Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:08

"Туткундагы атамды көрүп нес болдук". Оштон Орусияга барып, Украинада табылган Алишер


Украинада туткунга түшүп калган Алишер Турсунов аны Орусияда полиция кармап, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген.
Украинада туткунга түшүп калган Алишер Турсунов аны Орусияда полиция кармап, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген.

Өткөн апта соңунда кыргызстандык жаран Украинада туткунга түшкөнү тууралуу видео интернетке жарыялангандан кийин туугандары аны таанып, видеодогу киши Оштун тургуну экенин ырасташты. Алардын "Азаттыкка" айтымында, Алишер Турсуновду эки айдан бери издеп жатышкан. 

Орусияга балдарына учурашам деп кеткен 57 жаштагы Кыргызстандын жараны кантип Украинадагы согушка тартылып, кандай жагдайда колго түшүп калганы белгисиз.

Өзү көчөдө аны полиция кармап, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген. Орусияда мигранттар менен иштешкен укук коргоочулар ар кандай жагдайда согушка тартылып, Украинада туткунга түшүп калган кыргызстандык мигранттар тууралуу бир нече кайрылуу бар экенин билдирди. Кыргызстандын расмий органдары бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

"Атамды эки айдан бери издеп жүргөнбүз"

Өткөн аптада Ютубдагы “Пленные СВО” деген украиналык каналга жарыяланган видеодо өзүн Алишер Турсунов деп тааныштырган киши Орусияга балдарына барган учурда көчөдө аны полиция кармап, согушка мажбурлап алып кетишкенин айтып берген. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн 57 жаштагы киши өзү Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан болорун белгилеген. "Азаттык" видеодогу адамдын Ош шаарындагы туугандарын тапты.

Атын атабоону суранган келин украин армиясынын колуна түшкөн жаран алардын атасы экенин ырастап, эки айдан бери издеп жүрүшкөнүн айтты. Атасы туткунга түшүп калганы тууралуу маалыматты интернеттен көрүшкөнүн, ишенбей, нес болуп турушканын кошумчалады:

"Алгач интернеттен көрдүм. Башында ишенген жокмун. Кандай болуп кармалып калганын билген жокмун, нес болдум. Ал учурду айтып бере албайм. Биз өзү атамды издеп, барган жерде сураштырып жатканбыз. Видеону ошол жактагы (Орусиядагы - ред.) иним көрсөтүп, “атам ушундай болуп калыптыр, көрүңүз" деди.

Жакындарынын сөзүнө караганда, Алишер Турсунов Орусияда иштеген балдарынан кабар алуу үчүн март айында кеткен. Эки аптадан кийин Рязань шаарында эшикке дүкөнгө чыккан бойдон кайтып келген эмес. Бул шаарда Турсуновдун балдарынын бири иштейт экен.

"Иш табылып калса иштейм, болбосо аба алмаштырып келем деп кеткен. Ал жакта эки иним бар. Мурда дагы алар менен барып курулушта бир жылдай иштеп келген. Келгенде 23 жаштагы инимди үйлөнтүп, той кылабыз деген эле. Видеодо атам кичине арыктап, өзүн жоготуп калыптыр. Нес болуп өзү деле билбей жатат да. Аба алмаштырып келейин деп дүкөнгө чыккан экен, иним өзүм барам дегенге болбой коюптур. Ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан. Милицияга арыз жазылган эмес", - деди туткунга түшкөнү айтылган жарандын кызы.

"Согушка барууга мажбур болуп, көп өтпөй колго түштүм"

Кандай жагдайда кармалып, согушка барып калганы тууралуу "Пленные СВО" каналындагы видеодо Алишер Турсунов өз версиясын айтып берген. Анын сөзүнө караганда, Рязанда полицияга кармалгандан кийин аскердик келишимге кол коюуга мажбурлашып, бул үчүн акча, паспорт, аскердик билет убада кылган. Алишер Турсунов көзү жакшы көрбөгөндүктөн келишимде эмне жазылганын да окуй албаганын билдирген.

"Мен эки күн Рязанда баламдын үйүндө болгом. Ал мени конокко чакырган болчу. Көчөгө чыгып, дүкөнгө кирдим. Чыгып кетип баратсам полиция кармап алды. Мен ушул жерде эле экинчи кабатта жашай турганымды айтып, документтеримди алып чыгып көрсөтөм дедим. Полиция ага уруксат берген жок. Машинага салып, алып кетип калды. Мен полициянын бөлүмүндө эмес, жертөлөдө төрт күн жаттым. КПЗ деп коёт экен. Ал жерден тамак-аш түгүл, суу да берилген жок. Ал жерде аба жетпей кыйналып, өлөйүн деп калдым. Ошондо мен макул болдум, мени жалгыз аскер комиссариатына келишимге кол коюуга алып кетишти", - деген туткунда экенин айткан киши.

Видеодо Турсунов келишимге кол койгондон кийин аны машыгуу талаасына жеткиришкенин, ал жерде үч күн атайын даярдыктан өткөнүн айтып берген. Соңунда согушка өз каалоосу менен барбаганын белгилеп, кыргыз бийлигинен мекенине кайтарууга жардам сураган.

Бул видео качан жана кайда тартылганын тактоого мүмкүн болгон жок. Кыргызстандын тийиштүү органдары бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

"Апам баласын күндө сурайт"

Алишер Турсуновдун бир тууганы агасынын туткунга түшүп калганын укканда катуу санаага батканын айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Орусияга агасын өзү узатып, машинага салып келген экен. Ал аскердик, дене тарбия жагынан даярдыгы жок, пенсиядагы адамдын согуш талаасына барып калганына таң калып бүтө албай жатат:

"Алгач көргөндө аябай стресс болдум, аны айтып бериш абдан кыйын. Аны өзүм гана билем. Бул нерсени кабыл ала алган жокмун. Кантип ушундай болуп калды деп таң калдым. Кантип барып калды, өзү пенсионер болсо, ага жарай турган адам болбосо, кантип барып калат деген ойлор ичимди жеп салды. Апам карып калган, ал билип калса эмне болот деп кыжалат болдум. Апам "агаң кандай жүрөт экен, жакшыбы?" деп менден дайыма сурап турат. Агам мага жакын эле, башкага айтпаса дагы сырын мага айтчу. Абдан кичи пейил. Азыр кошуналар укса деле ишенбейт анын согушка кетип калганына. Мурда көп ичкендиктен наркология борборунда дарыланып турчу. Ошого байланыштуу каттоодо дагы турат. Бирок башкага жамандыгы жок эле".

Турсуновдун иниси видеону көргөндөн кийин бир тууганы катуу кыйналган болушу ыктымал деп эсептейт.

"Бул жактан кетип жатканда башкача абалда эле. Арыктап, жарымы эле калыптыр. Өзү дагы бир күн жертөлөдө жаттым, анан туткунга түшүп калдым деп айтып жатат. Колго түшкөндөн кийин дагы кандай абалда болгонун бир Кудай билет. Аны элестетүү кыйын. Агам кичи пейил, жакшы адам. Адашып барып калды. Таң кала турган нерсе... Аны кайсы ниетте жөнөткөн билбейм. Согушка жөнөтөр алдында физикалык абалын карайт го, ал пенсионер болсо, даярдыгы жок болсо, элестетүү кыйын..."

Алишер Турсуновдун бир туугандары кыргыз бийлигине кайрылып, туткундан бошотуп алып келүүгө жардам берүүсүн суранышты.

"Туткунда деген кайрылуулар көбөйдү"

Алишер Турсуновдун видеосунан мурдарак “Пленные СВО” Ютуб каналында тажикстандык мигранттын туткунга түшкөнү тууралуу видео чыккан эле.

Буга чейин Украинанын согуш талааларында кыргыз паспорту табылган учурлар бар экени, алардын айрымдары туткунда болушу ыктымалдыгы айтылган. Коопсуздуктан улам атын атай албаган Орусиядагы укук коргоочу орус күчтөрүнүн катарында согушуп, Украинада туткунга түшкөн учурлар ачыкка чыга баштаганын "Азаттыкка" билдирди. Анда жакындары украин армиясынын колунда туткунда экенин айткан ондой адамдын кайрылуусу бар.

"Бизге буга чейин согуш талаасына каза болуп, компенсация ала албай жаткандар тууралуу кайрылышат эле. Акыркы учурда туткунга түшүп калгандардын жакындары кайрыла баштады. Аларга маселени кандай чечсе болорун айтып жатабыз. Эгер туткунга түшүп калса, Орусиянын макулдугу менен украиналык аскерлерге айырбаштап, кайра ошол өлкөнүн аймагына киргизип кетсе болот. Туткунга түшкөн адам Орусияга кайткысы келбесе, башпаанек сурап, Европа өлкөлөрүнө дагы чыгып кете алат. Азыр болжол менен бизге жакындары туткунга түшүп калганы боюнча 10го жакын киши кайрылган. Орусияда бир топ катаал мыйзамдар кабыл алынып күчүнө кирген. Ал жакты полициялык өлкө деп айтсак дагы болот. Биринчиден, мигранттардын туугандары өздөрү кол коюп берген кагаздын негизинде, бийликтин басымынын астында мындай маалыматтарды берүүдөн качышат. Экинчиден, Орусияда туткунга түшкөн адамды алмаштыруу процесси өтө жашыруун өтөт экен. Эгер ал адам тууралуу маалымат ачыкка чыгып кетсе, айырбаштоодон баш тарткан учурлар дагы кездешет. Бизге бир жараныбыз кайрылган. Анын бир тууганы Орусияда жүрүп, Украинадагы согушка катышкан экен. Кылмышка кириптер болуп калып, Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбур болгон. Ошентип согушка катышып келген, бирок Кыргызстанга келүүдөн корккон. Экинчи жолу согушка тартылып, согуш талаасынан колго түшүп калган. Жакындары бизге алмашуу фондуна койдуруп, аскерлерди айырбаштоо боюнча жардам сурап кайрылган. Азырынча бул маселе каралууда. Биз Орусиянын Коргоо министрлигине кайрылганбыз. Ошондо украин аскерине айырбаштоо тууралуу сөз болгон", - деди укук коргоочу.

Орусияда кылмыш кылып абакта жаткан айрым борборазиялыктар согушка барууну эркиндикке чыгуунун бирден бир жолу катары көрүшөт. Бирок бул маселени чечүүдөн же сот жообунан качуудан куткара албай турганын жогорудагы бир нече мисал көрсөтүп жатат.

Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган учурлар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Украинада согушта набыт кеткендердин көбү орус түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар экени белгилүү болгон. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы жана канчасы каза болуп, туткунга түшкөнү тууралуу маалымат жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси менен (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG