"Назгүл, балдарды жакшы кара..."
“Мени аскер билетиң жок экен бир жыл армияга деди. Макул, кыздарды, балдардын баарын жакшы кара. Воронеж деген шаарга бизди алып кетти. Макул, өзүңөр тынч болгула”.
Бул 37 жаштагы Эрнисбек Мамасыдыковдун былтыр августта аялына жөнөткөн билдирүүсү. Ал кыргыз жараны, колунда орус паспорту да болгон. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда туулуп-өсүп чоңойгон Эркинбек он жылдай үй-бүлөсү менен Москвага барып-келип иштеп жүргөн. Азыр эми Шаринса Осорова келини, неберелери менен уулун жол карап, күтүп отурат.
“Июль айында иштегени кеткен, Орусиянын жарандыгын алган. 2-августта алып кеткен. Ошондон бери кабарын укпадык. Бизди байланыштырбады, телефону дагы жок экен. 25 балага командир экен деп айтышты. Бир жолу колуна телефон тийип калган экен, ошондо агамдын баласы Сүйүнбек менен байланышыптыр. Биз өзү менен сүйлөшкөн жокпуз. Урушта экен деп ошондон уктук. Ал жардыруу болгонун, аларды башка жакка алып кетип жатканын, курман болгондордун бардыгын алып кеткенин айтыптыр. Ошол акыркы укканыбыз, ошондон бери кабар жок. Кайсы шаарда экенин деле билбейбиз”.
Көз жашын төккөн эне төрт жыл мурун Украинада уруш башталгандан кийин уулуна төрт жолу армияга чакыруу келгенин айтты. Былтыр жайда метродон кармалып, дароо эле согушка жөнөтүлгөн. Бирок Эрнисбек акыр-аягына чейин “армияга гана барам” деп ишенген экен.
"Кете турганын айткан эмес. Андан мурда аскерге чакыруу келип жатканда “мен ал жактын жараны болгондон кийин акыры барат окшойм, ансыз болбойт окшойт” деп айтып жаткан. Барбай эле койчу, баары эле бул жакта деп айтканбыз. Акыркысында айтпай кетип калыптыр да. Июль айында кетип, жакшына эле иштеп жаткан. Анан метродон алып кетиптир. Кызмат өтөйсүң дептир. Ага чейин өзү бир балалуу болгондо армияга барам десе албай коюшкан эле. "Альтернативдүү кызмат өтөгөндөрдү чакырып жатабыз" деп алып кетишиптир. Биз баарыбыз эле урушка алып кетет деп ойлободук, кызмат өтөсө өтөп, келип калат деп эле ойлоп жүрө бериптирбиз. Акыркы жолу барганда деле мурдагыдай эле ашпозчу болуп иштеп жаткан. Барары менен эки жумага жетпей эле алып кетиптир да",- деди көз жашын тыя албаган Шаринса Осорова.
Эрнисбек Мамасыдыков согушка кетип жатканын эч кимге айткан эмес. Кийин гана туугандарынын бирине кабар берген экен.
“Назгүл, азыр мени кечинде кармап алышып, аскер комиссариатына алып келди. “Согушка эмес, жөн эле аскер комиссариатына, армияга барасың, кызмат өтөйсүң бир жыл деп”, мени алып кетип жатат. Эч кимге айтпадым. Сен дагы катуу ойлонбо. Балдарды жакшы карай бер. Мени азыр саат 2де алып кетет. Азыр телефонду дагы ала албай калам, ала албай турган жердемин. Өзүңөргө этият болгула. Байланыш болгон жерден сүйлөшүп турам. Азыр телефонду, видеочалууну, наркы- беркини сүйлөштүрбөйт. Азыр телефонду алып коёт экен. Айтып кой деди, мен айтып жатам сага”.
Бул билдирүүнү Эрнисбек Москвада кармалган күнү аялына жөнөткөн. Ал балдарын сурап, өзү деле опурталдуу жакка баратканын сезгендей болгон.
