Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:07

Зеленский Харьковдо борбор азиялык журналисттерге маек берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айтты. Мындай пикирин ал 24-майда Харьков шаарында борбор азиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифинг маалында “Азаттыктын” журналистинин региондогу беш мамлекет менен Украинанын мамилеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бул брифингге өзбекстандык, казакстандык жана кыргызстандык журналисттер катышты. Маалымат жыйыны 23-майда Орусиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза болгон Харьковдогу басмакананын аймагында өттү.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG