Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Алагөзов Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөй турганын айтты

Манас шаарынын администрациялык имараты. 31-август, 2025-жыл.
Манас шаарынын администрациялык имараты. 31-август, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын аталышы тууралуу жоромолдорго чекит койду. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу шаардын аталышы Манас бойдон каларын билдирди.

"Соцтармакта айрымдардын Жалал-Абад облусунун Манас шаары мурунку аталышын алат экен деген өңдүү маалыматтары чындыкка дал келбейт. Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат", - деп жазды маалымат катчы.

Жалал-Абад шаары 2025-жылы сентябрь айында Манас шаары болуп өзгөртүлгөн. Демилгени ошол кездеги шаар башчысы Эрнисбек Ормоков көтөрүп, шаардык кеңеш колдоп берген. Көп өтпөй эле Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун чукул кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров 17-сентябрда кол койгон. Мыйзам 27-сентябрь күнү күчүнө кирип, ошол күн шаар күнү катары белгиленген.

Бир айдан кийин Манас шаарынын макамы облус борборунан республикалык деңгээлге көтөрүлгөн.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамга кол коюлгандан кийин шаарды Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айткан. Кызматынан 10-февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен алынган соң Ташиевдин орун басарлары, бир катар министрлер, мамлекеттик кызматкерлер, Ош, Манас шаарларынын мэрлери да кызматынан алынды. Ташиев өзү кызматтан кетери тууралуу кабар өтө күтүүсүз болгонун билдирген.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуш жүрдү. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Расмий маалыматка ылайык, учурда шаардын калкы 184 миңден ашуун.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG