БУУнун Адам укуктары боюнча комитети өңдүү бир катар түзүмдөрү Казакстанды чеченстандык активист Мансур Мовлаевди Орусияга экстрадиция кылбоого чакырышты. Укук коргоочулар менен активисттер билдиргендей, комитет Мовлаевди өткөрүп берүү жараянын токтото турууну жана башка бир өлкөдөн башпаанек алууга мүмкүнчүлүк берүүнү сурады.
Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын бийлигин жана Рамзан Кадыровдун режимин сындап жүргөн Мовлаев орус тараптын өтүнүчү менен кармалып, былтыркы майдан бери Алматыдагы тергөө абагында отурат. Адвокаттары ал Орусияга кайтарылса, куугунтукка жана кыйноолорго туш болорун эскертишүүдө.
Юристтер менен укук коргоочулар БУУнун тиешелүү түзүмдөрүнө жөнөткөн арызда Казакстанды адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөштү.
Казакстандын бийлиги азырынча бул кайрылууга комментарий жасай элек.
2023-жылы Мовлаевге “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып тагылып, 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылган. Кийин анын Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон.
Эки жумадай мурун Казакстандын Башкы прокуратурасы абакта каза болгон орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын Санкт-Петербургдагы кеңсесинин мурдагы кызматкери, активист Юлия Емельянованы экстрадициялоо тууралуу Орусиянын өтүнүчүн канааттандырган.
Орусия бийлиги Емельяновага уурулук тууралуу айып таккан.
Адвокаты Искендер Алимбаевдин айтымында, чечимде процедуралык нормалар бузулган, анткени Емельянованын Казакстандан башпаанек сураган арызы дагы эле каралып бүтө элек.
"Казакстан орусиялыктар үчүн таптакыр кооптуу өлкөгө айланды. Бул адам чукул экстрадицияланып, процедуралык нормаларды айланып өтүп, коргонуу укугунан ажыратылган төртүнчү окуя", - деп айткан юрист Маргарита Кучушева.
Шерине