташууга даярдыгын билдирген. Соңку беш жылдын ичинде анын негизги саясий атаандаштарына кылмыш иши козголуп камалып чыкты, айрымдары дагы деле абакта отурат.

Жапаровдун бийлиги, ал жүргүзгөн саясат тууралуу анын бир кездеги тарапташы, буга чейин жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовго курган маегинде ой бөлүшкөн. Анда президентти учурда бир ууч адамдар гана тегеректеп алганын айткан. Ошондой эле бийликтин саясий атаандаштары жана демократия, сөз эркиндигинин абалына токтолгон.

"Ошо командасында төрт-беш киши бар, ошолор эч кимди жолуктурбайт, жакындатпайт дагы экен. Ошолор президентти кызганат экен. Президент деле мурдатан алар менен эле жүргөнсүп... Ал деле азыр кандай болуп жатканын көрүшү керек да. Командасында үч-төрт эле киши, Дайыр Орунбеков, Туманбаев экен. Алар эч кимге жолуктурбайт, эч ким менен сүйлөштүрбөйт, президентти тимеле кызганышат. Антип кызгана берген болбойт. Ал көчөнү дагы, элди дагы карашы керек. Азыр эң эле жакшы вариант - демократия. Адам укугу болуш керек. Садыр Жапаров: “Сооронбай Жээнбеков бирөө айтса эле кечирим сурата берет экен. Мен президент болсом андай болбойт. Эч кимден кечирим суратпайм” деди эле. Азыр, маселен, кечирим суратмак тургай камап салып жатпайбы. Эмне кереги бар ушундайдын? Өлкө өсүп жатабы, сонун болуп атабы, өз ишиңди кыла бер. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей. Сөз эркиндиги болуш керек, демократия болуш керек", - деген Жапыкеев.

Жапыкеевге президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, аны "калп айтып, жалаа жаап жатат" деп айыптаган.

Өлкө президенттик башкарууга өткөнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кыскарды. Мындан улам парламентке сын-доомат дагы күчөдү.

Унутта калган убадалар, талаштуу жагдайлар

Деген менен Садыр Жапаровдун беш жылдагы негизги убадаларын эстеген байкоочулар дагы болду. "Интербилим" уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева жарандардын эркиндигине байланыштуу маселеге токтолду.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева

"Эл алдында берген убадаларынын бири - эркиндик камсыздалат деген убада болчу. Журналисттерди өзүмө жакын кылып, алар менин колум-бутум, көзүм, кулагым болот деп айткан сөздөрү бар. Бул убада аткарылбай, тескерисинче кетти да. Туура сүйлөгөн адамдардын артынан түшүп, куугунтуктап, камакка алып, сөз эркиндиги тууралуу мыйзамдарды катаалдаштырып, өз оюн эркин билдирүүгө, тынч жыйындарга чогулууга бөгөт коюлду. Кылмыш иши козголо турган абалга алып келип койду. Биз эркиндик боюнча дүйнөлүк рейтингде көп баскычка артка кеттик. Мен ушул убадасы аткарылган жок деп эсептейм. Анан коррупцияга каршы күрөш деле толук ишке ашкан жок. Пара алгандарды камап жатабыз, кустуруп кайра чыгарып жатабыз деп жатышпайбы. Бирок бул нерсе системалуу түрдө жолго салынган жок да. Дагы деле акча берип кызматка келгендер, сотто ишин акча менен бүтүргөндөр, прокуратура менен сүйлөшүп, ишин жаап койгондор айыл-апада болуп эле келатканын көрүп жатабыз. Биз коррупцияга байланыштуу эл аралык рейтингде дагы артка кеттик да".

Мамасалиева ошондой эле Садыр Жапаров прессага эң жабык президент болгонун белгиледи. Социалдык тармактар аркылуу пикирин билдирип, улуттук маалымат агенттигине курган маектери калк менен кайтарым байланыш болуп бере албасын айтты:

"Президенттин ачык-айкындуулугунун бирден-бир көрсөткүчү бул журналисттерге басма сөз жыйындарын өткөрүү болуп эсептелет. Ал башында бир аз маалымат жыйындарды өткөрдү. Андан кийин эле баары токтоп калып, Фейсбук баракчасы аркылуу жазуу түрүндө түшүндүрмөлөрдү бере баштады. Бирок журналисттердин, коомчулуктун кызыккан суроолоруна жооп алышына бөгөт коюлду. "Мына мен силерге жооп бердим" дегени менен бизди уйгу-туйгу кылган суроолорду бере албай калдык. Фейсбуктагы пост коомчулук менен кайтарым байланыш болуп бере албайт. "Кабарга" берген маеги деле эл менен кайтарым байланыш болуп эсептелбейт. Кайтарым болушу үчүн журналисттерге маалымат жыйындар уюштурулуп, элдин чалуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Президент кайсы жерге жолугушууга барбасын, ошол жердеги аким, жергиликтүү бийлик аны менен жолугуша турган адамдарды тандап топтоп, уюштуруп берет. Мунун баарын көрүп эле жатпайбызбы. Милиция кызматкерлери коргон болуп тосуп туруп, тизмеде болгон гана жарандарды киргизишет. "Курултайда эл топтоп жатабыз, эл менен байланышуунун механизми ошол" деп жатышпайбы. Бирок ошол жерге деле өздөрүнө жаккан, президентти мактаган, колдогон адамдар топтолуп жатпайбы. Ошол жерге кимдер топтолгонун деле президент жакшы билет. "Ал делегаттарды өзүңөр тандап жиберип жатасыңар го" дейт. Бирок кантип, кандай жолдор менен тандалып жатканын деле көрүп жатпайбызбы. Өздөрүнө туура келбеген талапкерлерди айылдык, шаардык кеңештер бекитип бербей эле коюшту го. Президенттин администрациясы муну абдан жакшы эле билет. Беш жылдын ичинде коомчулукка жакындабай эле, тескерисинче, алыстап да кетти".

Тышкы карыз жана Туманбаевдин тескөөсү

Соңку беш жылдын ичинде коомчулукту кооптондурган, талаш-талкуу жараткан тема Садыр Жапаровдун бийлигинин тушунда тышкы карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу болду. Бул маселе улам-улам көтөрүлгөндүктөн, Садыр Жапаров мындан ары тышкы карыз тууралуу маек бербей турганын айтып, тырчыган да жайы бар.

Бирок өткөн айда, декабрда парламенттин азыркы чакырылышы ишин жаңы баштап жатканда жана курултайда бул жагдайга дагы токтолгон, өлкө тышкы карызды убагында төлөп кутулат деп ишендиргенге аракет кылган.

"Тышкы карыздарыбызды керек болсо бир күндө төлөп салсак болот. Бул үчүн каражаттарыбыз жетиштүү. Бирок ал карыздарды алган учурдагы келишимдер боюнча эрте төлөп салуу бизге пайдасыз болуп чыкты. Үстөк пайыздары көбөйөт, айып пул кошулат деген сыяктуу шарттары бар экен. Ошондуктан карыздарды ар жылдын аягында канча төлөш керек болсок ошончо суммада төлөп кете беребиз. Ошентип, 2035-жылдарга барып илгертен бери алган карыздарыбыздан жеңил эле кутулабыз. Беш жыл мурда эле “карызыбыздан кутулуу үчүн шакек, иймектерибизди чогулталы” деп жүргөн кез эсиңиздерде болсо керек", -деген ал.

Садыр Жапаровдун тушунда анын иш башкармалыгы болуп көрбөгөндөй таасирдүү мекемеге айланды.

Анын жетекчиси Каныбек Туманбаев үй салуудан тартып, паспорт жана акча чыгарууга чейинки ишканаларды, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү өндүү иштерден өйдө тескеп калды. Ошол эле маалда буга байланыштуу нааразылыктар дагы жаралды.

Садыр Жапаровдун кызматка киришкенинин беш жылдыгын утурлай "Ынтымак-ордонун" тапшырмасы менен төрт сериядан турган документалдуу тасма даярдалды жана аны маани-маңызы тууралуу кайчы пикирлер да айтылды.

Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат?
please wait

No media source currently available

0:00 1:10:18 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG