Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму, Журналисттерди коргоо комитети жана дагы жети эл аралык уюм Кыргызстандын Жогорку соту 2-февралда Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын ишин караганы жатканын билдирип, журналистти бошотууга жана ага тагылган айыпты алып салууга үндөштү.
30-январда таратылган билдирүүлөрдө Улуттар Уюмунун негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумушчу тобу сөз болгон долбоорлордун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилегенин эске салат. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген. Буга байланыштуу анын адвокаты журналисттин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.
Соттогу угууларды утурлай Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс буларды белгиледи:
“Кыргызстандын бийлиги алдында так жана качып кутулгус тандоо турат: же адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарат же аларды көз жаздымда калтыра берет... Махабат Тажибек кызынын өкүмү жокко чыгарылууга, ал дароо кое берилүүгө жана укуктары бузулганы үчүн кенемте алууга тийиш”.
Стразерс Махабат Тажибек кызынын камакта кала бериши “Кыргызстанда өз оюн эркин билдиргендерге адам укуктарын бузууну жана коррупцияны чагылдыруунун куну өз эркиндигиң болушу мүмкүн деген ишарат” кыларын кошумчалады.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.
Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.
Махабат Тажибек кызы Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат. Ал соттолуп, өлкөдөн күч менен чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Болот Темиров Журналисттерди коргоо комитетинин 2025-жылкы Эл аралык басма сөз эркиндиги сыйлыгын алган. Махабат экөөнүн жашы жете элек өспүрүм уулу бар.
Шерине