Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Зеленский Борбор Азия лидерлерин саммитке чакырды


Владимир Зеленский. Харьков. 24-май.
Владимир Зеленский. Харьков. 24-май.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айтты.

Мындай пикирин ал 24-майда борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифинг маалында “Азаттыктын” журналистинин региондогу беш мамлекет менен Украинанын мамилеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Дүйнө саммити жана Борбор Азия

Маалымат жыйыны 23-майда Орусиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза болгон Харьковдогу басмакананын аймагында өттү.

"Силердин лидерлерде баланс жоктой. Менимче, алар Кремлден сестенген үчүн орустар тарапка ооп турушат. Түшүндүрө кетейин... Бул жеке пикирим деп үмүттөнөм. Кимдир бирөөгө доомат артпайм. Маселен, биз тынчтык саммитин уюштуруп жатабыз. Биз алгачкы кадамдарды жасоодобуз. Алар там-туң баскан баланыкындай. Ишенимсиз, бирок колдоого муктаж. Алар согушту көздөбөйт. Алар алдыга, тынчтыкка гана умтулат. Мына, силерге мисал. Биз бардык лидерлерди чакырып жатабыз, баарын. Алардын кызыкчылыгы ар кандай, санкция киргизгендери бар, киргизбегендери бар. Борбор Азия лидерлерин да чакырдык. Биз аларды бул саммитте көргүбүз келет. Бул жерде эмнеден коркушат? Ал жерде Путиндин жок болушу гана коркунуч жаратат. Эмне, алар келип койсо, Путин Борбор Азиянын бир мамлекетине танктары менен жөнөйбү? Жок, бул аздык кылат. Алар Кремль менен азыркы алакасын жоготуп алуудан коркот. Бул согуштун аякташына жардам бербейт. Кудай сактасын, элестетип көрсөңөр, биздин позицияда болсоңор, колдоо көрсөтпөгөн, кошулбаган өлкөлөргө кандай карайт элеңер? Өкмөттөр санкция киргизет, бирок саммит бул тынчтык тууралуу, бул диалог тууралуу. Кайсы бир агрессорго каршы согушта жалгыз экениңерди элестетип көрсөңөр. Менимче бул алсыздык. Мен Борбор Азиянын бардык лидерлери сөзсүз болуп, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем", - деди Зеленский.

Зеленский Борбор Азия лидерлерине кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00

Зеленский Швейцарияда 15-16-июнда өтө турган бул Тынчтык саммитинде көтөрүлө турган үч негизги маселени атады.

"Биринчиден, бул өзөктүк, энергетикалык коопсуздук. Учурда бизде бир станция, алты блок (Запорожье атомдук электр станциясы тууралуу кеп болууда-ред.) оккупацияланган. Бул Чернобыль кырсыгынан алты эсе ири масштабдагы алаамат болушу мүмкүн экенин бир нече ирет айтканбыз. Техникалык жумушчулар - украиндер, орусиялыктар жетектейт. Биздикилер кулдай иштеп жатат, канчасы өлүү-тирүү экенин билбейм. Украинада 15 блок бар, оккупациялангандарды кошкондо. Орусия күн сайын аёосуз, башаламан соккуларды жасап жаткан ракеталык жана башка соккуларды эске алганда бул олуттуу чакырык".

Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана айырбаштоону эске алган гуманитардык пункттар караларын баса белгиледи. Зеленский тактагандай, үчүнчү пункттун алкагында бир гана туткундарды айырбаштоо эмес, Орусия күч менен чыгарып кеткен балдардын кайтарылышы да каралат.

Украин президенти Москва лидерлердин бул саммитке келишине тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.

15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Зеленский сунуштаган "тынчтык формуласын" жана башка маселелерди талкуулашат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес.

Көз карандысыздык тууралуу

Маалымат жыйына учурунда Зеленский Украина өз көз карандысыздыгы үчүн оор күрөштөн өтүп жатканын кошумчалап, өлкөсү "баары бир жеңерин" ишенимдүү белгиледи.

"Дүйнөдө кендери, энергетикалык ресурстары жок, бирок алдыңкы өлкөгө айланган көп эле мамлекеттер бар. Анткени алар бирөөгө көз каранды эмес. Алар эли өз паспортун, жарандыгын, иденттүүлүгүн сыйлашы үчүн көбүрөөк аракет кылышат. Кимдир бирөөнүн виртуалдык колдоосун издөө менен иденттүүлүктү жоготуп албоо маанилүү. Украина өз карандысыздыгын көп ирет жоготуп, тапты. Тагыраагы, бизден алып коюшчу", - деп кошумчалады Зеленский.

Украинанын лидери Владимир Зеленский жыйында анын президент катары легитимдүүлүгү тууралуу Орусиянын башчысынын айткандарына да жооп берди.

"Украиналыктар Конституцияны билишет, мыйзамдарды билишет. Орусия Федерациясынын легитимсиз президентинин Украина президентинин легитимдүүлүгүнө байланыштуу билдирүүлөрү, чынын айтканда, кызыксыз. Баары мыйзамдарды окуганды билген адекваттуу адамдар, эгер окуганды билген киши болсо окуп, жыйынтык чыгарат деп ишенем. Бул мени такыр эле тынчсыздандырбайт".

17-майда Орусия президенти Путин Зеленскийдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин анын легитимдүүлүгү тууралуу суроого Украинанын укуктук жана саясий системасы жооп бериши керектигин айтып, бул маселе Орусия үчүн да маанилүү экенин, анткени кайсы бир документке кол коюу үчүн легитимдүү бийлик керектигин кошумчалаган.

Украинада кезектеги президенттик шайлоо быйыл 31-мартта өтмөк, бирок, Баш мыйзамга ылайык, согуштук абал учурунда эч кандай добуш берүү өткөрүлбөйт.

Өткөн жылдын ноябрь айында Зеленский согуш учурунда шайлоо өткөрүү "жоопкерсиздик" болорун айткан.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат.

Борбор Азиянын позициясы

Кыргызстан Орусия Украинага кол салганда эки өлкөнү тынчтыкка чакырып, президент Садыр Жапаров расмий Бишкек Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда бейтарап позицияны карманарын билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев согуштун өзүн комментарийлебегени менен, Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан.

Өзбекстан да Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде Украинанын бүтүндүгүн колдоп, Донбасстагы түзүмдөрдү тааныбастыгын билдирген.

Тажикстандын расмийлери согуштун бир жылдыгында, тагыраагы 2023-жылы февралда согушту токтотууга чакырган. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Тажикстандын Орусия менен да, Украина менен да мамилеси жакшы экенин белгилеп, мурдагы союздук өлкөлөрдүн жарандарын Украинага согушка азгырган аракеттерге каршы экенин айткан.

Түркмөнстан тышкы саясатка байланыштуу маселелерде үн катпай, бейтараптуулукту жыйырма жылдан ашуун карманып келет. Бирок жергиликтүү басылмалар расмий Ашхабад Орусия тарапка ыктап, айрым түркмөн чиновниктери Украинадагы согушка Батышты күнөөлөгөнүн жазышкан.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Борбор Азиянын тургундары эки тарапта тең согушууда. Буга чейин "Азаттык" Орусиянын күчтөрүнө кошулуп, Украинага барганда каза тапкан кыргызстандыктар тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG