Борбордук шайлоо комиссиясы 24-февралдагы жыйынында №14 шайлоо округунан талапкер Райимберди Дүйшөнбиевге жана №15 округдан Жайлообай Нышановго мандат тапшырды.
Кундузбек Сулаймановдун ордуна мандат алган 51 жаштагы Дүйшөнбиев Ноокен районунун Бүргөндү айылында туулган. Казакстандын Алматы жогорку чек ара командалык окуу жайын (1995-ж.), Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара академиясын (2007-ж.) аяктаган.
2011-жылы Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, 2013-жылдан тартып ошол эле кызматтын башчысы болуп иштеген.
2016-2020-жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башчы штабынын башчысы болгон.
Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна парламентке келген Жайлообай Нышанов 57 жашта, ал Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган. Кесиби боюнча экономист. 1995-1997-жылдары Чаткал райондук администрациясында адис болуп иштеген. 2022-жылы “Манас” ачык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси болгон. 2024-жылы Жалал-Абад аэропортунун башчысы болуп иштеген.
Тургунбек уулу 19-февралда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, ден соолугуна байланыштуу мандатын тапшырып жатканын жазган. Андан бир апта мурда Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын да тапшырган.
23-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Кундузбек Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде жокко чыгарды. Сулайманов мындай кадамга коомдогу күчөп жаткан талаш-тартыштан улам барганын түшүндүргөн.
Парламенттеги мындай өзгөрүүлөр 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин орун алды.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келип, 17-февралда кайра чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Шерине