Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

Ашканадан генералдыкка чейинки жол. Сыймык Жапыкеев ким?


Сыймык Жапыкеев убагында Каржы полициясын жетектеп, мекеме жоюлгандан бери кызматсыз жүрөт. "Азаттыктын" коллажы
Сыймык Жапыкеев убагында Каржы полициясын жетектеп, мекеме жоюлгандан бери кызматсыз жүрөт. "Азаттыктын" коллажы

Кыргызстанда бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларынын башкы каармандарынын бири катары таанылган Сыймык Жапыкеев тууралуу талаш-талкуу токтой элек.

Убагында каржы полициясын жетектеп, мекеме жоюлгандан бери кызматсыз жүргөн, генерал наамын алган Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовго кеңири маек куруп, агынан жарылган. Анда Октябрь окуяларындагы ролу, президент Садары Жапаровдун бийлиги, аны менен мамилеси тууралуу бөлүшкөн. Бирок Жапыкеевдин жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу айткан сөзү кызуу талкуу жаратты.

"Чоң казаттын" башталышы

Сыймык Жапыкеев коомчулуктун калың катмарына негизинен 2019-жылы таанылган. Ошол жылы Бишкектеги борбордук аянтта коррупцияга каршы күрөштү талап кылган "#REакция" аттуу каршылык акцияга катышкан. Ага келгендер бажы тармагындагы паракорчулукту жоюуну, реалдуу реформа өткөрүүнү талап кылышкан.

Андан көп өтпөй өзүнүн батиринде, ашканасында отуруп алып, социалдык тармактар аркылуу негизинен коррупция тууралуу билдирүүлөрдү тынбай жарыялай баштаган. Жапыкеев "күмөндүү жагдайда байыды" делген бир катар саясатчылардын атын атаган. Алардын ичинен мурдагы депутат, Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда жогорку кызматтарда иштеген Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылган.

Ички иштер министрлиги Сыймык Жапыкеевдин интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктарына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, аны суракка дагы чакырган. Жумалиев Жапыкеевди сотко дагы берген.

Жапыкеев ошол маалда "Чоң казат" партиясына кирген жана 2020-жылдагы парламенттик шайлоого бул партиянын тизмеси менен катышкан. "Чоң казат" партиясынын негиздөөчүсү Турат Акимов Жапыкеев экөөнүн тааныштыгы кантип башталганын "Азаттыкка" айтып берди.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

"2019-жылы ноябрда Ширин Айтматова негиздеген кыймыл акция уюштурган. Мен ошондо сүйлөп бербейсизби деп суранышканынан, жалпыга маалымдоо каражаттарын, журналисттерди, кесиптештеримди колдоп коеюн деп баргам. Сүйлөп, маек берип жатсам эле жаныма Сыймык келип калды. Анан "Турат байке, мен сизди тааныйм, сыйлайм, таанышайын деп жүргөм" деп айтып калды. Ошентип таанышып калдык. Ошол жерден беш мүнөттөй сүйлөштүк, эл көп, митинг болуп жаткан. Сүйлөшкөнгө ал жерде шарт болбогондуктан, мен аны кеңсеге чакырдым. Максат Мамытканов жана башка балдар менен кетип калдым. Мамытканов ошол маалда менин жардамчым, жандоочум болуп жүрчү. Сыймык биздин кеңсеге бир жума, он күндөй убакыттан кийин келди, үч-төрт саат сүйлөшүп отурдук. Биздин кеңсе менен таанышып, менин тезистеримди окуду, таасирленди, эми полемика дагы болду".

Турат Акимов Сыймык Жапыкеевди ичинде кири жок, оргу-баргы адам катары сүрөттөп, саясаттын маңызын түшүнө электигине, ошондуктан айрым нерселерди ачык айтып аларын белгиледи.

"Сыймыктын феномени - бул эр жүрөк, өткүр, тайманбайт. Башка типтеги адамдар аны албетте түшүнбөйт. Чындыкты билем деп эле айтып сала берет, өз оюн бербейт. Бирок ал саясатты материя катары түшүнбөйт, ошондуктан кээде жаңылыштык дагы кетирет. Негизи андай типтеги адамдарды "бунтарь" деп коюшат, тез эле күйүп-жанып кетишет. Кыялы баланыкындай, ичинде кири жок. "Меники туура, меники чындык" деп баарын айтып салып таламайга түшүп калат. Саясатта кандай процесстер болуп жатат деп байкап, көп жерде унчукпай эле коюш керек, оюн туш келди айтпаш керек. Ошол эле Эрнис Кыязовдун суроолоруна ойлонуп жооп бериши керек эле, ойлонбой эле импульсивдүү жооп берип жатты. Бирок кыргыздын менталитетинде баатырлык мүнөз бааланып келген. Азыр деле Сыймык чыкса аны ээрчигендер болот. Азыр эми өзүн керексиз сезип, бир чети кыйналып жатат. Ага көңүл бурулганга көнүп алган. Сыймык "Чоң казаттын" мотору болчу. Маеги жакшы эле болду, жаңылган жери эле Айтматов тууралуу тескери сүйлөп койду. Болгону эле баа берип койгону болду. Менимче анын маегин атайы эле ошол тарапка бурмаланып кетти окшойт. Анын айткандарынан көңүлдү атайын эле Айтматовго буруп салышты окшойт. Ал импульсивдүү болсо дагы азыркы системага талдап, так анализ берип койду", - деди Акимов.

Сыймык Жапыкеев 50 жашта. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында туулуп-өскөн. Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин юруспруденция факультетин 2000-жылы аяктаган. Эмгек жолун 2001-жылы Түп райондук прокуратурасында баштаган жана көзөмөлдөөчү органда 2014-жылга чейин иштеп, андан кийин "Кумтөр голд" компаниясына юрист болуп кеткен жана бул кызматта 2018-жылга чейин иштеген. Андан кийин эле жарандык активист катары саясатка жигердүү аралаша баштаган.

"Айтылуу ашкана"

Октябрь окуяларынан кийин Сыймык Жапыкеевдин айтылуу ашканасына ошол кездеги депутат, саясатчы Өмүрбек Текебаев барып, соцтармактарга видео чыгарган. Ал Жапыкеевди Кыргызстандын жаңы тарыхында калчу инсан катары сыпаттаган.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

"Мен бүгүн өзгөчө жерде турам. Сыймык мени атактуу ашканасына чакырды. Бул Октябрь революциясынын негизги штабдарынын бири. Убагында Владимир Ленин броневиктен сүйлөгөндөй эле, Сыймык ушул жерден жалындуу сөздөр менен элди көтөрүп, узурпацияга, жеке бийликти орнотууга каршы элди көтөрө алды, элдин көңүлүн тапты. Ушул ашканадан башталган иш тарыхый окуяга айланат деп айтса эч ким ишенбейт эле. Бийликтин пропогандачылары Сыймык элиталык батирде жашап жатат деп айтышчу эле. Мына мен атайын келип көрүп отурам, эконом класстагы батир экен. Бул бурч Сыймыктын студиясы, отуруп сүйлөгөн жери. Сыймык соңку Кыргызстандын тарыхында эң маанилүү ролду ойногон инсан. Чынын айтсам мен ишенген эмесмин. Сыймык мага бир нече жолу келип өзүнүн чоң пландарын айтканда мен аны авантюра деп ишенген эмесмин. Жаз айынан баштап аны жүз миңдеген адам колдоп, анын идеясын жактырып чыгышты. Аягы олуттуу жыйынтык менен бүтөт. Сыймык кыргыз саясатындагы феномен деп айткан жайым бар эле. Балким Сыймык менин жаңылышканымды билсин деген максаттабы, айтор үйүнө чакырды. Бул студияны тарыхый жер дегенден кийин аны кыргызстандыктардын баары көрүп койгону жакшы", - деген эле Текебаев.

Сыймык Жапыкеев ошол жерден үй-бүлөсү менен такай "Ата-Мекен" партиясын колдоп шайлап келгенин, Текебаевдин өзүн авангард саясатчы катары таанырын, өзүнө көп акыл-кеңеш алганын айткан жайы бар.

2020-жылы бийлик алмашкандан кийин, Жапыкеев 17-октябрда ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, башкача айтканда Финансы полициясынын жетекчиси болуп дайындалган. 2021-жылы мартта бул мекеме жоюлуп кеткенине байланыштуу кызматсыз калган. Ага Финансы полициясынын генерал-майору деген наам ыйгарылган.

Сыймык Жапыкеев кызматтан кеткенден кийин коомчулукка дээрлик чыкпай калган. Президент Садыр Жапаровго аздыр-көптүр таарынычы бар экенин кыйытып, 2021-жылдын аягында Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазган.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге кайрылуу. Сиз ажосуз, президентсиз, сизди аңга түртөм дегендер көбөйдү, алар оппозиция эмес, алар сиздин жанынызда жүргөн эле "красавчиктер", сизге таза эместер өтө көп жабышып, туура эмес кеңеш берип жатышат. Элде нааразычылык көбөйө баштады. Мени тилдегендер толтура сен эле кылдың деп. Мен сизге иниңиз катары кайрылып жатам. Бизде көп жер кыйрап жатат, сизге чоң күчтөр иштетпегендей сыр болуп жаткандай, кандай болсо да сиз президентсиз, элиңизге таяныңыз жана элиңиз менен бир болуңуз. Кеңешчилериңнизди алмаштырыңыз. Биз сиз түрмөдө жатканда чыркырап жүргөндө ушулар кайда эле? Садыр аба, мен сизге душман эмесмин. Жакшы эле болсун деп жатам. Кадр саясаты өтө чатак болуп калды. Финполицияны бекер жойдуңар, товардын баасын Финполиция түздөн-түз көзөмөл кылчу", -деп жазган Жапыкеев.

"Президентти кызганышат"

Жапыкеев соңку маегинде өлкөдөгү саясий жагдай, президент Садыр Жапаровдун бийлигине байланыштуу ойлору менен бөлүшкөн. Анда мамлекет башчысын саналуу гана адамдар тегеректеп алганын айткан.

"Ошо командасында төрт-беш киши бар, ошолор эч кимди жолуктурбайт, жакындатпайт дагы экен. Ошолор президентти кызганат экен. Президент деле мурдатан алар менен эле жүргөнсүп. Ал деле азыр кандай болуп жатканын көрүшү керек да. Командасында үч-төрт эле киши, Дайыр Орунбеков, Туманбаев экен. Алар эч кимге жолуктурбайт, эч ким менен сүйлөштүрбөйт, президентти тимеле кызганышат. Антип кызгана берген болбойт. Ал көчөнү дагы, элди дагы карашы керек", - деген Жапыкеев.

Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, Жапыкеевди калп айтып, жалаа жаап жатат деп айыптады.

"Сыймык мырза, ашканада тизгини жок дөөрүп сүйлөп жүрүп көнүп калсаңыз керек. Антип калп айтып, жалаа жаппай жүрүңүз деп эскертип коеюн. Оюна келгенди сүйлөй берген “кухнянын” доору өткөн. Президентибиз кимди кабыл алат, аны өзү чечет, эч кимден сурабайт. Көчөдө, коомдо эмне болуп жатканын билиши керек депсиз, аны бизден биринчи билип коет. Калганын курултайда делегаттар келип айтып жатат. Баса, кадырыңыз калса сиз дагы делегат болуп сүйлөсөңүз болот. Ал тургай зарыл болгон учурда райондук, аймактык жетекчилерге түз чыгып маалыматты тактап алган, түз кирип барган учурлар көп эле катталат. Кимдир бирөөнүн кирип-чыгуусу түгүл, өзүм президентке сейрек гана кирем. Мен жалпы маалыматтык саясат менен алектенем. Жанында пресс-катчы коштоп жүрөт. Ар бир жетекчи өзүнүн милдетине кирген гана жумуштар менен алектенет, андан ашык чыкпайт. Андыктан, урматтуу “ашкана генералы” Кудайды карап калп айтып жүрүнүз", - деп жазган Орунбеков.

