Орусиянын түрмөлөрүндөгү аялдар согушка азгырылып жатканын укук коргоочулар алгач ирет 2022-жылдын соңунда айтып чыгышкан.
Алардын маалыматына караганда, миңдей аял согушка азгырылган. Теңи майданда набыт болгон, теңи ырайым алгандан кийин үйлөрүнө кайткан. Азгыруу дагы эле уланып жатат.
"Север.Реалии" долбоору соттолгондордун көбү 2023-жылы фронтко жетпей калганын аныктаган.
"Отко айдаласыңар"
Арина (аты-жөнү өзгөртүлгөн) былтыр Липецк облусундагы түрмөдө маңзат үчүн жазасын өтөп жаткан жеринен согушка азгырылган. Журналисттерге маек курууга ал узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана макул болду. Анткени "ал окуяларды" азыр эстегиси келбейт.
"Эч кандай атайын билимим жок. Бир нече жыл дүкөнчү болуп иштегем, болду... Согушка азгырып жатканда эч кандай деле суроо беришкен жок. Жаш курагыма, саламаттыгыма көңүл бурушту. Мени көзгө атарлыкка жазышты. Кайдагы тажрыйба? Өмүрү колумда автомат кармап көргөн эмесмин. Акыры Донецк облусундагы аскер бөлүгүнө медайым катары бардым. Мени кудай сактаптар, анткени ал бөлүктөгүлөрдүн көбү каза болгонун уктум. Кийин убада кылынгандай эле ырайым кылып, кое беришти. Мен согушка барарда бошотушарына ишенген эмесмин. Бирок алдыда дагы беш жыл бар болчу, ошондуктан аргасыз элем. Бизге эч нерсе үйрөтүшкөн жок, санбөлүккө таштап коюшту. Фронт тилкесине барган жокмун", - дейт Арина.
Арина кошумчалагандай, аскердик бөлүктөгүлөрдүн дээрлик бардыгы алкоголь ичишчү.
"Албетте, баары ичет. Калгандары баңгизат колдонот. Мен дагы ага кириптер болгом. Башка арга жок", - дейт ал.
Согушка азгырылган аялдын дагы бир курбусу Елена ырастагандай, майданга жөнөтүлгөн аялдардын 90% же ичимдикке, же маңзатка көз каранды.
"О, кудай, ал жакта кандай контингент экенин түшүнбөйсүңөрбү? Ал жакта кашыгын оозуна жеткире албаган баңгилер (наркомандар) бар. Бул уурулар, өмүр бою шымына кое берген бойдон көчө боюнда, ар кайсы өтмөктөрдө жаткандар. Албетте, мен бир аз тоголоктоп айтып жаткандырмын. Баары дегеним 90% да. Ооба, мына ушундай аялдар отурат түрмөдө. Ошолорду азгырышты, башка кимди алышат. Курбума "сен эмнеге макул болгонуңду билесиңби? Ал жактан силерди жөн гана отко айдашат... Ал жакта олбурлуу эркектер чымындай чыркырап өлүп жатышат" деп айттым. Жок, үйгө баргым келет деп болбой койду. Менимче, акчага кызыкты. Камактагылардын көбү маңзат колдонгондор. Алардын башкы максаты акча. Коргоо министрлиги адаттагыдай, аларга алтын тоолорду, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну жана андан тышкары "сый-урмат" убада кылат. Мунун баары эми кулакка илинген эле кесме да", - дейт Елена.
Аринанын айтымында, ага убада кылынгандан аз акча төлөнгөн.
"Алгач жарым миллиондой рубль, анан ай сайын 200 миң рубль убада кылышкан. Жыйынтыгында ай сайын жүз миңден төлөп беришти. Ал эми бир жолку төлөмдү убада кылынгандан эки эсе аз беришти. Нааразы болгон жокмун, корктум, эптеп тирүү чыгуу тууралуу эле ойлондум. Өкүнгөн учурлар да болду. Эми тирүү кутулгандан кийин жакшы эле. Аябай коркунучтуу учурлар болду. Айланамдагылар мас. Анан жарадарлардын кезектеги партиясын алып келгенде жөн эле тозок башталат. Анан көнүп калганда жеңилирээк",-дейт Арина.
Эки каарман тең белгилегендей, келишим менен таанышып, кол коюуга документтерди түрмөдөн эле беришкен.
"Айтайын дегеним, аларга бул келишимди окуганга мүмкүнчүлүгү болгон. Азыр баары башкача. Азыр келишимде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сөз жок. Шарттуу гана бар. Бул деген алар согушуп, согушуп, кайра түрмөгө кайтып келишет. Акча таап, кайра айтка кайтуу дегендей. Бирок алар бул тууралуу билишпейт. Жаңы азгырылып жаткандарга бул тууралуу айтышпайт. Келишимге түрмөнүн аймагынан чыккандан кийин кол коюшат. Алардын баарын чогултуп, автозактарга тыгып, бир жактарга алып чыгып кетишет. Каякка алып барышат билбейм, эч ким билбейт. Анан бир жерден окубастан, шарттары менен таанышпастан эле кол коюшат. Окуп, таанышсаң деле кеч болуп калат. Түрмөгө согуштагы мөөнөттү өтөгөндөн кийин гана кайтасың. Эркектер менен деле ушундай".
Елена кошумчалагандай, азыр мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу деген шарт жоктугуна карабай, түрмөдөгү аялдар согушка ашыгышат.
"Күзүндө эле чакырган, кол койгонбуз, эми "таштап кетишти" деп нааразы болушат. Байкуштар, силерди унутуп калганына сүйүнгүлө деп ойлойм. Алар болсо дагы нааразы болушат"-дейт ал.
"Бир миңдей аялды жөнөтүштү"
Азыр Орусиянын түрмөлөрүндө 400 миңдей адам бар. Алардын сегиз пайызын аялдар түзөт. Бул болжол менен 35 миң дегенди билдирет. Укук коргоочулардын айтымында, Коргоо министрлиги согушка барууга макул болгондорду азгырган менен фронтко жеткирген эмес.
"Алар "эксперименти" ишке ашпай калганын түшүндү. Аялдар фронтто эч кандай тартипти жөндөй алышкан жок. Маңзат менен ичимдиктен улам түрмөдөн барган эркектер эле көп көйгөй жаратышчу. Аларга анан аялдар кошулду. Буга чейин миңдей аялды согушка жөнөтүшкөн. Эң биринчи мындай учур 2022-жылдын декабрь айында катталган. Анда Украинанын Куралдуу күчтөрү Снежныйдагы (Донецк облусунун Орусиянын карамагандагы бөлүгү) түрмөдөн 50 аял согушка азгырылганын билдирген. Азгырылган аялдардын көбүн чабуул коючулардын катарына жөнөтүшкөн. Кайсы берене менен соттолгонуна карашкан эмес. Болгону ВИЧ макамынын бар-жогун карашкан",-дейт ысымы жашыруун калуусун каалаган укук коргоочу.
Дагы бир укук коргоочунун айтымында, Иванов облусундагы Кинешмыдагы түрмөдөн ошол эле шарттар менен 2022-жылы келишимге 50дөй аял кол койгон.
"Соңку азгыруу процесси биздин маалыматтарга караганда, ИК-7 түрмөсүндө болгон. Ал Ленинград облусунун Ульяновка аймагында жайгашкан. Аларды 2023-жылдын сентябрь айында эле азгырышкна. Үч айдай башка жакта кармашкан. Эч кимисинин тажрыйбасы болгон эмес. Эки айдай окутушарын айткан. Кийин сабактар болгон-болбогону деле белгисиз. Кийин аларды эч жакка алып барган жок"-дейт ал.
Маалыматтарга караганда, Липецк облусундагы Новоуглянки айылындагы түрмөдөн дагы 30дай аял 2023-жылдын күзүндө Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн.
"Аларды концерттик залда чогултуп, салтанаттуу түрдө мекен коркунучта экенин, жалгыз "үмүт аларда калганын" айтышкан. Мында эркиндикке чыгам деп жаткандар дагы акчанын айынан кол коюуга шашылышкан. Бирок аларды да эч жакка алып кетишкен жок",-дейт "Север. Реалии" долбоорунун булагы.
2023-жылдын октябрь айында "Важные истории" агенттиги Коргоо министрлигине караштуу "Редут" менчик аскердик компаниясы "Борз" батальонуна Украинадагы согушка катышуу үчүн аялдарды ала баштаганын жазган.
Ал эми 2023-жылдын март айында мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы согушка 1100 аскер аял катышып жатканын, алардын ар бир үчүнчүсүнө мамлекеттик сыйлык ыйгарылганын айткан.