Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:39

Харьковдо кандуу чабуулдун курмандыктары көбөйдү. Зеленский дүйнө лидерлерине кайрылды


Харьков: Гипермаркетке чабуул
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Харьков: Гипермаркетке чабуул

Украинанын Харьков шаарындагы соода борборго орус армиясынын соккусунан набыт болгондордун саны 18ге жеткени кабарланды. Бул тууралуу жекшембиде Ички иштер министрлиги билдирди. 25-майдагы ракеталык соккудан ондогон жайкын тургун жараат алды.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия чабуулдарын улантып жаткан Харьковго барып, дүйнө лидерлеринен кошумча жардам сурады. 26-майдагы кайрылуусунда ал Орусия Харьковдун түндүк-батыш тарабынан 90 чакырым аралыкта чабуулга камданып жатканын, ал жакка кошумча күч топтогонун айтты.

"Биз орус аскерлеринин топтолгон ар бир пунктун көрүп жатабыз. Биз Орусиянын ракеталары жана согуштук учактары учурулган бардык аймактарды билебиз. Бул террордук күчтү жок кылуу - миңдеген кишинин өмүрүн сактап калуу жана согуштун жайылышына жол берилбейт деген кепилдик. Өнөктөштөрдүн бизге жардам боюнча чечкиндүү чечим кабыл алышы - накта саясий чечим. Кабыл алынышы керек болгон чечим”, - деди Зеленский.

27-майдын таңындагы маалыматка караганда, Харьковдогу «Эпицентр» курулуш гипермаркетине 25-майда урулган соккудан каза болгондор 18ге жеткен болушу мүмкүн. Алардын 11и тууралуу маалымат такталганын, жетөө боюнча мындай божомол дайынсыз деген арыздардан улам жасалып жатканын «Азаттыктын» украин кызматына Харьков облустук прокуратурасынын расмий өкүлү Дмитрий Чубенко билдирди. Анын айтымында, өрт катуу болгондуктан сөөктөрдүн айрымдарын дароо таануу мүмкүн эмес болууда.

Харьковдун мэри Игорь Терехов бул чабуулду “кадимки терроризм” деп атап, жараат алгандар 40тан ашуун экенин билдирди.

Бүгүн Харьковдо Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Украинага 2022-жылдын 24-февралында толук масштабдуу согуш ачкан Орусия соңку кезде көбүрөөк Харьков облусун бутага алууда.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги коопсуздук булактарына таянып, гипермаркеттин ичиндеги аскердик кампа бутага алынганын жазды. Буга далил келтирген жок. Украинанын президенти дүйнө лидерлерин Тынчтык саммитине чакырды

26-майда украиналык куткаруучулар Харьковдогу ракеталык чабуулга туш болгон соода борбордун урандыларынын арасынан күйүп кеткен адамдардын сөөктөрүн алып чыгышты. “Эпицентр” деп аталган курулуш гипермаркетине жасалган чак түштөгү аба соккудан кеминде 60тан ашык киши жараат алганын Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов билдирди. Ал муну террорчулук катары мүнөздөдү. Ички иштер министри Игорь Клименко дагы 16 кишинин дайыны белгисиз экенин кабарлады.

“Күтүүсүздөн болду. Башында түшүнбөй калдык. Жарыктын баары өчүп эле, башыбызга ар нерсе түшө баштады. Караңгы, дагы жакшы телефонубуз бар эле, аны менен акырын жол таап чыктык. Айланабызды өрт каптай баштаган эле”,- дейт соода борборду тазалап иштеген Любовь.

Харьков: Соода борборуна тийген соккунун кесепети (комментарийсиз видео)
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов билдиргендей, орус армиясы гипермаркетке эки авиабомба ыргыткан. Бул куралдын ар биринин салмагы 250 килограммды түзөт. Реактивдүү системаларга салыштырмалуу бул авиабомбалар соккуну тагыраак урат жана траекториясын тууралай алат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-майдын кечинде жасаган билдирүүсүндө сокку урулган маалда соода борбордо 200дөй киши болгонун билдирди.

"Харьковго чабуул - Орусиянын акылы айныганынын дагы бир кезектеги далили. Башкача атоо мүмкүн эмес",- деген Зеленский дүйнө лидерлерин абадан коргонуу системаларын жөнөтүү менен колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Орус армиясынын чабуулуна кабылган "Эпицентр" cоода борбору. 25-май, 2024-жыл. Харьков.
Орус армиясынын чабуулуна кабылган "Эпицентр" cоода борбору. 25-май, 2024-жыл. Харьков.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги коопсуздук кызматындагы ысымын атабаган кызматкерге таянуу менен, эч далил келтирбестен гипермаркеттин ичинде “аскердик кампа жана аскердик башкаруучу пункт болгонун” жазды. Дегеле расмий Москва көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.

Орусиянын армиясы 26-майга караган түнү да Украинанын аймагына дрон жана ракеталар менен чабуул жасоону улантты. Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдиргендей, жекшембиге караган түнү 31 “Шахед” дрону жана 12 канаттуу ракета атып түшүрүлгөн.

Тынчтык саммити жана Зеленскийдин легитимдүүлүгү

Владимир Зеленский дүйнө лидерлерин Тынчтык саммитине чакырган видеокайрылуу жасады.

“Мен дүйнө лидерлерине, анын ичинде Кошмо Штаттардын лидери Байденге, Кытайдын лидери, төрага Сиге кайрылам. Биз БУУнун уставдары өрттөнүп кетишин каалабайбыз. Силер да каалабайсыңар деп үмүттөнөм. Тынчтыкты, соккулар ортосундагы тыныгууларды эмес, тынчтыкты жакындатууда өз лидерлигиңерди көрсөтүп койгулачы, суранам”,- деди ал.

Украин президенти 15-16-июнда Швейцарияда өтүүчү Тынчтык саммитине делегация жиберерин 80 мамлекет ырастаганын кошумчалап, бул үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Bloomberg агенттиги АКШ президенти Байден өз шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултуу менен алек болгондуктан, июнь айында саммитке келе албашы мүмкүн экенин жазган.

24-майдагы Борбор Азиянын журналисттери үчүн Украинадагы маалымат жыйында Зеленский аталган саммитте чөлкөмдөгү лидерлерди да көргүсү келерин айткан.

"Мен Борбор Азиянын бардык лидерлери сөзсүз барып, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем", - деген украин президенти.

Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес. Орус президенти Владимир Путин ушул аптада Минскиде Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко менен жолугуп жатып бул саммит тууралуу өз оюн билдирген.

"Швейцарияда өтөрү жарыяланган конференциянын максаттарынын бири- батыш коомчулугу, азыркы Киев режиминин демөөрчүлөрүнүн Украинанын учурдагы мамлекет башчысы, тагыраагы буга чейин кызмат өтөгөн Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгүн бекемдөөсү",- деди Путин.

Украинада кезектеги президенттик шайлоо быйыл 31-мартта өтмөк. Баш мыйзамга ылайык, согуштук абал учурунда эч кандай добуш берүү өткөрүлбөйт. Өткөн жылдын ноябрь айында Зеленский согуш учурунда шайлоо өткөрүү "жоопкерсиздик" болорун айткан.

"Орусия Федерациясынын легитимсиз президентинин Украина президентинин легитимдүүлүгүнө байланыштуу билдирүүлөрү супсак",-деди Зеленский Орусиянын лидерине жооп кайтарып жатып.

Белгороддогу ракеталык соккулар

Орусиянын Украина менен чек арасына жакын жайгашкан Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 25-майдагы чабуулдарда төрт кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Ал кошумчалагандай, 18 киши, анын ичинде эки бала жараат алды. Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги 26-майга караган түнү Курск жана Орлов облустарында 13 дрон абадан атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Расмий Москва соккуларды Украинадан көрүп келет. Расмий Киев Орусиянын аймагында болгон окуяларды адатта комментарийлебейт.

Ал арада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 24-майда The Economist журналына курган маегинде Украинага Батыш берген курал-жабдыкты Орусиянын аймагындагы аскердик жайларга сокку урууга уруксат бериш керек деген пикири менен бөлүштү.

Буга чейин АКШ жана Батыш мамлекеттери Киевге Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бербей келген.

Маалым болгондой, Ак үйдө учурда бул чектөөнү бир жеңилдетүү боюнча талкуулар көтөрүлүп жатат. The New York Times жазгандай, мындай демилгени АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барып келгенден кийин сунуштаган. Басылманын булактары Блинкендин позициясынын өзгөрүшүнө орус күчтөрүнүн Харьковдогу чабуулдары түрткү болгон.

Бир аз мурда Британиянын өкмөтү өзү берген курал-жабдыкты Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG