Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

"Тирүүмүн, апа, бизди окко салышкан экен!". Уулу Украинада туткунга түшкөн эне бийликке кайрылды


"Азаттыктын" видеосунан сүрөт.
"Азаттыктын" видеосунан сүрөт.

мазмуну

  • Орусия тарапта согушуп, туткунга түшкөн кыргыз жарандары кимдер? Алар кимге керек?
  • Москва согуш туткундарын айырбаштоого канчалык кызыкдар?
  • Кыргыз бийлиги туткундагы жарандарын кантип коргой алат?

2025-жылы Украинада согушта туткунга түшкөн борборазиялыктардын саны соңку үч жылга караганда эки эсе көбөйдү. Учурда Украинада 100дөн ашуун борборазиялык жаран “согуш туткуну” деп кармалып турат. Алардын онго жакыны Кыргызстандын жарандары.

Украинада туткунда жаткан Айбек

"Менин апам орусча түшүнбөйт. Эгер ага кайрыла турган болсом, “Сарсанаа болбо, мен тирүүмүн, жакында үйгө барам”,-деп айтмакмын".

Украинада согуш туткундарынын лагерлеринин биринде отурган Айбек сөзүн ушинтип баштады.

“Азаттык” аны менен Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоорунун жардамы менен байланышка чыкты. Айбек ар бир сөзүндө Кыргызстанда калган энесин эстеп, ага тирүү, аман-эсен экенин жеткирүүнү өтүндү.

Женева конвенциясынын талаптарына ылайык, Айбектин толук аты-жөнүн жана жүзүн көрсөтүүгө болбойт.

Ал 23 жашта, Жалал-Абад облусунда туулуп-өскөн. “Азаттык” анын өтүнүчү менен жакындарын издеп тапты.

"Азаттыктын" кабарчысы Айбектин таенеси менен сүйлөшүп жатат.
"Азаттыктын" кабарчысы Айбектин таенеси менен сүйлөшүп жатат.

Биздин телефон чалуубузга жооп берген аял өзүн Айбектин таенеси деп тааныштырып, кызы каза болгонун айтты. Жумагүл Шадманова небересин өзү чоңойтконун, бир жылдан бери андан кабар жок экенин кошумчалады.

Биз Айбектин Украинада туткунда отурган сүрөтү менен видеосун жибергенден кийин гана туугандары чындап эле алардын уулу экенине ынанышты. Көз жашы тыйылбаган таенеси бир жагынан уулу тирүү экенине сүйүнсө, экинчи жагынан анын тагдырына сарсанаа болуп жатканын айтты.

Жумагүл Шадманова.
Жумагүл Шадманова.

"Сүрөтүн көрүп сүйүндүм, балам. Эрте жазда Орусияга кеткен бойдон көрө элекмин. Чынын айтсам, мен анын таенеси болом. Кызым 1979-жылы туулган эле, кийин өтүп кеткен. Айбек ошол кызымдын баласы. Бирок менин колумда чоңойгон. Ушулардан бир аз кеп уксам эле, өзүмчө кайгырып калам. Каякта болду экен, дареги качан чыгат экен деп санааркап жүрдүм".

Айбек туткунда отурганда тартылган видеодо 16 жашында, апасы тирүү кезинде, мектепти бүтө элек маалда Москвага кеткенин айткан. Орто билимди Орусияда алып, 2021-жылы Кыргызстанга келип, аскердик кызматын өтөгөн.

2023-жылы кайра Орусияга кеткен. Көп өтпөй апасы каза болуп, Айбек былтыр мекенине апасынын жылдыгына гана келип кеткенин сөз кылат.

"Согушка кантип бардың?" деген суроого ал быйыл жыл башында Орусиянын армиясы менен келишим түзгөнүн айтты.

"2025-жылдын 10-январында Орусиянын Коргоо министрлигине бардым. Кандай иш кыларымды сурашты. Айдоочу же башка жумуштар бар экен. Мен куруучу экенимди айттым. Алдыңкы сапка жибербейбиз дешти. Бирок андай болбой турганын билгем. Апама эч нерсе айтпай кеттим. Кийин мени “Авангардга” алып барып, ошол жерден келишимге кол койдурушту. Чынын айтсам, негизги себеби акча болчу. Ипотека, кредит, карыздар бар эле. Wildberries’те иштечүмүн, 3–4 жумушта иштеп жүрдүм. Ошентсе да акча жетпей жатты. Мага акча гана керек болчу".

Согушка киргенде Айбек биринчи тапшырма учурунда эле колго түшкөнүн айтты. Бул окуя бир нече ай мурда болгон. Ошол күнү командирлер аны менен кошо дагы бир аскерди алдыга сүрөп жөнөткөн экен.

