Пицца кутусунун алдына салынган баңгизат. 228-берене менен айыпталган курьерлер
21 жаштагы Шахбоз Татбиев Өзбекстандын Фергана облусунда туулуп-өскөн. Азыр Бурятиядагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз алуу, сактоо, ташуу, өндүрүү же кайра иштетүү") менен айыпталып соттолгон.
Шахбоздун энеси Умида уулу бейкүнөө жерден камалып кеткенин айтып берди:
"Уулум уста болчу, үйлөрдү европалык стилде оңдоп-жасалгалоо менен алектенчү. 2024-жылы ал акча табуу үчүн Москвага барууну чечип, телефон аркылуу иш тапкан. Аны курьер болуп иштөөгө чакырышкан. 2025-жылдын июль айында машина менен буйрутма жеткирип баратканда токтотулуп, тамак-аш салынган баштыктан 65 грамм порошок табылган. Уулум баштыктын ичинде баңгизат бар экенин билген эмес. Аны атайлап кармашкан. Натыйжада 6,5 жылга кесилип кетти", - деп ыйлап отурат энеси.
Умиданын Гүлшода аттуу жердеши да Орусияда пицца жеткирип иштеген уулу да ушундай эле айып менен камалып кеткенин билдирди.
"Уулумдун үй-бүлөсү - аялы, эки баласы бар эле. Күйөөм экөөбүзгө да каралашып турчу. Экөөбүз тең картайып калдык, оорукчанбыз. Бул жакта жакшы жумуш чыкпагандыктан, Орусияга кеткен. Пицца жеткирүүчү болуп жумушка орношкон. Бир күнү мейманканага пицца жеткирип берүү тууралуу буйрутма келген. Балам мейманканага келгенде, полиция аны кире бериштен токтотуп, тинте баштаган. Алар пицца кутучасынан баңгизат тапкандан кийин түрмөгө түштү. Ошондон кийин үй-бүлөсү бузулду, келиним турмушка чыгып кетти. Балдарын бизге калтырган. Азыр небере карап отурабыз", - деди улгайган Гүлшода.
Орусияда 228-берененин негизинде соттолгон өзбекстандыктардын туугандары WhatsApp тиркемесинен тайпа ачып алышкан. Ага азыр 1700дөн ашуун киши мүчө. Анда камакта отургандардын жакындары аларга келишим менен Украинага барсаңар, абактан чыгасыңар деген сунуштар түшүп, кысым көрсөтүлүп жатканын билдирип жатышат.
"Баарынын окуясы бирдей. Бардык ата-энелер балдарына баңгизат атайлап салынганын айтышат. Менин уулум түрмөдө 10 күн бою тамак-аш берилбей калганын жана Украинадагы согушка баруу үчүн Коргоо министрлиги менен келишим түз деп коркутушканын айтты. Айрым ата-энелер балдары согушка баргысы келбей турганын, бирок түрмөнүн шартына чыдабай калганын билдиришүүдө. Мындан улам өз жанын кыюу жакшы деп ойлогондор да бар экен", - деди Гүлшода.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Орусияда 228-берене менен 50 миңден ашык адам соттолгон (2025-жылга карата маалыматтар азырынча жок, бирок жылдын биринчи жарымында 21 миңден ашык адам соттолгон). Соттолгондордун эки пайызга жакыны башка өлкөлөрдүн жарандары болгон. Салыштыруу иретинде айтсак, 2023-жылы миңге жакын чет элдик камакка алынган. Алардын жарандыгы тууралуу маалымат жок. Бирок укук коргоочулар көпчүлүгү Борбордук Азиядан баргандар экенине бөркүндөй эле ишенет.
"Замбирекке жем"
Орусияда мигранттар менен иштеген укук коргоочу Валентина Чупиктин айтымында, орус бийлиги Украинага каршы согуш баштаган биринчи күндөн тартып эле Борбордук Азия мамлекеттеринин жарандарын согушка күч менен азгырып жатат:
"2022–2023-жылдары мигранттарды сабаган, ал тургай швабра менен зордуктаган учурлар болгон. Аларды ушундай жол менен келишимдерге кол коюуга мажбурлашкан. Ал эми 2022-жылдын октябрь, ноябрь айларында, декабрь айынын башында жана 2023-жылдын март айына чейин жөн гана уурдап кетишкен. Адамдар эч нерсеге кол коюуга мажбурланган эмес. Полициянын фургону келип, жарандыгына карабастан, славяндан башка расадагыларды салып кетишкен. Андан соң аларды тандап, кол койдурбай эле согушка салышкан. Мындан тышкары "ыктыярдуу жалдоо" деген бар. Адамдарды согуш жакында бүтөт деп алдашат. Көп акча төлөнөрүн, ал сөзсүз берилерин айтышат. Бирок чынында эч ким эч нерсе албайт. Согушта үч жума гана тирүү болушуң мүмкүн. Бул жөн гана замбирек үчүн бекер жем", - дейт Чупик.
Чупиктин айтымында, акыркы эки-үч жылдын ичинде Орусия Украинадагы согушка чет элдиктерди тартуу ыкмасын өзгөрттү. Бул ыкма - мигранттарга атайлап баңгизат салып, түрмөгө камап, андан кийин согушка барууга аргасыз кылуу.
"Адамдар көбүнчө Telegram тиркемесиндеги тайпалар аркылуу курьерликке жалданат. Алар мөөр басылган буйрутмаларды жеткирүүгө туура келет. Акылдуу адамдар кайсы бир жерде же дааратканада калтырып кой деген буйрутмаларды кабыл албайт. Бирок терең ойлонбогондор аны кабыл алып атышат. Аларга буйрутманы тиешелүү жерге жеткирип, жашырып коюуну сунушташат. Бул үчүн жарытылуу акча деле төлөнбөйт, жеткирүү жана жашыруу үчүн 500 рублдан 1000 рублга чейин беребиз дешет. Ушундай болбогон акча үчүн кармалып калышат. Атайын полиция кызматкерлери буйрутма берип, аны кайра полициячылар кабыл ала турган же уюштурулган учурлар да болот. Мындай учурга адатта таксисттер кабылат. Алар буйрутманы полиция кызматкерилери берип жана ала турганын билбейт. Буйрутманы жеткирген учурда жарандык кийимчен полиция кызматкеринин колуна түшөт".
Украиналык журналист жана "Украина - Борбордук Азия" Telegram каналынын автору Григорий Пирлик Орусиянын коопсуздук күчтөрү көп жылдан бери чет элдик жарандарга баңгизаттарды таштап келе жатканын белгиледи:
"Орусия Украинага кол салганга чейин, башкача айтканда, Донбасстагы согуш башталып жатканда, украин жарандарына баңгизаттарды атайлап салып койгон учурлар кеңири таралган болчу. Алар Орусияда курьерлик жумуштарды сунушташкан. Украиндер анын кандай баштык экенин билишкен эмес, бирок кийин аларды орус полициясы кармап, баңгизат салынганы аныкталган. Демек, бул Орусия мурдатан колдонгон тажрыйба, аны алгач украин жарандарына колдонушкан. Азыр Борбор Азиянын жарандарына колдонулуп жатат", - деди журналист.
Үйүнө кайткан жаран
Орусияда соттолгон өзбекстандык жигиттин апасы Гүлшода балдары согушка тартылгандар аларды кайтаруугу жардам сурап, өзбек бийлигине кайрылганын маалымдады. Бирок алардан оң жооп боло элек.
"Бардык атканминерлер балдар өздөрү күнөөлүү деп айтып жатышат", - дейт ал.
Өзбекстанда 2026-жылга чейин согушка тартылгандардын арасында үйүнө кайткандар болгон эмес. Журналисттерге жакында бир учур маалым болду.
"Озодлик" өткөн жылдын октябрь айында Украинадан видео кайрылуу жиберген Сурхандарыя облусунун 23 жаштагы тургуну Акбар Курбоновду мекенине кайтарылганын тактады. Жигит согушка алданып барып калганын жар салган.
"Алар качууга аракет кылгандарды атып салышат". Биз аларга согушка баргыбыз келбей турганын айтканда, алар бизди сабап, мажбурлашат". Суранам, жардам бериңизчи! Мен сыяктуу азап чегип жаткандар көп. Мени менен кошо көптөгөн өзбектер бар, бир нечеси каза тапты".
Курбонов видеону апасына жөнөтүп, аны таратууну суранган. Кийинчерээк "Озодликке" кыскача маегинде ал 2024-жылдын июнь айында акча табуу үчүн Орусияга кетип, Набережные Челны шаарындагы автозаводго ишке киргенин айтып берген. 2025-жылдын август айында бейтааныш адамдар ага чалып, Ростов шаарындагы компанияда айдоочу болуп иштөөнү сунуштаганын, ал жакка барганда аскер комиссариатына алып барышып, документке кол койдурушканын, аны "айдоочулук келишим" деп түшүндүрүшкөнүн кошумчалаган. Иш жүзүндө Украинадагы согушка баруу тууралуу келишимге кол коюп, майданга жеткирилгенин билдирген.