Ушул тапта Кыргызстанда калган жубайы үч баласы менен күйөөсүнөн куш тилиндей кабар күтүп отурат.
“Жолдошум экөөбүз 2018-жылы баш кошконбуз. Ошондон бери экөөбүз тең Москвага барып-келип иштеп эле жүрөбүз. Мен 2025-жылы январь айында келдим, күйөөм апрелде келди. Бул жакта иштеп жүрдү. Анан июль айында “дагы барып иштеп келейин, сен балдарды карап тур” деп 11-июлда кетти. 28-июлда мага узак сүйлөп маалымат жөнөтүптүр. Метродо кармаганын айтыптыр. Андан мурда ал жакта жүргөндө аскер комиссариатына каттоого турган эмес эле. Каттоого турбай эле иштеп жүргөн. Ошону шылтоо кылып кармашыптыр да. Анан “бир жыл кызмат өтөйсүң” деп, ошол жерден эле алып кетиптир. Анан мага “эми бир жыл тез эле өтүп кетет. Балдарды жакшы кара, аманат сага” деп сүйлөптүр. Телефондон жазышып турдук, бирок видео же аудио менен такыр сүйлөшкөн жокпуз, ал жакта болбойт экен. Күндө “мен жакшымын” деп жазат. 2-августта “биз Воронеж деген шаарга келдик. Ушул биздин машыга турган жерибиз экен, күнүгө токойго кирип, машыгып жатабыз” деди. Ал жакта бир айда бир телефон карматат окшойт. “Мен телефон колума тийгенде силерге жазып турам. Ага чейин кыжалат болбогула. Мен чындап эле армияга келдим, кыжалат болбо” деп, согушка барганын айткан жок да. Августтун аягында кабар келди. Ошо армияда экен, 20 балага командир болуптур, ошолорду баняга түшүргөнү барганда телефон таап, тууганыбызга чалыптыр. Тынч эле экен деп жүргөнбүз. Анан эле октябрдын ортосунда телефонума бирөө чалып, орусча “Мамасыдыковдун аялысыңбы?” деди. Түшүнүп-түшүнбөй турдум, анткени мага Орусиядан жолдошумдан башка эч ким чалбайт эле. 11-октябрда Харьков облусу, Купянск айыл аймагы деген жерде менин күйөөм дагы эки бала менен чалгынга чыгып, ошол бойдон кайтып келишпептир. Ошол күндөн бери дайынсыз болуп жатыптыр”.
Орусиянын армиясы былтыр жыл бою Украинанын башка аймактары менен катар Харьков облусуна, Купянск аймагына утур-утур чабуул коюп, айыгышкан салгылашуу уланган.
Согуш башталгандан бери эле Украинанын түштүгүндөгү негизги транспорттук түйүн саналган Купянск шаары үчүн айыгышкан салгылашуу басыла элек. Москва бул аймакты өз көзөмөлүнө алганын жарыялаганы менен Киев аны четке каккан.
Назгүл күйөөсүнөн Купянскиге кеткен бойдон кат-кабар ала элек.
“Ошо күндөн баштап, “дайынсыз жоголгон” делип, Кыргызстандагы дарекке кабарлама (извещение) жөнөтүштү. Командирлер менен байланышта болуп турдук. "Канча балаңар бар?" деп сурады. Атасы согушка кеткени үчүн акча чыгарып беришет экен. Мен болсо издөө иштери үчүн арыз жазганы ноябрь айында Орусияга барып келдим. "Кызыл чырым" уюмуна, Коргоо фондуна, Аскер прокуратурасына, Коргоо министрлигине арыз жаздым. Бирок эч биринен кабар боло элек. Москвага барганда жолдошумдун командири өзү келди. Ошол жактан жолугуп, жарым сааттай сүйлөшүп турдук. "Үмүтүңөрдү үзбөгүлө, ошентип бир жылда кайтып келгендер бар, жакшы жагын ойлогула" деп сооротуп койду.”
Ошол күндөн тартып Назгүл согушта жоголгон күйөөсүн ар кандай жолдор менен издөөнү баштаган. Эмчектеги баласын таштап, Москвага чейин барып тийиштүү мекемелерге арыз бериптир. Кайрылуулардан азырынча майнап чыга элек дейт келин көзүнүн жашын тегеретип.
"Бизге айтпады, Сүйүн деген тууганына чалып, “мени келишимге кол койдурду” дептир. Мажбурлап кол койдурат экен. “Мен согушка кетип жатам. Бир жерде 20 күн машыктырат экен. Тайгандай болуп калдык. Баягы курсагым жок, шылындым” деген экен. Булар барган күнү эле ашканасында жардыруу болуптур. Ушундай болду деп ошону айтыптыр, ошол боюнча аны менен оозмо-ооз сүйлөшкөн эч ким болгон жок. Акыркы жолу 20-августта ошентип тууганына чалган экен”.
Назгүл Москвага барып, командири менен жолукканда ошол маалда Эрнисбек дайынсыз кеткен Купянск аймагында катуу кармаш болуп жатканын айткан.
"Командири “ал жерде азыр аябай катуу согуш жүрүп жатат, барып издегенге мүмкүнчүлүк жок" деди. Биз аны издегени барсак дагы башка бирөөнү көзгө атарлар атып түшүрүп жатат. Азыр ал жерге барганга бизде мүмкүнчүлүк жок. Балдарың жаш экен. Силердин ордуңарга мен өзүмдү коюп жатам” деди. Жолдошум кеткен маалда колумдагы балам төрт айлык болчу. Мен балдарымдан жашырам, чоң кызым чоңоюп калган. Баарын билди, берки үчөөнөн жашырам. Өзүмдүн үйүмдө деле тура албадым да, кыжалат болуп. Балдарды деле карай албайм, ишке көңүл чаппайт. Анан ата-энемдин үйүнө келгем. Ошол жерде кыштан чыгып алсак, жазында кетебиз го деп атабыз. Кыжалат болгондо сүтүм деле чыкпай калды, Москвага кеткенге чейин эле сүтүм азайып, жоголуп кетти".
Москвага барганда такай кучак жайып күтүп турчу күйөөсүн бир маалда издеп калам деп келиндин үч уктаса түшүнө кирген эмес.
"Дайыма Москвага барганда жолдошум тосуп алчу эле. Эмне кылсам дагы жолдошум менен кеңешип, сурап турат элем. Учактан түшкөндө эле жаман болдум. Үйүңдө дагы билинбейт, маңдайыңда балдарың бар, алардын көзүнчө ыйлай албайсың, көз жашыңды көргөзбөгөнгө аракет кылайсың. Ушинтип күйөөм ошо жакка кетип, анын аркасынан издеп калам деп эч ойлободум эле", - дейт Назгүл.
Келин күйөөсүнүн бөтөн жердеги кан күйгөн кармашта “дайынсыз” кеткенин уккандан бери санаасы санга бөлүнүп, ою бир жерде эмес. Социалдык тармактардагы согушка кеткендерди издеген ар кандай топтордон чыкпай, күйөөсү тууралуу маалымат тапчудай көзүн тиктейт.
Кыргызстандын бир нече айыл-кыштагында Назгүлдөй келиндер, энелер жол карап, көз жашын төгүп, алыстагы күйөөсүнүн, уулунун өлүү-тирүүсүн билбей, томсоруп отурганына аймактарды кыдырганда күбө болдук. Бирок алар башына түшкөн оор тагдырды башкалар менен бөлүшүүнү каалашпайт. Анын айтылбаган себеби бардыгыбызга ансыз да түшүнүктүү эмеспи.
2026-жылдын январь айына карай "Кызыл чырым" эл аралык комитетинин Борбордук издөө агенттине (ЭККК) 205 миң адам Украинадагы согушта дайынсыз кеткен жакынын издеп кайрылган. Алардын арасында жайкын тургундар менен катар аскер адамдары дагы бар. Кармаш башталган төрт жыл ичинде 16 300 киши жакындарынын тагдыры же анын кайсыл жерде экени тууралуу маалымат алышкан. Агенттиктин жардамы менен туткундагылар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда байланыш түзүлүп, 36 миңге жакын кат-кабар жеткирилген. "Кызыл чырым" комитети бул сандар дайынсыз болуп жаткандар тууралуу жалпы жагдайды чагылдырбай турганын эскертет.
"Жүзүң күлүп, жүрөгүң ыйлап турат"
Минура (аты өзгөртүлдү) дагы орус армиясы менен согушка кетип, дайынсыз болуп жаткан күйөөсүн издеген келиндердин бири. Он жылдан ашуун Москвада иштеген үй-бүлө карызга батып, акыры андан кутулуу үчүн күйөөсү Эркинбек (аты өзгөртүлдү) орус армиясына кошулуп, майданга кетүүгө бел байлаган.
“Жолдошум орус жарандыгын алган, шартыбыз начар, карызыбыз көп болчу. Ошо карызыбызды төлөй албай калдык. Анан барганга туура келип калды. Орусияда иштеп жүргөнүбүзгө 15 жылдын жүзү болду. Ортодо үч балабыз бар. Бул экинчи кетиши. Мурда дагы барып, бир жылга жакын жүрүп келген. Аябай оор контузия алып келген. Келгенден кийин өтө кыйынчылыктар болгон".
"Менин жолдошум 2025-жылы жайында согушка кеткен. Бир айдан кийин эле кабары жок болуп калды. Ошондон бери издеп жатабыз. Жолдошум экөөбүздүн расмий никебиз жок болчу. Балдарымдын документтери менин атымда. Балдарды жолдошумдун фамилиясына өткөрүү деле кыйын экен, көп убакыт, канчалаган документ чогултууга туура келди. Москвада болсо өтө көп документ талап кылып жатат. Ошонун айынан балдарымды Кыргызстанга жибергенге аргасыз болгом. Эми кичүү кызымды Кыргызстандан алып келе албай жатам. Анткени чек арадан алып өтүш үчүн атасынын уруксаты керек. Атасы болсо дайынсыз, кантип уруксатын алабыз? Кызым Москвада окуйт. Окуусунан, билиминен өтө артта калды. Мен азыр эч кандай издөө иштерин жүргүзө албайм. Алты ай өткөндөн кийин гана издейсиңер же болбосо сотко кайрыласыңар деди. Бардык төлөмдөрдү алыш үчүн өзүңдүн, балдарыңдын документтери толук, так болбосо бербейт экен. Ошондо гана биз каралган каражатты алганга укуктуу экенбиз".
Минура азыр тийиштүү мекемелерден гана жооп күтүүгө аргасыз. Ага күйөөсү согушка кирген делген Украинанын Луганск аймагында кармаш жүрүп жаткандыктан, издөө иштерин толук кандуу жүргүзүү мүмкүн эмес экенин айтышкан.
"Луганскиге барыш үчүн ал жерде уруш токтош керек экен. Ошондо гана өздөрү кирип, карап таап бергенге мүмкүн экен. Бирок ал дагы өтө кооптуу жана кыйынчылыкты жаратат дешти. Албетте, согушка барба деп айттым. Согушу жок эле биз өзүбүздүн күчүбүз менен кутулсак болот деп айттым. Бирок жолдошум өзү ошондой чечим чыгарды. Ошол жакка эле барып, бул кыйынчылыктан чыкпасак, биз чыга албайбыз, артка кеткенден кетебиз деп көнбөй койду. Ошол себептен мен дагы кыйнай алган жокмун. Ал жакка барганда өтө кооптуу, угуп жатабыз, көрүп жатабыз деп айтсам деле, оюнан кайткан жок".
