Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Бишкекте дагы бир өспүрүм кыз дайынсыз болууда

Бишкек. Иллюстрация сүрөт.
Бишкек. Иллюстрация сүрөт.

15 жаштагы Элдана Мамбеталиева 15-февралда Бишкектин Ак-Бата жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кыздын жоголгонун милицияга ата-энеси 23-февралда маалымдаган.

Андан бир күн мурун - 22-февралда Элдананын Айгүл аттуу курбусу жоголгону кабарланган.

Милиция өспүрүм кыздардын дайынын билгендер болсо 102 номуру аркылуу кабарлап коюуну суранууда.

Бишкек ШИИБ 23-февралда 20-январдан берки аралыкта Бишкекте 15, 16, 17 жана 18 жаштагы сегиз өспүрүм: беш кыз, үч улан дайынсыз жок болуп жатканын кабарлаган. Алардын ичинен алтоо борбор калаадагы "Ак ниет" балдар үйүнүн тарбиялануучулары экени айтылган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG