Бул иликтөөдө “Азаттык” Украинадагы согушка борборазиялык аялдар кандай шартта, кандай жолдор менен тартылып жатканын жана алардын арасында кыргызстандык кыз-келиндердин бар-жогун тактоого аракет кылды.
Орус армиясы менен келишим түзгөн кыргыз аял ким? Украинадагы согушка борборазиялык аялдар кандай шартта, кандай жолдор менен тартылууда? Алардын кийинки тагдыры кандай?
Украин армиясы былтыр жайында тараткан видеодо колуна курал кармап турган аскер аял экени даана көрүнөт. Төрт жылга аяк баскан бул согушта Орусия тараптан майданга жалданган аялдар тууралуу учкай айтылганы менен анын далилдери көп эмес. Ушундан улам согуш тузагына илинген борборазиялык аялдарды иликтей баштадык.
Былтыр жыл бою украин өкмөтү колдогон “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушка катышкан борборазиялык, анын ичинде кыргызстандыктардын тизмесин байма-бай жарыялады.
Биз орус армиясы менен келишим түзүп, согушка баргандардын тизмесин карап отуруп арасында кыргызстандык аялдын аты-жөнүнө көзүбүз түштү. Кызыгы, 800дөн ашуун адамдын аты-жөнү жарыяланган бул тизмелерде жалгыз гана бир кыргыз кызынын аты бар. Ал жерде анын орус армиясы менен качан келишим түзгөнү жана аскердик жетонунун номери көрсөтүлгөн.
Ал кандайча бул тизмеге кирип калды? Кыргызстандын жараныбы?
Белгилүү себептерден улам биз анын атын ачык жарыялай албайбыз. Ошондуктан шарттуу түрдө Аймээрим деп атап алалы.
Адегенде Аймээримдин жарандыгын ачык булактардан аныктап алдык. Ал Кыргызстандын жараны жана Ош облусунан болот.
Орус армиясы менен келишим түздү делген Аймээримдин жашы 31де. Биз анын айылдаштарынан, жакындарынан сураштырып отуруп, медициналык билими бар экенин билдик. Ата-энеси каза болгондон кийин ал балдарын алып, Орусияга иштегени кеткен экен.
Социалдык тармактардагы ушундай аты-жөнү бар бир нече баракчалар менен байланышкандан кийин акыры Аймээримдин өзүн таптык.
Ал бизге өзү Москванын четиндеги аскер бөлүктөрдүн биринде фельдшер болуп иштей турганын тактады. Аскер кызматкери экенин башкы беттеги формачан сүрөтү да далилдеп турду.
"Азаттык" Аймээрим менен байланышып, суроолорун узатты:
- Жакшы жүрөсүңбү? Азыр кайдасың?
- Москвадамын. Көп жылдан бери эле ушул жакта иштейм.
- Сени “Хочу жить” долбоорунун орус армиясына жалдангандар деген тизмесинен көрдүк? Ушул чынбы?
- Бул тизмени көрүп өзүм дагы нес болуп калдым. Бардык эле аскер кызматкерлерин киргизгенби, башкаларды дагыбы, мен тааный алган жокмун. Бирок айрым маалыматтар туура эмес экен ал жерде.
- Эмнеси туура эмес экен?
- Мен иштеп баштаган жыл дагы туура эмес жана жетондун номери. Мен аскер бөлүктө иштейм, госпиталдар менен сырттан иштешебиз.
Ошентип, Аймээрим орус армиясынын катарында согушка катышып жатканын четке какты. Бирок тактоо иретинде Орусиядагы аскердик бөлүктөрдүн баары Коргоо министрлигине карай турганын жана анда иштеген ар бир кызматкер министрлик менен келишим түзөрүн белгилей кетели.
Аймээрим Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимди качан жана кандай шартта түзгөнүн ачык айткысы келген жок. Андыктан биз анын кандай кызматта турарын билүү үчүн бир нече суроо узаттык.