Орусияда миграциялык мыйзамдар улам катаалдашып жатат. 2025-жылдан тарта чет элдик жарандар үчүн “көзөмөл” реестри иштеп, “кара тизмеге” илинип калгандардын укуктары кескин чектелди. Мындай жагдайлар жүздөгөн мигрантты өлкөдөн чыгып кетүүгө түртсө, ошол эле маалда минтип бөтөн жердеги кан күйгөн кармашка барууга аргасыз макул болгондору бар.
Минуранын күйөөсү Эркинбек буга чейин дагы согушка катышып, оор жарадар болуп келген. Бирок ага карабай экинчи жолу өмүрүн тобокелге салып кеткен.
"Курскиге кеткен. Акыркы байланышканда ошо Курск тарапта болчу. Кайсы айыл экенин так айта албайм. Бирок кичинекей эле айыл деп уктум. Бул экинчи кетиши. Мурда барган. Бир жылга жакын жүрүп келген. Аябай оор контузия алып келген. Келгенден кийин өтө кыйынчылыктар жаралган. Кечинде уктап жатсак эле ордунан тура калчу. Чаап ийген учурлары болгон. Кыйкырып турган учурлары болгон. Ошондой өтө көп кыйынчылыктарды жараткан. Кооптуу экен, балдардан дагы коркот экенсиң, өзүңдөн дагы коркот экенсиң. Бирок ал жакты унутканча өтө көп кыйынчылыктар болду. Аны сөз менен айтып жеткире албайм. Кээде отуруп ыйлачу, "көз алдымда эле балдар жок болуп кетти" деп айтчу. Анткени ал 10 баланын үстүнөн командир болчу. Бирок он кишинин экөө эле оор жаракат менен тирүү кайтып келишкен. Кыргыздар көп эле дейт. Көрүп жүрчүмүн деп айтчу. Негизи барбай эле кой деп мен аябай жакшы эле айттым. Бирок келген күндөн баштап эле “мен барышым керек” деген өзүнүн сөзү бар болчу. Эмнеге андай экенин түшүнчү эмесмин. Өздөрүнүн группалары бар болчу. “Группадагылардын бардыгы мына кетип жатат кайра эле. Биз менен баргандар, келгендер кетип жатышат, мен дагы барышым керек” деп эле кетип калды. Экинчи кеткенде дагы командир болуп кеткен эле".
Минура сыяктуу согуштун запкысын тартып, көкүрөктөгү күйүтүн ачык айта албай, эки оттун ортосунда чайналган аялдардын тобу пайда болду.
"Дайынсыз болуп жатканы тууралуу кабар айтылганда аны укканга дагы даяр болуш керек экен. Нес болот экенсиң, өзүңдү жоготуп, стресс болот экенсиң. Анан эми стресс болуп, өзүңдү таштап, жок болуп кеткенде дагы артыңда балдарың турат жалдырап. Жолдошум мага балдарды аманат кылып кеткен. Өзү ал жактын жашоосун жашынакай түшүнгөн, билген, аман-эсен келип каларын же болбосо келбей каларын билген. “Бардыгына сен даяр болушуң керек” деп, мурдатан эле мени даярдачу. Албетте, абдан эле кыйын. Отуруп-туруп эстейсиң, ыйлайсың, айтайын десең ким угат, ким түшүнөт, эч кимге айта албайсың. Менде деле өтө көп кыйынчылык болуп эле жатат. Үч баланы жалгыз тарбиялап, бардыгына жетишүү өтө кыйын. Жумушка да барып иштеш керек".
Согуштагы дайынсыздарды издөөнүн жол-жобосу
1. Адегенде аскер бөлүгүнө кайрылуу керек. Бул үчүн сизде согушка кеткен кишинин аты-жөнү, кызмат өтөгөн аскердик бөлүгү, жетон номери жана аны менен акыркы жолу байланышкан күн тууралуу маалымат болуусу абзел. Жазылган арыздын номурун сактап коюңуз.
2. Орусиянын Аскер комиссариатына арыз жазыңыз. Мекеме жоокер тууралуу маалыматты тактап же аны “дайынсыз” деген тизмеге кошо алат. Ушундан кийин гана согушка кеткен жоокердин үй-бүлөсү акчалай камсыздандырууну жана балдар үчүн ай сайын социалдык төлөмдү алуу укугуна ээ болот.
3. Орусиянын Коргоо министрлигине арыз жазыңыз. Министрликтиктин “ыкчам байланыш” номуру аркылуу маалымат сурасаңыз болот.
4. Ушундай эле арыз менен Орусиянын Аскер прокуратурасына кайрылуу керек. Прокуратура аскер бөлүктөн расмий түшүндүрмө талап кылып, текшерүү жүргүзө алат.
5. Согуш туткундары боюнча ишти "Кызыл чырым" эл аралык комитети жана "Кызыл чырым" коому жүргүзөт. Адатта комитет туткундардын жакындары менен байланышат.
6. Ошондой эле дайынсыз болуп жаткан кишинин жакын туугандары Орусиянын аймагында ДНК анализ тапшырып койгону маанилүү. Бул белгисиз сөөктөрдү аныктоодо жардам берет, расмий издөө иштерин тездетет. ДНК анализди ата-энеси, бир туугандары, балдары тапшыра алат.
7. Бардык арыздардын көчүрмөсүн, жоопторду, телефон сүйлөшүүлөрдүн датасын сактаңыз. Бул кийин кенемте төлөтүү же статусун аныктоо маселесинде керек болот. Адистер ар бир мекемеден сөзсүз жазуу жүзүндө жооп талап кылууну эскертишет.
Украинада согушта туткунга түшкөн кыргызстандыктардын жакындары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине жана элчиликтерине, консулдуктарына кат жазып, жарандын дайынсыз же туткунда болушу мүмкүн экенин билдире алат. Мындай кайрылуулар расмий катталып, дипломатиялык каналдар менен каралат.
2025-жылдын күзүндө орус өкмөтү "Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет элдиктерди өз мекенине экстрадициялабоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Москва мындай чараны “аскердик сырды жана купуя маалыматты сактоо максаты” менен түшүндүргөн.
Украин өкмөтү колдогон “Хочу жить” долбоору орус армиясынын катарында согушка тартылып, туткунга түшкөн же каза болгондордун тизмесин ачык булактарга жана кайрылууларга таянып түзөт. Долбоор өткөн жылы борбор азиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар делген бир нече тизмени жарыялаган.
Биз “Азаттыкка” кайрылган, дайынсыз болуп жаткан айрым жарандардын аты-жөнүн тактап берүүнү суранып, “Хочу жить” долбооруна кайрылдык. Биз жиберген ысымдар туткундардын арасынан табылган жок. Жалпысынан бул долбоорго жакынын издеген кыргызстандыктардан 700 арыз түшкөн.
“Хочу жить” долбоорунун туткундар боюнча координациялык штабынын өкүлү Тамара Курушкина Кыргызстандын жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундары тынымсыз кайрыларын белгиледи:
"Акыркы учурда биз Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн, дайынсыз жоголгон чет элдиктердин саны көбөйгөнүн каттап жатабыз. 2026-жылдын январь айында эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн 348 билдирүү келип түшкөн. Ал эми долбоор ишке кирген 2024-жылдын январынан бери Борбор Азия өлкөлөрүнөн дайынсыздарды издөө боюнча 3614 өтүнүч алдык. Алардын 700дөн ашыгы Кыргызстандын жарандары. Бизге келип түшкөн бардык өтүнүчтөрдүн ичинен дайынсыз жоголгондордун 3% азы гана туткунда болуп чыгат. Болжол менен 95-97% каза болуп, сөөгү табылбай калгандар. Ал эми Кыргызстандын жарандары тууралуу айтсак, Украинада туткунда отурган беш кишини жакындары "Хочу жить" долбоору аркылуу аларды тапкан".
Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) январь айындагы маалыматына таянсак, төрт жылда орусиялык 325 миңдей аскер набыт болгон. Жаракат алгандар менен дайынсыз кеткендерди кошкондо Орусияда жалпы жоготуулар 1 млн 200 миңге жакындайт. Төрт жылдан берки кан майданда эки тараптын жоготуулары жалпысынан 2 млн. кишиге чукулдайт. Бул сан борборазиялык, анын ичинде кыргызстандыктарды да камтыйт. Алыстагы согушта күйөөсүн жоготуп, ондогон аял жесир калса, дагы далайы телмирип жооп күтүп, жакынын дайынын таппай жүрөт. Бөтөн жер менен чоочун элдеги согуш ондогон наристени ата мээриминен дагы ажыратып койду.
Украинанын “Хочу жить” долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 143ү окко учкан. “Азаттык” буга чейин орус армиясы менен барып, согушкан кыргыз тектүү 100гө жакын киши каза болгонун тактаган. Алардын айрымдарында эки өлкөнүн тең паспорту бар. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.
Быйыл 15-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда миграцияда жүрүп, Украинадагы согушка кеткен кыргыз жарандарынын так саны тууралуу маалыматы жоктугун билдирген.
"Бизде башка өлкөдөгү согушка катышууга тыюу салган мыйзам бар. Ошондуктан, көпчүлүк жарандар согушка катышарын айтышпайт, бирок катышып, ал жакта көз жумгандары бар. Жакындары болсо "миграцияга кеткен, башка маалыматым жок" деп, толук маалымат бере алышпайт. Эгерде ал жакта каза болгону аныкталса, министрлик Украинадагы элчилик аркылуу көмөктөшөбүз. Бирок көпчүлүгү кооптонуп, ачык айтышпайт".
Орус бийлиги Украинадагы урушка тартылган аскерлерди дайынсыз жоголгондордун тизмесине кошууга канчалык кызыкдар?
Юрист Артем Клыга дайынсыз болгон аскердин жакындары Орусияда жашабаса бул маселе кыйла кыйын экенин белгилейт:
"Азыр командирлердин бир сөзү менен эле сот адамдарды "дайынсыз" же "каза болду" деп аныктап коёт. Мунун негизги максаты - андан ары ал аскерге же жакын адамына Орусия каражат төлөп берүүнү каалабайт. Адатта, эгер адам тирүү болсо келишимге жараша айына 200 миң рублдай төлөнөт. Бул орус өкмөтүнүн казынасына кадимкидей оор болуп, өткөн жылы күздөн бери бийлик чыгымдарды кескин азайтуу чараларын көрө баштады. Негизи мыйзам боюнча дайынсыз жоголгон адамдын жакындарына эч кандай кенемте төлөнбөйт. Формалдуу түрдө жакынын издеген адам иш ордунан козголушун бир-эки жылдай күтүшү мүмкүн. Мындай учурда жакынын издеген кыргызстандыктар Орусияда болбогондуктан бийликке кайрылып, нааразы болуп же талап кылууга чама-чаркы деле жетпейт".
Жогоруда баяндалгандай көкүрөктү өрттөгөн бул көйгөйдү ачык-айкын айтып чыккандар аз. Айрымдар жакындары согушка барганы билинип калса, Кыргызстанда камалат деп коркушса, башкалары “эл эмне дейт” деген түшүнүктөн улам жаап-жашырат.
Мигранттарга жардам көрсөткөн “Лейлек-Инсан” коомунун жетекчиси Гүлнара Дербишева жакынын издеген аялдарга мамлекет жардам бериши керек деп эсептейт.
"Бизге кайрылган беш учур болду. Мигранттын келинчеги балдары менен Орусияда жашайт экен. Балдардын атасы согушка келишим менен кетип, дайынсыз болуп жатыптыр. Булар байкуштар коркушуп, ортодо шылуундарга туш болуп, алданып калгандар. “Биз ошол жактагы Украинада туткундардын тизмелеринин арасынан таап беребиз, акча бер” дешет экен. 500 миң рублга чейин сурашат. Анча акчасы жоктор кандай кылсак, эмнеден баштайбыз деп, бизге кайрылышыптыр. Анткени Кызыл чырымга, Орусиянын Коргоо министрлигине дагы кайрылдык, эч майнап чыккан жок деп айтышты. Ушул жагдайда туугандар, аялдар чындыгында маалыматтык боштукта калыптыр. Орус жарандыгы барлар Коргоо министрлигине кайрылат, ал эми Кыргызстандан барып, жарандыгы жоктор чын эле кайда кайрыларын билбей эле калышат. Бул жакта отуруп күткөндөн башка айла жок. Кылмыш жоопкерчилигине тартыламбы деп коркушат. Ошондуктан өздөрү издеп, эч кимге айтпай отурушат. Издөөнүн өз жол-жобосу бар, бизге кайрылса юристтер жардам берет. Көзү ачыктарга кайрылып, алар ар нерсени айтып, туткунда экен деп акчаларын алышат экен".
Дербишева согушка кеткен жакындарын издөө жабык маселеге айланып, көптөрү өз казанында кайнап жатканын кошумчалады.
Кыргыз бийлиги четте согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен жоопкерчиликке тартыларын эскерет.
Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде "согушка жалданма азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери" үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Каарманыбыз Минура балдары менен жалгыз калган аялдардын башына түшкөн мүшкүлдү айтып берди:
"Эч кимге бул нерсени каалабайм. Балдарга, ата-энеңе эмне деп айтарыңды билбейсиң. Өзүнчө эле бир туңгуюк жашоодо, тумчугуп жашайт экенсиң. Азыр басып-туруп жүрөм дегеним менен жүрөгүм ооруйт, жүрөгүм ыйлайт. Абдан жаман. Жүзүң күлүп турган менен жүрөгүң ыйлап турат".
Ал эми Эрнисбектин апасы Шаринса Осорованын түшүнө уулу кирген.
"Түшүмдө балам өлүп калат экен. Анан эмнеге мындай түш кирип жатат мага деп эле ойлонуп жүрдүм. Булар мага айтышкан эмес. Бир күнү сиңдим чалып, “эже, сиз уктуңузбу, Эрнис урушта экен го?” деп айтты. Ошондо эле жүрөгүм сезген. Баары бир эне сезет да. Эми Кудайдан эле тиленип отурам. Ушу балдардын ырыскысына кайтып келип калса экен".
Назгүлдүн жан-дүйнөсүн болсо төрт баласынын "атам качан келет?" деген суроосу эзип турат.
"Аялдарга кыйын... Балдары маңдайыма келип атасын сурайт. Эмне деп жооп беришти билбейсиң алар сураганда. Алаксытканга аракет кыласың. Балдары, ата-энеси, аялы, жакындары эле жабыр тартат экен. Ал жакка кетерде жакындарын, ата-энесин, аякка баргандан кийин кайтабы-кайтпайбы, ошону ойлонуп, артында калган жакындарын ойлоп, акчага азгырылбаса дейм".
Ошентип, Украинада төрт жылдан бери токтобой жаткан согуш миңдеген чакырым алыстагы кыргызстандык аялдардын жашоосуна да бүлүк салды. Күйөөсүнөн, уулунан айлап-жылдап кабар күткөн аялдар үмүт менен кайгынын кучагында күн кечирип келатат. Айрымдары “кара кагаз” алып жесир болуп калса, башкалары “аман болсо акыры келет” деген үмүт менен турмуштун оор арабасын жалгыз тартып жүрүшөт.
Шерине