"Тапшырмадан баш тартсаң 15 жылга чейин камайбыз” деп коркутушту. Биз анда артка жөнөткүлө дедик. Бирок адам калбай калганын айтып, мүмкүн эмес дешти. Командир “бекемдөөчү позицияга” барышыңар керек деди. Бардык. Үчөө мага курал кезеди, менин куралым ийнимде илинип турган. “Колуңду көтөр” дешти, көтөрдүм. Куралымды алып коюшту. Өнөктөшүм менен тапшырмада болчумун. Ошондо туткунга түшүп калдым. Эгер башынан чындыкты айтышса, тапшырмадан баш тартмакмын. Алар “ал жакта биздикилер” дешкен. Дрондор менен коштоп барышты. Баарын так өткөндөй болдук, бирок ал жакта биздикилер эмес экен. Чынын айтсам, бизди "окко салып беришкен". Эгер байланышка чыкпай калсак, ал жакта украиндер бар экенин билишмек".

Айбек согушта туткунга түшкөнү тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине да, Кыргызстандын бийлигине да кабар бере алган эмес.

Борбордон алыс, айылда жашаган Жумагүл Шадманова кантип, кайсы жол менен бөтөн жерде калган небересин аман-эсен алып калууну билбей турат. Айласы кеткен эне маркум кызынан калган жалгыз туягын мекенине кайтаруу үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине кайрылды.

"Урматтуу Садыр Жапаров, урматтуу генерал Камчыбек Ташиев, менин ушул неберем Орусияга иштегени кеткен бойдон жок болуп кетти. Көрсө, бейбаштык кылып, ушул азыркы учурда Украинада туткунда экен. Мага жардам бериңиздер. Апасы өтүп кеткен. Ушул эң чоң кызымдан калган бир бизге белек эле. Кантип кайтарууну билбейм. Сиздерден суранам",-деди аял.

Азырынча бир нече айдан бери Украинада лагерде отурган Айбектин кийинки тагдыры белгисиз. Ал орус армиясы менен согушка аттанып, туткунга түшкөн онго жакын кыргызстандыктын бири.

Учурда Украинада 100дөн ашуун борборазиялык жаран “согуш туткуну” деп кармалып турарын Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко билдирди:

Виталий Матвиенко
Виталий Матвиенко

"2025-жылдын 11 айында Украинада туткунга түшкөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын саны толук масштабда согуш башталгандан берки буга чейинки бардык мезгилге салыштырмалуу эки эсе көп болду. Кыргызстандын жарандарынын ичинен Орусиянын армиясы менен жыл сайын келишим түзгөндөрдүн саны үч эсе өстү: 2023-жылы 135 адам болсо, 2025-жылдын толук эмес мезгилинде 400гө жакын адамды түзгөн. Кыска даярдыктан кийин бардык чет элдиктер майданда алдыңкы катарга жөнөтүлүп, өлүмгө жиберилет. Чет элдик аскерлер туткунга да фронттун бардык багыттарында Днепр дарыясынын жээгинен тартып, Курск облусуна чейин түшүп жатат".

Женева конвенциясына ылайык, куралдуу жаңжал маалында каршы тараптын колуна түшкөн аскерлерге же согуштук аракеттерге түз же кыйыр катышкан адамга “согуш туткуну” деген макам берилет. “Согуш туткуну” деп таанылгандарды кыйноого, кордоого жана мыйзамсыз жазага тартууга жол берилбейт. Ошондой эле согуш туткундарынын аты-жөнүн, жүзүн жана жеке маалыматын алардын макулдугусуз ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

Журналист Адил Турдукулов лагерде кармалгандардын баарынын “мекениме аман-эсен кайтсам экен” деген тилеги көздөрүнөн көрүнөрүн айтат.

"Лагерде отуруу бул абдан эле ыңгайсыз. Алар сөзсүз түрдө мекенине кайтууну самайт, өз жакындарын абдан сагынат. Өз жоопкерчилигин сезип, көп жылга камалса деле Кыргызстанда, мекенинде жүрүүгө умтулат. Абалын билип туруп, аларды ошол туткундан чыгарып, Кыргызстанга алып келүү аракетин биз көрбөй жатабыз".

Украина менен Орусиянын ортосунда согуш туткундарын айырбаштоо процесси жабык форматта жүргүзүлөт. Эки тарап тең айырбаштала турган туткундардын тизмесин алдын ала жарыялабайт. Мындай тизмелер адатта аскердик жана коопсуздук себептеринен улам купуя сакталат. Айырбаштоо тууралуу чечим саясий сүйлөшүүлөргө, фронттогу кырдаалга жана тараптардын кызыкчылыгына жараша кабыл алынат. Кайсы туткун качан, кайсы алмашууга кирери көп учурда үй-бүлөлөргө да, коомчулукка да маалымдалбайт. Ошондуктан туткундагы жарандардын жакындары айлап, айрым учурда жылдап кабарсыз калат.

"Тилекке каршы, Орусия чет өлкөлүк жарандарды кайтарып алууга анчейин кызыкдар эмес жана аларды айырбаштоону активдүү сурабайт. Негизинен орус улутундагыларды кайтарууну артык көрөт. Ошондой эле туткун алмашуу орус аскерлери үчүн согуштан толук кайтуу дегенди билдирбейт. 2025-жылы туткундан бошотулгандан кийин төрт орус аскери кайрадан колго түшкөн. Алардын баары алмашуудан кийин кайра эле фронтко жөнөтүлүп, 20–60 күндүн ичинде кайрадан багынып беришкен. Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына келсек, Украина бул мамлекеттердин расмий өкүлдөрү менен диалог жүргүзүп жатат. Бизди эң оболу чөлкөмдө согушка азгыруунун жайылганы тынчсыздандырат жана ага каршы ал өлкөлөрдүн бийлиги активдүү, системалуу чара көрөт деп күтөбүз",- деп кошумчалады Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко.

Былтыр YouTube’дагы “Пленные СВО” деген украиналык каналга жарыяланган видеодо өзүн Алишер Турсунов деп тааныштырган киши Орусияга балдарына барган кезде көчөдөн полиция кармап, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн 57 жаштагы бул адам Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан болорун белгилеген.

“Азаттык” ал кезде Турсуновдун туугандарын таап, алар менен сүйлөшкөн.

Бир нече айдан кийин Алишер Турсунов туткун алмашуу тизмесине кирип, Орусияга өткөрүлгөн, бирок анын кийинки тагдыры азырынча беймаалым.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, туткун алмашуу аркылуу Орусияга кайтарылган мурдагы согуш туткундары бир айга чейин үй-бүлөсүнө жиберилбей, аларды коопсуздук күчтөрү суракка алат. Бул маалда аларга жакындары менен ченем-чендүү гана байланышууга уруксат берилет. Сурактан кийин көпчүлүк мурдагы туткундар кайра аскер бөлүктөрүнө же түз эле фронтко жөнөтүлөт.

Расмий Москва согуш туткундарын коргоодо Женева конвенциясынын шарттары сакталарын билдирип келет. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги бир нече жолу “туткундагы ар бир орус аскери мамлекет үчүн маанилүү” экенин жана аларды кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да белгилеген.

Мария Захарова.
Мария Захарова.

"Орусия Украина тарапка туткун алмашууда кайсы орусиялык согуш туткунун киргизүүнү өзү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул биздин позициябыз менен шартталган, анткени туткундан кайтарылган ар бир жоокер биз үчүн бирдей маанилүү. Биз аскерлерди динине, улутуна же аскердик бөлүгүнө карап бөлбөйбүз".

Украинада согушта туткунга түшкөн кыргызстандыктардын жакындары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине жана элчиликтерине же консулдуктарына кат жазып, жарандын дайынсыз же туткунда болушу мүмкүн экенин билдире алат. Мындай кайрылуулар расмий катталып, дипломатиялык каналдар аркылуу каралат.

Ошондой эле туткундар менен байланыш көп учурда эл аралык Кызыл Чырым комитети аркылуу жүргүзүлөт. Бирок бул жолдор туткунду түз эле алмашуу тизмесине киргизет дегенди билдирбейт. Туткун алмашуу процесси өлкөлөр ортосунда купуя жүрүп, чечимдер саясий жана аскердик сүйлөшүүлөрдөн көз каранды.

Бактияр Калпаев.
Бактияр Калпаев.

"Кыргызстандык жаштардын согушка катышып калган учурлары көбөйүүдө. Муну алдын алуу үчүн аларды Кыргызстанга кайтарып келүү иштерин тездетишибиз керек. Орусиянын түрмөлөрүндө жаткан мекендештерибизди экстрадиция жолу менен алып келүү согушка тартылууну алдын алат. Азыр элчиликтер кайрылууларга 14 иш күндүн ичинде жооп берет. Бул өтө узак мөөнөт. Ошондуктан жооп берүү мөөнөтүн беш иш күнүнө кыскартуу боюнча мыйзам сунуштадым. Бул демилге биринчи окуудан өттү",- деди Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев.

2022-жылдын февралында Москва Украинага согуш ачкандан бери орус тарапта согушкан же набыт болгон борборазиялыктардын так саны белгисиз.

Украинанын “Хочу жить” долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.

Кыргыз бийлиги өз жарандарынын бөтөн жердеги куралдуу чыр-чатактарга аралашуусун алдын алуу үчүн канчалык деңгээлде чечкиндүү кадамга барууга даяр? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев койду:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

"“Согушка аралашпагыла” деген ачык чакырыктар Кыргызстанда жетишсиз. Жаштар акча убадасына алданып, согуштун эмне экенин толук түшүнбөй кетип жатышат. “Бир аз барсаң, кайра кайтасың” дешет. Бул жалган. Көп учурда ал жактан сөөгү гана кайтып жатат. Ошондуктан биз коркпой туруп жаштарга ачык айтышыбыз керек: эч качан согушка макул болбогула, Кыргызстанда калып, согушсуз жашоону тандагыла".

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга катышуу оор кылмыш болуп эсептелет. Бул үчүн узак мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

 

XS
SM
MD
LG