- Дайынсыз болуп жаткан кыргыз балдар тууралуу маалымат жөнөтсөм тактап бере аласыңбы?
- Бирок госпиталдардан маалымат берилбейт, ал үчүн атайын запрос жибериш керек, аны азыр биз дагы жөнөтө албай калдык... Эже, маалымат алдык, кыскасы, алар "былтырдан бери дайынсыз экен" деп жооп беришти. Мынчалык көп убакыт дайынсыз болушпайт негизи, жашынса деле жакындары менен байланышка чыкмак. Каза болуп эле калышкан. Бир нерсе деп айтыш кыйын, бирок согушка барган адам кайра келбейт.
- Жарадар болгон же иштеген кыргыздарды көрдүңбү?
- Мен такыр кыргыздарды көрбөдүм. Келишим менен эмес, тааныштар аркылуу аскер бөлүгүндө иштеп калдым. Жетон бул жерде бардыгына эле берилет. Фельдшерликти ушул жактан окугам, башка эч нерсе айта албайм. Мен жашыруун эмес расмий эле иштеп жатам. Көп жерде болдум, кыргыздарды көрбөдүм. Негизи госпиталга жана аскер бөлүгүнө кыздарды алышы кыйын.
Аймээрим өзү тууралуу көп маалымат берүүгө тыюу салынганан жана ал атайын документке кол койгонун айтты. Ал орус армиясына жалдангандар деген тизмеге кантип кошулду, деги эле бул тизме кандай шартта түзүлөт?
“Хочу жить” долбоорунун туткундар боюнча координациялык штабынын өкүлү Тамара Курушкинанын жообу мындай болду:
“Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзгөн чет элдик жарандардын тизмеси көбүнчө биздин орус армиясындагы булактардан алынат. Учурда бизде Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында Украинага каршы согушкан же учурда согушуп жаткан 23 099 чет элдиктин тизмеси бар. Алардын ичинде бир нече гана аял бар. Тизмедеги сиз сураган кыргызстандык аял аскерге чакыруу бөлүмүндө иштеген чет элдик жаран катары же Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө кошулгандан кийин биздин тизмеге кирген болушу мүмкүн".
Аймээрим колуна курал алып, майданда жүрбөсө да анын окуясы Орусиянын согуштук аракеттерине тартылган кыргызстандык кыз-келиндер бар экенин ачыктады.
Орусияда мигрант аялдарды келишим негизинде Украинадагы согушка тартуу аракети кандай жүрөт жана алар эмне иш кылат?
“Азаттыктын” булактары буга чейин кыз-келиндерди келишим менен ашпозчулукка, тажрыйбасы барларды медайымдыкка чакырып жатканын бир нече ирет билдирген.
Журналисттер Орусиянын айрым аймактарындагы аялдар көп иштеген бала бакча, бейтапкана, китепканаларда согушка үгүттөгөн жарнамалар көбөйгөнүн жазышкан.
Аны менен катар эле жабык жайларда аялдарды согушка тартуу же мажбурлап, келишимге кол койдурган фактылар ачыкка чыккан.
“Украинага барбагын…”
Орусиянын Омск шаарында маңзат ташууга шектелип кармалган кыргызстандык Дилбарды жакындары согуштан куткарып калышкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" эжеси Зирегүл (кыздардын аттары өзгөртүлдү) айтып берди.
Үйдүн эркеси, эми эле 18ге чыккан кыз былтыр апрелде Орусияда баңгизат ташууга шектелип кармалган. Жакындарына аны курбулары алдап кеткенин, полицияда уруп-согуп, кыйноо көргөндөн кийин күнөөсүн моюнга алганга мужбур болгонун айтып берген.
"2025-жылдын 8-октябрында Омск шаарында курбулары менен жүргөн учурда кармалган. Сиңдим ага чейин мындайды уккан дагы эмес, билбейт болчу. Курбуларым деген кыздары алдап салып беришкен. Азыр ошол шаардагы убактылуу кармоочу жайда отурат. Кармагандан кийин полиция кызматкерлери өздөрү эле электрошокер менен токко тарттырып, уруп-согуп дагы залал келтирген. 5 граммдан 20 пачка болот, ошону карматып видеого тартканда “мен саттым” деп айтасың дешкен. Ошону менен сиңдимди камап салат. Курбулары жолдон дүкөнгө деп түшүп кеткенден кийин полиция келип сиңдимди кармаган”.
Зирегүл айткандай, тергөө абагында анын сиңдисине полиция кызматкери кылмышы оор экенин, бул берене менен узакка абакта жатарын айтып, чоң өлчөмдөгү сумманы убада кылып, согушка азгырышкан. Дилбар бул тууралуу СИЗОдон энесине жолдогон катында жазган. Бул каттан кийин Зирегүл дароо Омскиге барып, сиңдисинин бир нече сот отурумуна катышкан. Ал алардын ар биринде Дилбарга “согушка барба” деп, жалынып жалбарган.
“Кармалгандан кийин бир ай өткөндө "Сени издеп эч ким келбейт экен, сен жок дегенде 10-15 жылга чейин соттолушуң мүмкүн. Ошондуктан Украинадагы согушка ашпозчу болуп барсаң сага 2 млн рубль беришет, автоматтык түрдө Орусиянын паспортун беришет. Бирок сен ал жактан бир жылда эле бошоп чыгып кетесиң" деп сунуштаптыр. Менин сиңдимди алып кеткенге даяр болушкан. Психологиялык жактан көндүрүп коюшуптур. Сиңдим бизге “мен согушка барам, кол коюп берем” деп кат жазыптыр. Аны угарым менен Кыргызстандан Омскиге бардым. Сот учурунда биринчи айткан сөзүм эле “Украинага барбагын” болду. Украинага барган адам тирүү келбей турганын көп эле угуп жүрөбүз. Өзүбүздүн эле абабыз эки жыл мурда согушка кеткен бойдон дайынсыз. Сиңдим менен дагы бир бала кармалган, ошол баланы “өз ыктыяры менен согушка кетти” деп айтышты”.
“Кандайсыз апа, ден соолугуңуз кандай? Апа, мен сизди аябай сагындым. Сизге барганга жетишпей калдым. Эми сизди качан көрөм, билбейм. Мени 7-8 жылга камашса керек. Сиз мага кат жазып туруңуз, катты кантип жазышты билбесеңиз, адвокаттан сурасаңыз түшүндүрүп берет. Эгерде мага көп срок беришсе мен согушка барам. Ал жакта акча төлөшөт жана 1 жылда ал жактан чыгамын. Апа, мен чоңойгонумду эми сезип жатам. Мени кечириңиз, жаштык кылып оюма эч нерсе албай, сизди ойлобой каалаганымды кылганым үчүн кечирим сурайм. 18 жашымда бүт жашоомду буздум, капкандан качып капканга түштүм", - деп жазган учурда убактылуу кармоо жайында отурган кыргызстандык Дилбар.
"Азаттык": Сиңдиң сен баргандан кийин согушка барам деген оюнан баш тарттыбы?
Дилбар: “Мен сиңдиме абдан моралдык колдоо көрсөтүп, согушка барса жакшы болбой тургынын, апам ошол сиңдим деп жашап жатканын айттым. Сен бизге керексиң, апам, биз десең барба дедим. Бирок балдары, кыздары камалган ата-энелердин Вотсаптагы топторунда “алар жөн эле кол койдура берет, бирок медициналык билими барларды гана алып кетишет экен” деп айтышты. Кээ бирлери кол койгон менен алып кетпейт экен дешти. Бирок мен өзүмдүн мисалымда айтсам, сиңдимди алып кеткенге даяр болушкан”.
Темир тор артындагы кыз-келиндер үчүн, өзгөчө кылмышы оор саналып, узак мөөнөткө соттолгондорго согушка баруу - эркиндикке чыгуунун жалгыз жолу катары сунушталат. Маңзат ташуу оор кылмыштардын катарына кирет. Орусияда кармалган борборазиялык мигранттардын басымдуу бөлүгү ушул берене менен темир торго түшөрүн укук коргоочулар белгилешет.
"Бизден согушка барчуларды тизмелеп жазып кетишти. Жаза мөөнөтү узак болгондор "эркиндик алабыз" деген үмүт менен бүт эле жазылышты. Мен баш тарттым. Кудай буйруса, Кыргызстанга кетем", - деп жазылган дагы бир кыргызстандык кыздын катында.
Бул Орусиядагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Гүлбарчындын (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) каты. Ал жакындарына жазган катында өзү жаткан түрмөгө Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, согушка үндөп, барам дегендердин тизмесин алып кеткенин билдирген.
Гүлбарчын Орусияда иштеп жүрүп маңзат ташууга айыпталып, 12 жылга абакка кесилген. Жаза мөөнөтүн Владимир облусундагы аялдар абагында өтөп жатат. Ал баласын апасына таштап, Орусияга иштегени кеткен миңдеген мигранттын бири.
Гүлбарчын айткандай, согушка барабыз деп жазылгандардын канчасы кан майданга кетип, канчасы калганы белгисиз. Ал Кыргызстанга экстрадиция болдубу, жокпу, азырынча маалымат бериле элек.
Орусия Украинадагы согушка аялдарды дагы тарта баштаганы 2022-жылы согуш тутанган алгачкы маалда эле билине баштаган. Алгач бул иш менен менчик жалданма аскердик фирмалар алектенип, алардын бутасына аярлуу катмар - ошол эле түрмөдөгүлөр биринчи болуп илинген. Укук коргоочулар 2022-жылдын аягында миңдей аял согушка азгырылганын жарыялашкан. Маалыматка караганда, алардын теңи окко учса, аман калганы ырайым алып, эркиндикке чыккан.
Бөтөн эл, бөтөн жердеги согушка аялдар дагы азгырылып жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да көтөрүлгөн.
Орус абактарында жаткан жалпы эле Борбор Азиянын башка жарандарын да Украинадагы согушка азгыруу арбын экени жашыруун эмес. Өзбекстандын "Эзгулик" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, орус түрмөлөрүндө жаза өтөп жаткан ондогон өзбек аялдын туугандары ушундай маселе менен аларга кайрылышкан.
"Биздин кыздардын көбүн Украинадагы согушка жиберүү үчүн кысым болуп атат. Аларга "санитар болуп барасыңар" дешет экен. Алар кармалгандардын эркин сындырып, согушка барууга көндүрүү максатында 10 күн бою тамак берген эмес. Ата-энелеринин айтымында, айрым кыздар согушка алып кетпесин деп өз жанына кол салмак болгон", - деген өзбекстандык аял.
Орусия Украинага 2022-жылдын 22-февралында ар тараптан басып киргенден тартып эле абактагы кыз-келиндер согушка кыйыр аралашканы маалым. Тактап айтканда, майдандагы жоокерлерге күрмө, төшөнчү жана асынма баштык тигишкен. Эми аларды согушка барып, аскерлер турган жерди тазалап, алардын кирин жууп, ашпозчу болуп иштөө үчүн жалдашат.
Жогоруда айтылгандарды Орусияда сот жообуна тартылгандарга котормочу болуп келген кыргызстандык Салкынай (аты өзгөртүлдү) да тастыктап жатат.
"Күбө болуп эле жүрөм. Кечээ, ушул жумада эле аялдардын абагына бардым. Өзбек кыздарга менин көзүмчө эле сунушташты. Орустар өзбекче түшүнбөйт да, ошого мен аларды барбагыла, ал-бул деп айттым. Кечээ барганымда бир кыз жазып коюптур, бирок жообу келе элек деди. Эки кыз болчу шерик, жапжаш кыздар. Ошонун бирөө жазып коюптур".
Ушуп тапта Европада жашаган, орусиялык укук коргоочу Ольга Романова эркектерден айырмаланып абактагы аялдар ар кандай азгырыкка тез берилерин белгилейт.
“Аялдардын абагында интернет жок, алар телевидениеде эмне көрсөтсө ошону гана билишет. Ошондой эле алар Мекенге өмүрүн бергенге даяр. Алар бизге күн сайын фронтко баруусуна жардам берүүбүздү өтүнүп обондуу ыр коштолгон түрдүү каттарды жолдошот. Алар күнөөсүн ушундай жол менен жуугусу келет. Орус түрмөлөрүндө 400 миңдей киши отурса алардын 8 пайызы же 35 миңдейи аялдар. Бардыгын алып кете албайсың. Бирок мени ал жактан тандабай эле алып кетип жатканы таң калтырды. Снежныйдагы абактан 50, Орусиянын түштүгүнөн жүздөгөн, Липецкиден 30 аялды алып кеткен. Болгондо дагы жашына, физикалык даярдыгына карабай алып кетишкен”.
Орус бийлиги Украинадагы согушка аялдар да жапырт тартылганы тууралуу маалымат бербейт. Кремль аялдардын армияда жүргөнүн “ыктыярдуу кызмат” деп белгилейт.
Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу мындай деген:
"Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө 37,5 миңден ашуун аял кызмат өтөйт. Орусиялык аялдар өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтө албаган кесип калган жок, армия менен флот да мындан четте эмес".
Ошол эле маалда расмий булактар Украинадагы кан күйгөн аймактардагы аскер күчтөрүнүн арасында аялдар бардыгын четке какпайт.
2024-жылдын ноябрында орусиялык маалымат каражаттары 43 жаштагы теги өзбекстандык Хулкар Ойдинова тууралуу улам-улам видео таратып, мигрант аялды Кремль өз пропагандасынын куралы кылып колдонгон.
Самарканддын тургуну, алты баланын энеси Хулкар алгач күйөөсү менен Орусияга ишке барган, 2022-жылы экөө тең согушка кеткен. Жубайлар майдандагы аскердик бөлүктө ашпозчу болуп иштеген. Азыр алардын кайда экени тууралуу маалымат жок.
Ушундай эле окуяга теги казакстандык аял туш болгону да белгилүү. Бул тууралуу Орусиядан чыгып кеткен укук коргоочу Валентина Чупик дагы белгиледи:
"Орусиянын түрмөлөрүндө 2022-2023-жылдары мигрант эркектерди согушка тарткан көптөгөн учур болгон. Алар массалык түрдө болгон деп айтсак болот. Мигрант аялдар тууралуу менде так маалымат жок. 2023-жылы бир гана учур болгон: орус тектүү казакстандык аял согушка өз ыктыяры менен барган. Ал мындай кадамга билип эле барган. Баңгизат ташууга айыпталып соттолгон. Башкача айтканда, ал өзү маңзат менен алектенип жатканын билген. Түрмөгө түшкөндөн кийин согушка ыктыяры менен барарын айтып, ал жакта "ашпозчу болуп иштейм" деген. "Сени ашпозчу эмес, "полктун жарпын жазуучу" катары жалдап жатышканын түшүнөсүңбү?" деп суроо бергем. Албетте, ал тамак жасайт, ошол эле маалда колдон колго өтүп, сексуалдык зордуктоого кабылуу коркунучу да жогору болчу. Бирок ал ишенген жок, андай болушу мүмкүн эмес деп артка кайтпады. Мен ага Казакстан элчилигинин телефон номерин бердим. Анын тагдыры эмне болгону мага белгисиз”.
Орусиянын Коргоо министрлиги аялдардын “атайын аскердик операциянын” алкагында ар кандай милдеттерди аткарып жатканын билдирген, бирок алардын канчасы майданга чейин жетип, кандуу кармашка катышканы тууралуу так маалымат бербейт.
“Хочу жить” долбоорунун туткундар боюнча координациялык штабынын өкүлү Тамара Курушкина аялдарды орус армиясына тартуу буга чейин ийгиликсиз болгонун белгиледи:
“Орус армиясына дайыма жөө аскерлер керек. Буга чейин биз Орусиянын чабуул койгон бөлүгүнө өзгөчө түрмөдөгү аялдарды тартуу эксперименти ийгиликсиз болгонун билебиз. Ошондуктан андай тажрыйба майнапсыз болгондуктан кеңири колдонулган эмес".
Мигранттарга укуктук жактан жардам берген юрист Мирлан Токтобеков Орусиядагы госпиталдарда санитар, дарыгер болуп иштеген кыргыз тектүү аялдар тууралуу маалыматтар бар экенин билдирүүдө. Ал бул тууралуу согушта жарадар болуп госпиталга түшкөн борборазиялык аскерлерге шилтеме кылып айтты:
“Согуштун өзү абдан көп, колоссалдык адам ресурсун талап кылган окуя. Фронтто эле эмес тылда же фронт менен чектешкен жерлерде кызматтар бар да. Мисалы, эркектер жетишпей жаткан учурда аялдарды ашпозчу кылып алат. Медиктер, медайым, дарыгерлер же ошол фронтко тийиштүү болгон башка кызматтар. Кампаларда, эгер глобалдык согуш дей турган болсок, көп аскерий заводдордо иштегендер дагы катышуучу болуп эсептелет. Согуштук техниканы ремонт кылган бригадаларда иштеген аялдар бар. Согушка аялдарды Украина көбүрөөк тартып жатат. Алар мекенчилдик сезим менен катышып жатса, Орусиядан келишим түзүп барып жатышат. Негизинен орус-украин согушунда аялдар Орусия тараптан көп тартылган жок. Анткени эркектерди түрмөдөн, кылмышка аралашкан учурда же ошол эле мигранттарды мажбурлап алып кетүүгө шарт түзүлгөн. Аялдарга деле абак жайларда ушундай сунушташат, бирок эркектерге салыштырмалуу өтө эле мажбурлашкан жок. Бизде госпиталда санитарка, медайым, дарыгер болуп иштейт деген маалыматтар бар. Жарадар болуп госпиталга жаткандар менен сүйлөшкөн учурда көбүнчө Орусиянын жарандыгын алгандар экенин айтышат. Балким алар келишим түзгөн же медайымдар аскердик каттоого турган учурда милдеттендириши ыктымал. Бирок мажбурлоо жолу менен баргандар жокко эсе”.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда миграцияда жүргөн же абакта отургандардын арасында өз ыктыяры менен эле согушка жөнөгөндөр бардыгын билдирген. Бирок согуш башталган төрт жыл ичинде Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, кан күйгөн кармашка кеткен аялдар тууралуу маалымат түшпөгөнүн “Азаттыкка” билдирди.
Тышкы иштер мекемесинин маалыматына караганда, Орусиянын абактарында 1210 кыргызстандык отурат. Алардын канчасы аял экени белгисиз.
Борбор Азия республикаларынын бийликтери чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышууларга катышуу кылмыш экенин байма-бай эскертет. Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарга кылмыш иштери козголгон. Согушка жалданып, өз мекенине кайтып келгендердин айрымдары соттолуп, беш жылга чейин абакка кесилген учурлар да бар. Ошол эле кезде чөлкөмдөн барган миңдеген мигрант Орусиянын армиясынын катарында согушуп жүрөт.
Кыргызстандан миңдеген чакырым ыраакта болуп, таптакыр тиешеси жоктой сезилгени менен кан күйгөн согуш алааматы жүздөгөн адам тагдырын таптакыр башка нукка буруп койду. Согуш отуна дагы канча тагдыр куйкаланат? Ал качан токтойт? Бул суроого азырынча так жооп айтуу кыйын...
Шерине