Жапыкеевдин бир кездеги партиялашы, адвокат Канат Хасанов дагы соңку окуяларга байланыштуу үн катты. Ал Фейсбуктагы баракчасына Жапыкеевдин маегинин маани-маңызын атайлап бурмаланып жатканын жазды.

Канат Хасанов.
Канат Хасанов.

"Башында эле белгилеп коеюн, мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын чоң урмат менен окуйм. Анын көзүнүн тирүүсүндө үйүндө болгом, үй-бүлөсү менен таанышмын. Чыгармаларын окугам, кайталап дагы окуп келем, ар окуган сайын жаңы маани-маңызды табам. Бирок ошону менен эле катар адабият бул ар бир адамдын жеке тандоосу экенин буга чейин дагы такай айткам, азыр дагы айтам. Кимдир бирөө Айтматовду окуйт, кимдир бирөөгө Ницше жакын, айрымдары Лермонтовду жакшы көрөт, ошол эле маалда ага Пушкин жакпашы ыктымал. Бул жерде кылмыштуу эч нерсе жок. Бул кадимки эле адамдын кабыл алуусу. Эми маңызына келсек. Эгер ошол подкастты толугу менен көрсөк, ал жерде ар тараптуу сүйлөшүү болгон. Бийликке байланыштуу маселе, коомдун үмүтү, президент Садыр Жапаровдун ролу тууралуу сөз болгон. Бирок коомчулуктун көңүлүн атайлап Чыңгыз Айтматов тууралуу бир мүнөттүк видеого гана буруп жатышат. Анткени бул ыңгайлуу триггер. Айтматовдун аты дароо эмоция жаратып, элдин көңүлүн маектин маңызынан алаксытат. Жыйынтыгында подкастты президентти жана реалдуу маселелерди талкуулоодон атайлап алаксытып, коомчулуктун көңүлүн Чыңгыз Айтматовго буруп коюшту. Менимче, бул муну атайлап жасагандардын катасы. Президентке мындай схемалардын кереги жок. Күчтүү бийлик кайсы бир адамды ким экенине карабай каралоо аркылуу өздөрүн актоону талап кылбайт. Бул жерде баары стандарттуу сценарий менен кетти. Комментарийлерде фейктер, троллдор пайда болду, маани-маңызды бурмалап, каралоо башталды. Бирок бул тескери натыйжа берди. Биз бул жерде адабият тууралуу талаш-тартышты же баалуулуктар жаңжалын көргөн жокпуз. Биз бул жерде коомчулуктун көңүлүн атайлап башкага бурууга күбө болдук ", - деп жазды Хасанов.

Бийлик башчылары Сыймык Жапыкеевдин соңку билдирүүлөрү тууралуу азырынча үн ката элек. Ал арада аны менен маектешкен журналист Эрнис Кыязов УКМКга кирип чыкканы белгилүү болду. Ал өзүнүн баракчасына стабилдүүлүктү сактоо тууралуу сылык-сыпаа сөз болгонун жазды.

Ага чейин Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту, Айтматовдук эл аралык коомдук академия, “Айтматов” эл аралык клубу, “Айтматов” эл аралык фонду Жогорку Кеңештин депутаттарына, мамлекеттик катчыга, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине кайрылуу жолдоп, жазуучунун чыгармачылыгын коргоочу мыйзам иштеп чыгууну сунуштап чыккан.

Анда буга чейин “Манас” эпосун бурмалагандар көбөйүп, кийин коомчулуктан сокку жеген соң тынчып калганын, эми Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын кѳркѳм дүйнѳсүнѳ асылгандар арбыганы, ал системалуу түрдө болуп жатканы айтылат.

Кайрылгандар муну “кыргыз коомчулугун ичтен иритүүгѳ жасалган астыртан аракет” катары баалаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG