Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү атып түшүрүлүүдө

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү атып түшүрүү учуру. 23-февраль, 2026-жыл.
Бишкек-Ош жолунда кар көчкү атып түшүрүү учуру. 23-февраль, 2026-жыл.

23-28-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу жолдорунда: Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Өтмөк тилкесинде, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусу менен Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкү жүрүү коркунучу жогорулайт. Буга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушул күндөрү кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.

Министрлик жарандарды зарылчылыгы жок болсо алыскы жолго чыкпай турууга жана кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Бүгүн 24-февралга карата өлкө аймагындагы авто жолдордогу абал туруктуу. Каттам бар, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык.

Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолдордо кар тазалоо, кум-шагыл чачып, кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышканы кабарланды.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG